Загрузка документа…
КР 2021-жылдын 31-декабрындагы ПТ № 265 буйругуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2008-жылдын 26-февралы ПБ № 75
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН БУЙРУГУ
Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясынын 62-сессиясынын "Тоо-
лорду туруктуу өнүктүрүү" (А/RES/62/196) революциясын көњүлгө алуу ме-
нен, ошондой эле 2009-жылы октябрда Бишкек шаарында Бишкек глобалдуу
экинчи тоо саммитин өз убагында даярдоону жана ийгиликтүү өткөрүүнү
камсыз кылуу максатында:
1. Бишкек глобалдуу экинчи тоо саммитин даярдоо жана өткөрүү боюн-
ча Уюштуруу комитети тиркелген тиркемеге ылайык түзүлсүн.
2. Уюштуруу комитети 2008-жылдын 10-мартына чейин:
- саммитти даярдоо жана өткөрүү боюнча ишчаралардын планын даярда-
сын жана бекитсин;
- саммиттин Эларалык консультациялык кењешинин курамы боюнча сунуш
киргизсин.
3. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2002-жылдын 10-декабрында-
гы № 280 буйругу күчүн жоготту деп табылсын.
4. Бул буйруктун аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Рес-
публикасынын Президентинин Администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнө
жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев
Кыргыз Республикасынын Президентинин
2008-жылдын 26-февралы
№ 75 буйругунун
тиркемеси
2009-жылы октябрда Бишкек шаарында Бишкек
глобалдуу экинчи тоо саммитин өз убагында
даярдоону жана ийгиликтүү өткөрүү боюнча
Уюштуруу комитетинин (кызмат орду боюнча)
КУРАМЫ
- Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри, Уюштуруу
комитеттин төрагасы;
Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси-
нин орунбасары, Уюштуруу комитетинин төрагасынын орунбасары;
- тоолуу райондорду туруктуу өнүктүрүү боюнча Кыргыз Республикасы-
нын Президентинин атайын өкүлү, Уюштуруу комитетинин төрагасынын орун-
басары;
- Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кењешинин катчысы;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин иш башкаруучусу;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын тышкы
саясат бөлүмүнүн башчысы;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын экономи-
калык жана социалдык саясат бөлүмүнүн башчысы;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын Жетекчиси;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү
бөлүмүнүн башчысы;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын тышкы байланыштар
бөлүмүнүн башчысы;
- Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри;
- Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздугунун мамлекеттик коми-
тетинин төрагасы;
- Кыргыз Республикасынын ички иштер министри;
- Кыргыз Республикасынын финансы министри;
- Кыргыз Республикасынын экономикалык өнүгүү жана соода министри;
- Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министри;
- Кыргыз Республикасынын саламаттыкты сактоо министри;
- Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министри;
- Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри;
- Кыргыз Республикасынын айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр-
жай министри;
- Кыргыз Республикасынын эмгек жана социалдык өнүгүү министри;
- Кыргыз Республикасынын өнөржай, энергетика жана отун ресурстар
министри;
- Кыргыз Республикасынын маданият жана маалымат министри;
- Кыргыз Республикасынын Миграция жана ишке орноштуруу боюнча мам-
лекеттик комитетинин төрайымы;
- Чүй облустук мамлекеттик администрациясынын башчысы - губернато-
ру;
- Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик күзөт кызматынын зардалы;
- Кыргыз Республикасынын Улуттук гвардиясынын колбашчысы;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минерал-
дык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттигинин директору;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Туризм боюнча мамлекет-
тик агенттиктин директору;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү
коргоо жана токой чарбасы боюнча мамлекеттик агенттиктин директору;
- Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын президенти;
- Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадио берүү корпорациясынын
башкы директору;
- Бишкек шаарынын мэри;
- "Манас" Эларалык аэропорту" ААКнын президенти;
- Кыргыз Республикасынын тоолуу райондорду өнүктүрүү Улуттук бор-
борунун төрагасынын орунбасары, Уюштуруу комитетинин жооптуу катчысы.