№2 тиркеме Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 18 июнундагы №136 буйругу менен бекитилген Маалыматтык коопсуздукту камсыз кылуу маселелери боюнча Ведомстволор аралык комиссия жөнүндө ЖОБО 1. Маалыматтык коопсуздукту камсыз кылуу маселелери боюнчаВедомстволор аралык комиссия (мындан ары - Комиссия) маалыматтыккоопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндө таламдаш мамлекеттик органдардынмакулдашылган аракеттерин камсыз кылуу максатында түзүлгөн туруктууиштөөчү координациялык жана консультациялык орган болуп саналат. 2. Комиссия өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын жанамыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыктарын жанабуйруктарын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдорун жанабуйруктарын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен белгиленгентартипте күчүнө кирген эларалык макулдашууларды, КыргызРеспубликасынын башка ченемдик укуктук актыларын жана ушул Жобонужетекчиликке алат. 3. Комиссиянын ишинин максаты маалыматтык коопсуздукту камсыз кылуужана мамлекеттик сырларды коргоо, жарандардын, коомдун жанамамлекеттик укуктарын жана мыйзамдуу таламдарын коргоону камсыз кылуучөйрөсөндө Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын натыйжалууөзара аракеттенишин жана ишин координациялоону уюштуруу болуп саналат. 4. Комиссиянын негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат: - маалыматтык коопсуздукту камсыз кылууга жана мамлекеттик сырлардыкоргоого багытталган концепцияларды, мамлекеттик максаттуупрограммаларды белгиленген тартипте иштеп чыгуу жана кароо, булчөйрөдө мыйзамдардын жана башка ченемдик укуктук актылардындолбоорлорун иштеп чыгууну уюштуруу; - маалыматтык коопсуздук жана мамлекеттик сырларды коргоочөйрөсүндө кырдаалдын өнүгүшүнүн динамикасын талдоо жана божомолдоо,бул чөйрөдө мамлекеттин саясатынын негизги багыттары боюнча КыргызРеспубликасынын Президентине, Өкмөткө жана Коопсуздук кењешине сунушкиргизүү; - Кыргыз Республикасынын маалыматтык коопсуздугун камсыз кылуужагында мамлекеттик саясаттын негизги жоболору менен маалыматтыккоопсуздук системасын түзүү жана өркүндөтүү маселелери боюнча уюштуруу-усулдук сунуштарды даярдоо; - маалыматтык коопсуздукка ички жана тышкы коркунучтарды табуу жанабаа берүү жана аларды болтурбоо боюнча сунуштарды даярдоо; - кадрларды даярдоо, ошондой эле маалыматтык коопсуздукту камсызкылуу жагында финансылоого тиешелүү маселелер боюнча сунуштарды кароо. 5. Комиссия ага жүктөлгөн милдеттерди аткаруу максатында: - маалыматтык коопсуздукту камсыз кылуу жана мамлекеттик сырлардыкоргоо чөйрөсүндө таламдаш мамлекеттик органдардын өзара аракеттенишинуюштуруу, координациялоо жана өркүндөтүүнү камсыз кылуу үчүн зарылболгон чечимдерди кабыл алат; - маалыматтык коопсуздукту камсыз кылуу жана мамлекеттик сырлардыкоргоо маселелери боюнча сунуштарды өз убагында даярдоо үчүн (таламдашмамлекеттик органдардын сунушу боюнча) жумушту топторду түзөт жана алтоптордун милдетин жана иштөө тартибин аныктайт; - өз компетенциясынын чегинде мамлекеттик маалыматтык ресурстарданпайдаланган таламдаш мамлекеттик органдар, жергиликтүү өзалдынчабашкаруу органдары, коомдук бирикмелер жана менчигинин түрүнөкарабастан башка уюмдар менен өзара аракеттенүүнү уюштурат, аныничинде