Загрузка документа…
КР Президентинин
2011-жылдын 3-ноябрындагы ПБ № 164 буйругуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2008-жылдын 4-февралы ПБ № 49
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН БУЙРУГУ
Чегара коопсуздугун камсыз кылуу, мамлекеттик чегараны комплекстүү
башкаруу системасын иштеп чыгуу жана ишке киргизүү чөйрөсүндө мамлекет-
тик саясатты натыйжалуу жүзөгө ашыруу максатында:
1. Тиркемеге ылайык курамда мамлекеттик чегараны комплекстүү баш-
каруу системасын иштеп чыгуу жана ишке киргизүү боюнча Ведомстволор
аралык комиссия (мындан ары - комиссия) түзүлсүн.
2. Комиссия алдында турган маселелерди чечүү үчүн белгиленген тар-
типте төмөнкүлөргө укуктуу экендиги аныкталсын.
- аткаруу бийлик, мамлекеттик башкаруу органдарынын өкүлдөрүн,
атамекендик жана чет өлкөлүк эксперттерди тартууга (макулдашуу боюнча);
- маалыматтарды суратууга, мамлекеттик чегараны комплекстүү башка-
руу системасын иштеп чыгуу жана ишке киргизүү жаатында министрликтер
жана ведомстволор тарабынан өткөрүлүүчү ишчараларга мониторинг жүргү-
зүүгө.
3. Министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин жана администрация-
лык ведомстволордун, жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын жетек-
чилери Комиссиянын ишине жардам берсин.
4. Комиссиянын жумушчу органы болуп Кыргыз Республикасынын Чегара
кызматы аныкталсын.
5. Бул Жарлыктын аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Рес-
публикасынын Коопсуздук кењешинин аппаратына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев
Кыргыз Республикасынын Президентинин
2008-жылдын 4-февралындагы
№ 49 буйругунун
тиркемеси
Мамлекеттик чегараны комплекстүү башкаруу системасын
иштеп чыгуу жана ишке киргизүү боюнча
Ведомстволор аралык комиссиянын
КУРАМЫ
Мамытов Токтокүчүк - Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кењешинин
Болотбекович катчысы, Комиссиянын төрагасы;
Молдошев Замир - Кыргыз Республикасынын Чегара кызматынын
Мурзабекович төрагасы, Комиссиянын төрагасынын орунбаса-
ры.
Комиссиянын мүчөлөрү:
Суранчиев Абдулда - Кыргыз Республикасынын Президентинин Адми-
Шергазиевич нистрациясынын коргоо жана коопсуздук иштер
боюнча бөлүмүнүн башчысынын орунбасары;
Амираев Рахмат - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты-
Убайдуллаевич нын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кыр-
даалдар бөлүмүнүн башчысы;
Кыдыров Талайбек - Кыргыз Республикасынын тышкы иштер минист-
Тургунбаевич ринин биринчи орунбасары;
Субанов Темиркан - Кыргыз Республикасынын ички иштер минист-
Усурканович ринин орунбасары;
Исаков Эркин - Кыргыз Республикасынын транспорт жана ком-
Абдыкасиевич муникациялар министринин орунбасары;
Дүйшеев Нурлан - Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана
Арстанбекович кайра иштетүү өнөржай министринин орунбаса-
ры;
Абдикаримов Сабиржан - Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо
Токтосунович министринин орунбасары - башкы санитардык
врач;
Кулматов Кубанычбек - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы ко-
Кењешович митетинин төрагасынын биринчи орунбасары;
Сабыров Токтосун - Кыргыз Республикасынын Миграция жана ишке
Ырыскельдиевич орноштуруу боюнча мамлекеттик комитетинин
төрагасынын орунбасары;
Мамасадыков Рустам - Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздугу-
Алайбекович нун мамлекеттик комитетинин төрагасынын
орунбасары;
Орозалиев Виталий - Кыргыз Республикасынын Бањгизаттарга кон-
Керимович ролдук боюнча агенттигинин директорунун
орунбасары.