КР Президентинин 2023-жылдын 8-сентябрындагы ПТ № 173 тескемесине ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2007-жылдын 2007-жылдын 30-ноябры ПБ № 269 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН БУЙРУГУ Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынынжана жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын материалдык-техникалыкбазасын чыњдоого мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатында: 1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү айылдардын, поселкалардын, жерги-ликтүү өзалдынча башкарууларынын жана жергиликтүү мамлекеттик админист-рациялардын башчыларынын кызматтык пайдалануусу үчүн автомашина сатыпалууга республикалык бюджеттен № 1 жана № 2 тиркемеге ылайык зарыл ка-ражат бөлсүн. 2. Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына жогорудакөрсөтүлгөн тиркемелерге ылайык айылдардын, поселкалардын жергиликтүүөзалдынча башкарууларынын жана жергиликтүү мамлекеттик администрация-лардын башчыларынын кызматтык пайдалануусу үчүн россия өндүрүшүнөн чык-кан жењил автомашиналарды сатып алуу милдети жүктөлсүн. 3. Бул буйруктун аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Рес-публикасынын Президентинин Администрациясынын уюштуруу иштер жана мам-лекеттик башкаруу саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн. Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев