Загрузка документа…
КР 2021-жылдын 31-декабрындагы ПТ № 265 буйругуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2007-жылдын 9-июлу № 152
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН БУЙРУГУ
Райондук мамлекеттик администрация башчыларынын орунбасарларын,
облустук жана райондук мамлекеттик администрациялардын аппарат жетекчи-
лерин, жетектөөчү адистерин региондорду социалдык-экономикалык жактан
өнүктүрүү маселелерин чечүү боюнча окутуу максатында:
1. Райондук мамлекеттик администрация башчыларынын орунбасарларын,
облустук жана райондук мамлекеттик администрациялардын аппарат жетекчи-
лерин, жетектөөчү адистерин окутуу жана квалификациясын жогорулатуунун
үч күндүк курстары өткөрүлсүн:
- Чүй, Нарын, Ысыккөл жана Талас облустары жана Бишкек шаары
2007-жылдын 19-21-июлунда Бишкек шаарында № 1 тиркемеге ылайык;
- Ош, Жалалабат жана Баткен облустары жана Ош шаары 2007-жылдын
26-28-июлунда Ош шаарында № 2 тиркемеге ылайык.
2. Облустук мамлекеттик администрация башчылары кыска мөөнөттүү
курска чакырылгандардын бардыгынын катышуусун камсыз кылууга, ошондой
эле башка уюштуруу маселелерин чечүүгө зарыл көмөк көрсөтсүн.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аталган окууну 2007-жылга Кыргыз
Республикасынын Президентине караштуу башкаруу Академиясынын алдындагы
мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын квалификациясын жогорула-
туу жана кайра даярдоо Борборунун каражаттарынын эсебинен финансылык
камсыз кылуу маселесин чечсин.
4. Окутуу, окуу процессин усулдук жана материалдык-техникалык жак-
тан камсыз кылуу Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу башкаруу
Академиясына жүктөлсүн.
5. Бул буйруктун аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Рес-
публикасынын Президентинин Администрациясынын уюштуруу иштер жана мам-
лекеттик башкаруу саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев