Загрузка документа…
КР 2017-жылдын 13-апрелиндеги № 58 Кодексине ылайык 2019-жылдын 1-январынан тартып КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
Бишкек шаары, 2004-жылдын 26-июлу № 98
Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине толуктоолор киргизүү тууралу
1-статья.
Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1999-ж., N 2, 77-ст.) төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин:
Кодекс төмөнкүдөй мазмундагы 66-3, 66-4 жана 66-5-статьялар менен толукталсын:
"66-3-статья. Үй-бүлөдөгү зомбулук
Үй-бүлөдөгү зомбулук - үй-бүлөнүн бир мүчөсүнүн башка мүчөсүнө (кара күч, психикалык, сексуалдык) ар кандай атайылап жасаган каршы аракеттери, эгерде мындай аракеттер үй-бүлө мүчөсүнүн конституциялык жана башка укуктары менен эркиндиктерин кысымга алса, саламаттыгына жеңил зыян келтирсе, дене боюн же психикасын жабыркатса, жаш курагына жана жынысына карабастан үй-бүлө мүчөсүнүн дене бой жана психикалык жагынан өнүгүшүнө зыян келтирсе, жана бул аракеттер үчүн жазык жоопкерчилиги каралган квалифицирленүүчү белгилер болбосо, -
эң аз айлык акынын бештен онго чейинки өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.
66-4-статья. Убактылуу коргоо ордеринин шарттарын аткарбоо
Убактылуу коргоо ордеринин шарттарын аткарбоо -
эң аз айлык акынын бештен он бешке чейинки өлчөмүндө администрациялык айып салууга же он суткага чейинки мөөнөткө администрациялык камакка алууга алып келет.
66-5-статья. Коргоочу сот ордеринин шарттарын аткарбоо
Коргоочу сот ордеринде сот тарабынан белгиленген шарттарды аткарбоо, эгерде бул аракет үчүн жазык жоопкерчилиги каралган квалифицирленүүчү белгилер болбосо, -
эң аз айлык акынын ондон жыйырмага чейинки өлчөмүндө администрациялык айып салууга же ондон он беш суткага чейинки администрациялык камакка алууга алып келет.".
2-статья.
Ушул Мыйзам жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| А.Акаев |
|
|
|
2004-жылдын 8-июнунда |
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Мыйзам чыгаруу жыйыны тарабынан кабыл алынган |