Сравнение редакций…
КР 2021-жылдын 31-декабрындагы ПТ № 265 буйругуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2007-жылдын 25-октябры ПБ № 237
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН БУЙРУГУ
Салык мыйзамдарын өркүндөтүү жана Кыргыз Республикасынын салык ор-
гандарынын ишин оптималдаштыруу, ошондой эле ишкердик субъекттеринин
иштеши үчүн жагымдуу шарттарды түзүү максатында:
1. Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин жањы редакциясынын дол-
боорун киргизилген сунуштарды жана сын-пикирлерди эске алуу менен жал-
пылоо жана жеткире иштеп чыгуу боюнча комиссия (мындан ары - комиссия)
тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Алдыга коюлган милдеттерди чечүү үчүн комиссия төмөнкүлөргө
укуктуу экендиги белгиленсин:
- мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өзалдынча башкаруу органда-
рынын өкүлдөрүн, эксперттерди жана консультанттарды (макулдашуу боюнча)
белгиленген тартипте тартууга, убактылуу эксперттик жумушчу топторду
түзүүгө;
- мамлекеттик органдардан жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу ор-
гандарынан зарыл маалыматтарды белгиленген тартипте суратууга жана
алууга.
3. Министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, администрациялык
ведомстволордун, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жер-
гиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын жетекчилери комиссияга анын
ишинде ар тараптуу көмөк көрсөтсүн.
4. Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы комиссиянын
иши үчүн зарыл шартты камсыз кылсын.
5. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2004-жылдын 13-январындагы
№ 3 буйругу күчүн жоготту деп табылсын.
6. Бул буйруктун аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Рес-
публикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчисине жүктөлсүн.
7. Бул буйрук кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев
Кыргыз Республикасынын Президентинин
2007-жылдын 25-октябрындагы
№ 237 буйругунун
тиркемеси
Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин жањы
редакциясынын долбоорун киргизилген сунуштарды
жана сын-пикирлерди эске алуу менен жалпылоо
жана жеткире иштеп чыгуу боюнча комиссиянын
КУРАМЫ
Дикамбаев Азамат - Кыргыз Республикасынын Президентинин Админист-
Шамильевич рациясынын экономикалык жана социалдык саясат
бөлүмүнүн башчысы комиссиянын төрагасы;
Аширов Бактыбек - Кыргыз Республикасынын Президентинин Админист-
Асанбекович рациясынын экономикалык жана социалдык саясат
бөлүмүнүн башчысынын орунбасары, комиссиянын
төрагасынын орунбасары.
Комиссиянын мүчөлөрү:
Капаров Мырза - Кыргыз Республикасынын Президентинин Админист-
Нуралиевич рациясынын укуктук саясат бөлүмүнүн эксперти;
Бегматов Тимур - Кыргыз Республикасынын Президентинин Админист-
Дубашевич рациясынын экономикалык жана социалдык саясат
бөлүмүнүн эксперти;
Ким Татьяна - "Салык консультанттарынын палатасы" коомдук би-
Михайловна рикмесинин төрайымы (макулдашуу боюнча);
Асылбеков Таалай - Эларалык ишкер кењешинин аткаруучу директору
Рахманович (макулдашуу боюнча);
Красников Андрей - аудитор, салык консультанты (макулдашуу боюн-
Алексеевич ча);
Антонова Татьяна - аудитор, салык консультанты (макулдашуу боюн-
Петровна ча).