Сравнение редакций…
КР Президентинин
2022-жылдын 22-майындагы № 89 тескемесине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2008-жылдын 5-июну ПБ № 127
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН БУЙРУГУ
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2006-жылдын 2-майындагы № 169
буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган буйруктун тиркемеси төмөнкү
редакцияда баяндалсын:
"Кыргыз Республикасынын Президентинин
2006-жылдын 2-майындагы
№ 169 буйругунун
тиркемеси
Кыргыз Республикасында техникалык жактан жөнгө
салуу системасын өнүктүрүү боюнча комиссиянын
КУРАМЫ
- Кыргыз Республикасынын Премьер-министри, Комиссиянын төрагасы;
- Кыргыз Республикасынын экономикалык өнүгүү жана соода министри,
Комиссиянын төрагасынын орунбасары;
- Кыргыз Республикасынын стандарттар жана метрология Улуттук инс-
титутунун директору, Комиссиянын төрагасынын орунбасары;
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин өнөржайды өнүктүрүү,
соода, туризм, чакан, орто бизнес, транспорт, коммуникациялар, курулуш
жана архитектура боюнча Комитеттин төрагасы (макулдашуу боюнча).
Комиссиянын мүчөлөрү:
- Кыргыз Республикасынын финансы министри;
- Кыргыз Республикасынын айыл, суу чарба жана кайра иштетүү
өнөржай министри;
- Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министри;
- Кыргыз Республикасынын өнөржай, энергетика жана отун ресурстар
министри;
- Кыргыз Республикасынын юстиция министри;
- Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министри;
- Кыргыз Республикасынын саламаттыкты сактоо министри;
- Кыргыз аккредитация борборунун директору;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу курчап турган чөйрөнү
коргоо жана токой чарбасы боюнча мамлекеттик агенттиктин директору;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу архитектура жана куру-
луш боюнча мамлекеттик агенттиктин директору;
- Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүгүү жана соода министрли-
гинин техникалык жөнгө салуу башкармасынын начальниги;
- Дүйнөлүк банктын Кыргыз Республикасындагы өкүлчүлүгүнүн консуль-
танты (макулдашуу боюнча);
- "Инвестициялык тегерек стол" Коомдук бирикмесинин аткаруучу ди-
ректору (макулдашуу боюнча);
- Соода-өнөржай палатасынын президенти (макулдашуу боюнча);
- Кыргызстан ишкерлер Союзунун президенти (макулдашуу боюнча);
- ЮСАИДдин бизнес-чөйрөнү жакшыртуу боюнча долбоорунун директору
(макулдашуу боюнча);
- Кыргызстандын ишканаларынын директорлор гильдиясынын Кењешинин
төрагасы (макулдашуу боюнча);
- Кыргыз Республикасынын кооперативдер Союзунун президенти (макул-
дашуу боюнча)".
Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев