Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

                          КР Президентинин

            2022-жылдын 22-майындагы № 89 тескемесине ылайык                            КҮЧҮН ЖОГОТТУ

 

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2007-жылдын 6-августу ПБ № 165

 

             КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН БУЙРУГУ

 

     Европалык Шериктештик  менен  Кыргыз  Республикасынын  ортосундагы

өнөктөштүк жана кызматташтык жөнүндө 1995-жылдын 9-февралындагы  Макул-

дашуунун  алкагында  Кыргызстанда Европалык университетти түзүү жөнүндө

долбоордук сунушту даярдоо максатында,  ошондой эле Болонья процессинин

алкагында   жогорку  билим  берүү  жагынан  интеграциялык  процесстерди

өнүктүрүүгө Европалык Комиссиянын таламдаштыгын эске алып:

     1. Кыргызстанда  Европалык  университетти  түзүү боюнча долбоордук

сунушту даярдоо боюнча жумушчу топ төмөнкүдөй курамда түзүлсүн:

     Мадумаров Адахан   - Кыргыз Республикасынын  Мамлекеттик  катчысы,

     Кимсанбаевич         жумушчу топтун жетекчиси;

     Осмоналиев Каныбек - Кыргыз  Республикасынын билим берүү жана илим

     Осмоналиевич         министри, жумушчу топтун жетекчисинин орунба-

                          сары;

     Абдиева Марипа     - Кыргыз  Республикасынын  Президентинин  Адми-

     Төлөмүшовна          нистрациясынын экономикалык   жана  социалдык

                          саясат бөлүмүнүн социалдык жана гендердик са-

                          ясат секторунун башчысы;

     Эсенкулов Нурмамат - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн  Аппаратынын

     Жокенович            билим берүү,  маданият  жана  спорт бөлүмүнүн

                          башчысы;

     Ибраимов Эрмек     - Кыргыз  Республикасынын тышкы иштер министри-

     Султанович           нин орунбасары;

     Рыскулуева Фарида  - Кыргыз  Республикасынын Билим берүү жана илим

     Имашевна             министрлигинин стратегиялык жана аналитикалык

                          иштер бөлүмүнүн начальниги;

     Адамкулова Чынара  - Жусуп Баласаган атындагы Кыргыз Улуттук  уни-

     Үсөнбековна          верситетинин Кыргыз-Европалык   факультетинин

                          деканы.

     2. Европалык  Комиссиянын  делегациясынан өкүл (макулдашуу боюнча)

киргизилсин.

     3. Жумушчу топ эки айлык мөөнөттө Кыргызстанда Европалык Универси-

тетти түзүү  жана  жайгаштыруу маселесин иштеп чыксын жана укуктук, фи-

нансылык жана билим берүү аспекттерин эске алуу менен долбоордук сунуш-

ту даярдасын.

     4. Бул буйруктун аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Рес-

публикасынын Мамлекеттик катчысына жүктөлсүн.

 

     Кыргыз Республикасынын Президенти                 К.Бакиев