алардан белгиленген тартипте Комиссиянын компетенциясынатиешелүү маселелер боюнча маалыматтарды суратат жана Комиссиянын ишинекатышууга ал органдардын кызмат адамдарын чакырат; - маалыматтык коопсуздукту камсыз кылуунун жана мамлекеттиксырларды коргоонун натыйжалуулугуна учурдагы мониторинг жүргүзүүмаксатында маалыматтык-талдоо, усулдук материалдарды жана божомолдордудаярдоону уюштурат; - зарыл болгон учурда таламдаш мамлекеттик органдардын жанаКомиссиянын курамына кирбеген уюмдардын өкүлдөрүнүн катышуусу мененкењейтилген жыйналыштарды өткөрөт, ошондой эле тажрыйба жана зарылмаалыматтарды алмашуу максатында атайын ведомстволор аралыксеминарларды жана кењешмелерди уюштурат; - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимин талап кылган Комиссиянынкомпетенциясына кирген маселелер боюнча белгиленген тартипте КыргызРеспубликасынын Өкмөтүнө сунуштарды киргизет; - ага жүктөлгөн милдеттерге ылайык жана өз компетенциясынын чегиндеКомиссиянын чечимдеринин жүзөгө ашырылышына мониторинг жүргүзөт. 6. Комиссия төмөнкү мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнүн курамынан(жетекчилердин же жетекчилердин орунбасарларынын дењгээлинде) түзүлөт: Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздугунун мамлекеттиккомитети; Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги; Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги; Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги; Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги; Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги; Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги(байланыш жана маалыматташтыруу башкармасынын начальниги); Кыргыз Республикасынын Маданият жана маалымат министрлиги; Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана отун ресурстарыминистрлиги; Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы; Кыргыз Республикасынын Улуттук байланыш агенттиги; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Маалыматтык ресурстар жанатехнология мамлекеттик агенттиги. Комиссиянын курамына Кыргыз Республикасынын ПрезидентининАдминистрациясынын, Өкмөтүнүн жана Коопсуздук кењешинин аппараттарынынөкүлдөрү кириши мүмкүн, аларды ушул органдардын жетекчилери аныктайт. 7. Комиссиянын төрагасы кызматы боюнча Кыргыз РеспубликасынынКоопсуздук кењешинин катчысы, анын орунбасарлары - КыргызРеспубликасынын Улуттук коопсуздугунун мамлекеттик комитетининтөрагасы жана Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникацияларминистри болуп саналат. Комиссиянын төрагасы: - Комиссиянын ишине жалпы жетекчилик кылат жана Комиссиягажүктөлгөн милдеттердин аткарылышы үчүн жеке жооп берет; - Комиссиянын жыйналыштарына жетекчилик кылат; - таламдаш мамлекеттик органдардын сунушу боюнча Комиссиянынжумушчу топторунун курамдарын бекитет; - Комиссиянын мүчөлөрү менен макулдашуу боюнча Комиссияныништеринин пландарын жана жыйналыштарынын күн тартибин бекитет. Комиссиянын төрагасы Улуттук коопсуздуктун мамлекеттик комитетининтөрагасынын сунушу боюнча ушул Мамкомитеттин кызматкерлеринин ичиненКомиссиянын жооптуу катчысын дайындайт. 