РаспоряжениеКүчүн жоготту

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 25-октябрындагы № 237 Буйругу

Редакция
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КР 2021-жылдын 31-декабрындагы ПТ № 265 буйругуна ылайык

КҮЧҮН ЖОГОТТУ

 

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2007-жылдын 25-октябры ПБ № 237

 

             КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН БУЙРУГУ

 

     Салык мыйзамдарын өркүндөтүү жана Кыргыз Республикасынын салык ор-

гандарынын ишин  оптималдаштыруу,  ошондой  эле ишкердик субъекттеринин

иштеши үчүн жагымдуу шарттарды түзүү максатында:

     1. Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин жањы редакциясынын дол-

боорун киргизилген  сунуштарды жана сын-пикирлерди эске алуу менен жал-

пылоо жана  жеткире иштеп чыгуу боюнча комиссия (мындан ары - комиссия)

тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.

     2. Алдыга коюлган милдеттерди  чечүү  үчүн  комиссия  төмөнкүлөргө

укуктуу экендиги белгиленсин:

     - мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өзалдынча башкаруу органда-

рынын өкүлдөрүн, эксперттерди жана консультанттарды (макулдашуу боюнча)

белгиленген тартипте тартууга,  убактылуу эксперттик  жумушчу  топторду

түзүүгө;

     - мамлекеттик  органдардан жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу ор-

гандарынан зарыл  маалыматтарды  белгиленген  тартипте  суратууга  жана

алууга.

     3. Министрликтердин,  мамлекеттик  комитеттердин, администрациялык

ведомстволордун, жергиликтүү  мамлекеттик администрациялардын жана жер-

гиликтүү өзалдынча  башкаруу  органдарынын  жетекчилери комиссияга анын

ишинде ар тараптуу көмөк көрсөтсүн.

     4. Кыргыз  Республикасынын Президентинин Иш башкармасы комиссиянын

иши үчүн зарыл шартты камсыз кылсын.

     5. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2004-жылдын 13-январындагы

№ 3 буйругу күчүн жоготту деп табылсын.

     6. Бул буйруктун аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Рес-

публикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчисине жүктөлсүн.

     7. Бул буйрук кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

     Кыргыз Республикасынын Президенти                 К.Бакиев

 

 

                                   Кыргыз Республикасынын Президентинин

                                        2007-жылдын 25-октябрындагы

                                             № 237 буйругунун

                                                 тиркемеси

 

             Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин жањы

            редакциясынын долбоорун киргизилген сунуштарды

             жана сын-пикирлерди эске алуу менен жалпылоо

              жана жеткире иштеп чыгуу боюнча комиссиянын

                                КУРАМЫ

 

     Дикамбаев Азамат - Кыргыз  Республикасынын Президентинин Админист-

     Шамильевич         рациясынын экономикалык жана  социалдык  саясат

                        бөлүмүнүн башчысы комиссиянын төрагасы;

     Аширов Бактыбек  - Кыргыз Республикасынын Президентинин  Админист-

     Асанбекович        рациясынын экономикалык  жана  социалдык саясат

                        бөлүмүнүн башчысынын  орунбасары,   комиссиянын

                        төрагасынын орунбасары.

 

                         Комиссиянын мүчөлөрү:

 

     Капаров Мырза    - Кыргыз Республикасынын Президентинин  Админист-

     Нуралиевич         рациясынын укуктук саясат бөлүмүнүн эксперти;

     Бегматов Тимур   - Кыргыз  Республикасынын Президентинин Админист-

     Дубашевич          рациясынын экономикалык жана  социалдык  саясат

                        бөлүмүнүн эксперти;

     Ким Татьяна      - "Салык консультанттарынын палатасы" коомдук би-

     Михайловна         рикмесинин төрайымы (макулдашуу боюнча);

     Асылбеков Таалай - Эларалык ишкер  кењешинин  аткаруучу  директору

     Рахманович         (макулдашуу боюнча);

     Красников Андрей - аудитор,  салык консультанты (макулдашуу  боюн-

     Алексеевич         ча);

     Антонова Татьяна - аудитор,  салык консультанты (макулдашуу  боюн-

     Петровна           ча).