РаспоряжениеКүчүн жоготту

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 30-ноябрындагы № 268 буйругу

Редакция
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

                          КР Президентинин

            2022-жылдын 22-майындагы № 89 тескемесине ылайык                            КҮЧҮН ЖОГОТТУ

 

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2007-жылдын 30-ноябры ПБ № 268

 

             КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН БУЙРУГУ

 

     2008-жылы Бишкек шаарында Көзкарандысыз Мамлекеттердин Шериктешти-

гине (КМШ)  катышкан  мамлекеттердин  башчыларынын  Кењешинин кезектеги

жыйналышын өз учурунда даярдоону жана ийгиликтүү өткөрүүнү, ошондой эле

чет мамлекеттердин  жана  расмий  делегациялардын башчыларын кабыл алуу

максатында:

     1. 2008-жылы  Бишкек  шаарында Көзкарандысыз Мамлекеттердин Шерик-

тештигине (КМШ) катышкан мамлекеттердин башчыларынын Кењешинин кезекте-

ги жыйналышын  даярдоо  жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитети тиркемеге

ылайык түзүлсүн.

     2. Атайын  багыттагы объекттерди долбоорлоо жана куруу жүзөгө ашы-

рылсын, мында  Кыргыз  Республикасынын Президентинин Иш башкармасы ушул

объекттердин башкы заказчысы болуп аныкталсын.

     3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:

     - жогоруда  аталган объекттерди долбоорлоо жана куруу үчүн тикелей

чет өлкөлүк,  ата-мекендик инвестицияларды жана гранттарды тартуу менен

республикалык бюджеттен  зарыл финансылык каражаттарды, ошондой эле фи-

нансылоонун башка булактарынан кошумча каражаттарды тапсын;

     - өз чечимдерин ушул буйрукка ылайык келтирсин.

     4. Уюштуруу комитети:

     - уюштуруу  комитетинин аткаруу органдарын түзүп, алардын башчыла-

рын жана финансылоо булактарын аныктасын;

     - уюштуруу маселелерин натыйжалуу чечүүгө контролдукту камсыз кыл-

сын жана көмөк көрсөтсүн.

     5. Бул буйруктун аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Рес-

публикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчисине жүктөлсүн.

 

     Кыргыз Республикасынын Президенти                 К.Бакиев

 

 

                                   Кыргыз Республикасынын Президентинин

                                        2007-жылдын 30-ноябрындагы

                                             № 268 буйругунун

                                                 тиркемеси

 

               2008-жылы Бишкек шаарында КМШга катышкан

           мамлекеттердин башчыларынын Кењешинин жыйналышын

           даярдоо жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин

                                КУРАМЫ

 

     - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчи-

си, уюштуруу комитетинин төрагасы;

     - Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри,  уюштуруу комитети-

нин төрагасынын орунбасары;

     - Кыргыз Республикасынын Президентинин иш  башкаруучусу,  уюштуруу

комитетинин төрагасынын орунбасары;

     - КМШнын жана ЕврАзЭСтин алкагында интеграциялык кызматташтык  ма-

селелери  боюнча  Кыргыз  Республикасынын Президентинин ыйгарым укуктуу

өкүлү;

     - Кыргыз Республикасынын Президентинин кењешчиси;

     - Кыргыз Республикасынын  Президентинин  Администрациясынын  тышкы

саясат бөлүмүнүн башчысы;

     - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын уюштуруу

иштер жана мамлекеттик башкаруу саясаты бөлүмүнүн башчысы;

     - Президенттин жардамчысы - Кыргыз  Республикасынын  Президентинин

протокол кызматынын жетекчиси;

     - Кыргыз  Республикасынын Президентинин басмасөз кызматынын жетек-

чиси;

     - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын жетекчиси - минист-

ри;

     - Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министри;

     - Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри;

     - Кыргыз Республикасынын финансы министри;

     - Кыргыз Республикасынын коргоо министри;

     - Кыргыз Республикасынын юстиция министри;

     - Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министри;

     - Кыргыз Республикасынын саламаттыкты сактоо министри;

     - Кыргыз Республикасынын маданият жана маалымат министри;

     - Кыргыз Республикасынын ички иштер министри;

     - Кыргыз  Республикасынын Улуттук коопсуздугунун мамлекеттик коми-

тетинин төрагасы;

     - Бишкек шаарынын мэри;

     - Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун мамлекеттик  администрация-

сынын башчысы - губернатору;

     - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик күзөт кызматынын зардалы;

     - "Манас" Эларалык аэропортунун президенти.