8. Комиссиянын жооптуу катчысы: - Комиссиянын жыйналыштарын даярдоону уюштурат; Комиссиянын ишинин планынын долбоорлорун, анын жыйналыштарынын күнтартибинин долбоорлорун даярдоону камсыз кылат, Комиссиянынжыйналыштарына материалдарды жана чечимдерди даярдоону уюштурат; - Комиссиянын жыйналыштарын өткөрүү датасы, орду жана убактысыжөнүндө жана Комиссиянын жыйналышынын күн тартибине киргизилгенмаселелер жөнүндө маалыматты Комиссиянын мүчөлөрүнө Комиссиянынжыйналышы өткөрүлө турган күнгө чейин 10 жумушчу күндөн кечикпегенмөөнөттө камсыз кылат; Комиссиянын жыйналыштарын даярдоо үчүн зарыл болгон материалдардыалат, алар Комиссияга компетенциясына күн тартип маселелери киргенталамдаш мамлекеттик органдары тарабынан Комиссиянын жыйналышынөткөрүү күнүнө чейин беш күндөн кечиктирбестен тиешелүү түрдөминистрдин же анын орунбасарынын, кызматтын жетекчисинин же анынорунбасарынын колу коюулуу менен расмий бланкта жазуу жүзүндө берилет; - Комиссиянын төрагасынын же анын орунбасарынын тапшыруусу боюнчабашка милдеттерди аткарат. 9. Комиссиянын ишин уюштуруу-техникалык жактан камсыз кылуунуКыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздугунун мамлекеттик комитетижүзөгө ашырат. 10. Комиссиянын жеке курамы Кыргыз Республикасынын Президентининбуйругу менен бекитилет. 11. Комиссиянын мүчөлөрү: - Комиссиянын төрагасына Комиссиянын ишинин планы, Комиссиянынжыйналыштарынын күн тартиби жана Комиссиянын жыйналыштарындамаселелерди талкуулоо тартиби боюнча сунуштарды киргизет; Комиссиянын жыйналыштарына материалдарды, ошондой эле Комиссиянынчечимдеринин долбоорлорун даярдоого катышат; - Комиссиянын жыйналыштарына катышат жана каралып жаткан маселердиталкуулоого жана чечимдерди иштеп чыгууга катышат; - Комиссиянын жыйналышына катышуу мүмкүн болбогон учурда булжөнүндө Комиссиянын жооптуу катчысына күн мурунтан билдирет; - зарылчылык болгон учурда Комиссиянын жыйналышынын күн тартибининмаселелери боюнча өз пикирин жазуу жүзүндө Комиссиянын жооптуукатчысына жөнөтөт. 12. Комиссиянын жыйналыштары таламдаш мамлекеттик органдардынсунуштарынын негизинде Комиссиянын төрагасы беките турган анын иш-планына ылайык, бирок үч айда кеминде бир жолу өткөрүлөт жана, эгердеага Комиссиянын мүчөлөрүнүн кеминде жарымы катышкан учурда, чечимкабыл алууга укуктуу деп эсептелет. Таламдаш мамлекеттик органдардын демилгеси боюнча жана Комиссиянынтөрагасынын чечимдери боюнча Комиссиянын кезексиз жыйналыштарыөткөрүлүшү мүмкүн. Комиссиянын жыйналыштарын - Комиссиянын төрагасы, ал эми ал жоктоКомиссиянын төрагасынын орунбасары өткөрөт. Комиссиянын мүчөлөрүнүн добуштары тењ болгон учурда жыйналыштатөрагалык кылган адамдын добушу чечүүчү добуш болуп саналат. Комиссиянын чечими протокол менен толтурулат, ага Комиссиянынтөрагасы же анын жыйналышта төрагалык кылган орунбасары жанаКомиссиянын жооптуу катчысы кол коет. 14. Комиссиянын жыйналыштарынын протоколдорунун көчүрмөлөрү(протоколдордон үзүндүлөр) Комиссиянын мүчөлөрүнүн, таламдашмамлекеттик органдардын дарегине он күндүк мөөнөттө жөнөтүлөт. 15. Таламдаш мамлекеттик органдардын жана Комиссиянын курамынакирбеген уюмдардын өкүлдөрүнүн катышуусу менен кењейтилген жыйналышөткөргөн учурда Комиссиянын жыйналышын өткөрүү датасы, орду жанаубактысы жөнүндө жана Комиссиянын жыйналышынын күн тартибинекиргизилген маселелер жөнүндө маалымат Комиссиянын төрагасынын же анынорунбасарынын колу коюулуу менен жазуу жүзүндө тиешелүү таламдашмамлекеттик органдарга жана уюмдарга жеткирилет.