РаспоряжениеКүчүн жоготту

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 18-июнундагы №136 буйругу

Редакция
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КР Президентинин 2022-жылдын 28-декабрындагы ПТ N 249 тескемесине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2007-жылдын 18-июну №136

 

        КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН БУЙРУГУ

 

   Маалыматтык   коопсуздукту   камсыз   кылуу    чөйрөсүндө

макулдашылган   чараларды  иштеп  чыгуу  жана   кабыл   алуу

маселелеринде     республиканын     министрликтери     менен

ведомстволорунун ишин координациялоо максатында:

   1.   №1  тиркемеге  ылайык  кызмат  орду  боюнча  курамда

маалыматтык  коопсуздукту  камсыз  кылуу  маселелери  боюнча

Ведомстволор аралык комиссия түзүлсүн.

   2.   Маалыматтык  коопсуздукту  камсыз  кылуу  маселелери

боюнча  Ведомстволор аралык комиссия жөнүндө тиркелген  Жобо

бекитилсин (№2 тиркеме).

   3.    Кыргыз   Республикасынын   Улуттук   коопсуздугунун

мамлекеттик комитети аталган Ведомстволор аралык комиссиянын

аткаруучу  органы болуп санала тургандыгы жана жыйналыштарды

уюштуруу  жана  өткөрүү маселесин кошуп  алганда  анын  ишин

камсыз кыла тургандыгы белгиленсин.

   4.  Бул  буйруктун аткарылышына контролдук кылуу  милдети

Кыргыз   Республикасынын  Коопсуздук  кењешинин   аппаратына

жүктөлсүн.

   5. Бул буйрук кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

   Кыргыз Республикасынын

   Президенти                                   К.Бакиев

 

                                     Кыргыз Республикасынын

                                          Президентинин

                                     2007-жылдын 18 юнундагы

                                          № 136 буйругунун

                                          №1 тиркемеси

                                             

        Маалыматтык коопсуздукту камсыз кылуу

       маселелери боюнча Ведомстволор аралык

              комиссиянын КУРАМЫ

                                  

   Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кењешинин катчысы - Комис

сиянын төрагасы

   Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздугунун   мамлекеттик

комитетинин төрагасы - Комиссиянын төрагасынын орунбасары

   Кыргыз  Республикасынын  Транспорт   жана   коммуникациялар 

министри  - Комиссиянын төрагасынын орунбасары

   Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздугунун   мамлекеттик

комитетинин кызматкери - Комиссиянын жооптуу катчысы

  

              Комиссиянын мүчөлөрү:

                                  

   Кыргыз Республикасынын коргоо министринин биринчи орунбасары 

- Башкы штабдын начальниги

   Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин орунбасары

   Кыргыз Республикасынын юстиция министринин орунбасары

   Кыргыз Республикасынын финансы министринин орунбасары

   Кыргыз Республикасынын тышкы  иштер  министрлигинин  статс -

катчысы

   Кыргыз Республикасынын маданият  жана  маалымат  министринин

орунбасары

   Кыргыз  Республикасынын  өнөр   жай,  энергетика  жана  отун 

ресурстары министринин орунбасары

   Кыргыз Республикасынын  Улуттук  банкынын  төрагасынын орун-

басары

   Кыргыз Республикасынын Улуттук байланыш  агенттигинин дирек-

торунун орунбасары

   Кыргыз  Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Маалыматтык  ресу-

рстар  жана технологиялар мамлекеттик агенттигинин директорунун

орунбасары

   Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар минис-

трлигинин байланыш  жана маалыматташтыруу башкармасынын началь-

ниги