Загрузка документа…
КР 2017-жылдын 24-январындагы № 10 Мыйзамына ылайык 2019-жылдын 1-январынан тартып КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
Бишкек шаары, 2004-жылдын 26-июлу № 99
Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине толуктоолор киргизүү жөнүндө
1-статья.
Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1998-ж., N 7, 229-ст.) төмөндөгүдөй толуктоолор киргизилсин:
1. 61-статья төмөндөгүдөй мазмундагы эскертүү менен толукталсын:
"Эскертүү. Алдын-ала камакка алуу - соттун өкүмү күчүнө киргенге чейин тыюу салуу чарасы катары кайтарууга алып камакка алуу.".
2. 137-статья төмөндөгүдөй мазмундагы эскертүү менен толукталсын:
"Эскертүү. Бул статьяда, ошондой эле ушул Кодекстин башка статьяларында имарат-жай деп турак үйлөр, ошондой эле турак жай фондуна кирген жана туруктуу же убактылуу жашоого арналган ар кандай менчик формасындагы башка курулмалардагы турак жай башпааналары түшүндүрүлөт.".
3. 246-статьянын эскертүүсү төмөндөгүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
"Бул статьяда, ошондой эле ушул Кодекстин башка статьялары боюнча баңгилик каражаттардын жана психотроптук заттардын ири өлчөмү "Баңгилик каражаттар, психотроптук заттар жана прекурсорлор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык мыйзамсыз жүгүртүүдөн же сактоодон табылган алардын анча чоң эмес, чоң жана өтө чоң өлчөмдөрү тиешелүү ыйгарым укуктуу орган тарабынан бекитилүүчү Баңгилик каражаттардын, психотроптук жана катуу таасир кылуучу заттардын тизмеги менен аныкталат.".
4. 399-статья төмөндөгүдөй мазмундагы эскертүү менен толукталсын:
"Эскертүү. Кайсы бир адам өзүнүн күйөөсү (аялы) же жакын тууганы тарабынан жасалган кылмышты убадалапшай жаап-жашырганы үчүн жазык жоопкерчилигине тартылууга тийиш эмес.".
2-статья.
Ушул Мыйзам жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| А.Акаев |
|
|
|
2004-жылдын 8-июнунда |
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Мыйзам чыгаруу жыйыны тарабынан кабыл алынган |