Загрузка документа…
КР Президентинин 2022-жылдын 28-декабрындагы ПТ N 249 тескемесине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2007-жылдын 23-июлу ПБ N 159
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН БУЙРУГУ
Кедейликти кыскартуу боюнча Япон фонду финансылаган, Азия Өнүктү-
рүү банкынын "Кол өнөрчүлүк секторун өнүктүрүү жолу менен айылдык аял-
дардын турмуш дењгээлин жогорулатуу" долбоорунун турмушка ашырылышына
көзөмөлдүк кылуу максатында:
1. Төмөнкүдөй курамдагы Байкоочу комитет түзүлсүн:
- Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы, комитеттин төрагасы;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын жетекчисинин бирин-
чи орунбасары;
- Кыргыз Республикасынын маданият жана маалымат министринин орун-
басары;
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин депутаты (макулдашуу боюнча);
- Кыргыз Республикасынын экономикалык өнүгүү жана соода министри-
нин орунбасары;
- Кыргыз Республикасынын финансы министринин орунбасары;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Туризм боюнча мамлекет-
тик агенттиктин директору;
- Элдик-көркөм өнөр жана кол өнөрчүлүк союзунун төрагасы (макулда-
шуу боюнча).
2. Байкоочу комитет жөнүндө тиркелген Жобо бекитилсин.
3. Бул буйрук кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев