Загрузка документа…
КР 2021-жылдын 31-декабрындагы ПТ № 265 буйругуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2007-жылдын 12-июлу № 157
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН БУЙРУГУ
Мињжылдык чакырыктар Корпорациясынын Босоголук программасы боюнча
Кыргыз Республикасынын Концепциясын жүзөгө ашыруу боюнча аракеттенүү
Планын турмушка ашырууну камсыз кылуу боюнча Кењештеги кадрдык орун ко-
торуштурууларга байланыштуу токтом кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 7-февралындагы
№ 19 буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 1-пункт төмөнкү редакцияда баяндалсын:
-"1. Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Же-
текчиси Садыркулов Медет Чаканович мињжылдык чакырыктар Корпорациясы
менен кызматташуу боюнча Кыргыз Республикасынын улуттук координатору
болуп дайындалсын.";
- жогоруда аталган буйрук менен түзүлгөн Мињжылдык чакырыктар Кор-
порациясынын Босоголук программасы боюнча Кыргыз Республикасынын Кон-
цепциясын жүзөгө ашыруу боюнча аракеттенүү Планын турмушка ашырууну
камсыз кылуу боюнча Кењештин курамында:
"Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчи-
синин биринчи орунбасары - Кыргыз Республикасынын Президентинин Адми-
нистрациясынын уюштуруу иштер жана мамлекеттик башкаруу саясаты
бөлүмүнүн башчысы" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Президентинин
Администрациясынын Жетекчиси" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
Кењештин курамынан К.Т.Конгантиев, Т.Ж.Султанбаев, Т.Э.Карабаев
чыгарылсын;
Кењештин курамына,
- Кыргыз Республикасынын өкүлдөрүнөн Кыргыз Республикасынын Башкы
прокурору Сатыбалдиев Эльмурза Ракиевич, Кыргыз Республикасынын Прези-
дентинин Администрациясынын Жетекчисинин орунбасары Алыбаев Айбек Таши-
бекович, Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын тышкы
саясат бөлүмүнүн башчысы Рыскулов Ислан Абдыбачаевич, Кыргыз Республи-
касынын Жогорку Кењешинин депутаты Сабиров Алишер Ахмедович (макулдашуу
боюнча), Конституциялык саясат институтунун директору Садыков Нурлан
(макулдашуу боюнча);
- Кыргыз Республикасында аккредиттелген эларалык уюмдардын жана
дипломатиялык өкүлчүлүктөрдөн Кыргыз Республикасындагы ЮСАИДдин башчысы
Пэт Шапиру киргизилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 9-январындагы
N 1 буйругу күчүн жоготту деп табылсын.
Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев