Редакцияот 01.06.2007
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики
Бишкек шаары, Өкмөт үйү2007-жылдын 1-июну № 126              КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН БУЙРУГУ    “Жергиликтүү   өзалдынча  башкаруу  жана  жергиликтүү   мамлекеттикадминистрациялар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына  жана  анынченемдерине негизделген Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык:      1.  2007-жылдын 11-июнуна Кыргыз Республикасынын Ысыккөл  облусунунКаракол  шаарынын  жана  2007-жылдын 12-июнуна Кыргыз  РеспубликасынынЫсыккөл облусунун Балыкчы шаарынын мэрлерин шайлоо дайындалсын.      2.  Кыргыз  Республикасынын Ысыккөл облусунун Каракол жана  Балыкчышаарларынын  мэрлериннн  кызмат орундарына талапкерлерди  сунуш  кылуубоюнча   Кыргыз  Республикасынын  Президентинин  өкүлү  болуп   КыргызРеспубликасынын Президентинин Администрациясынын уюштуруу  иштер  жанамамлекеттик башкаруу саясаты бөлүмүнүн мамлекеттик инспектору  БакашевМирадил Амангелдиевич дайындалсын.      3.  Кыргыз  Республикасынын Шайлоо жана референдум  өткөрүү  боюнчаБорбордук  комиссиясы  Каракол жана Балыкчы  шаардык  кењештери  мененбирдикте Кыргыз Республикасынын Ысыккөл облусунун Каракол жана Балыкчышаарларынын   мэрлерин   шайлоону  өткөрүүнү  Кыргыз   Республикасынынмыйзамына ылайык уюштурсун.      4.  Бүл  буйруктун  аткарылышына контролдук  кылуу  милдети  КыргызРеспубликасынын Президентинин Администрациясынын уюштуруу  иштер  жанамамлекеттик башкаруу саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн.      Кыргыз Республикасынын   Президенти                                    К.Бакиев