Загрузка документа…
|
| 3-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 30-июлундагы № 377 токтомуна) |
Товардык кампалардын классына ТАЛАПТАР
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Талаптар товардык кампалардын класстарына (А, В, С, Б) жараша алардын техникалык параметрлерин (пайдалуу аянты, инфраструктуранын өнүгүүсү, анын ичинде инженердик коммуникациялары, полду жабуу тиби, жана башка параметрлери) аныктайт.
2. Товардык кампа Товардык кампалардын бирдиктүү мамлекеттик реестринде катталуу үчүн айыл чарба тармагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга документтерди бергенде ушул Талаптардын негизинде өзүнүн классын көрсөтүү менен өзүнө өз алдынча баалоо жүргүзүүгө милдеттүү.
2. "А" классындагы товардык кампа
3. "А" классындагы товардык кампа төмөнкү талаптарга жооп бериши керек:
1) "А" классындагы товардык кампанын жеке капиталынын өлчөмү 1000000 (бир миллион) сомдон кем болбоого тийиш.
2) энергиялык натыйжалуулук жана энергия үнөмдөө боюнча талаптарды эске алуу менен курулган, тик бурчтуу формадагы бир кабаттуу кампа жайы болууга;
3) товардык кампада чаңга каршы каптоосу бар, 1 м2 аянты 5 тоннадан кем эмес жүктү көтөрүүгө жарактуу тегиз бетон полунун болушу. Фундаменттин бийиктиги жерден 1,2 метрден кем болбоого тийиш;
4) шыптардын бийиктиги 10 метрден 13 метрге чейин болушу керек;
5) жөнгө салынуучу температуралык режимдин болушу;
6) өрткө каршы сигнализация жана өрттү автоматтык өчүрүү системасынын болушу;
7) желдетүү системасынын болушу;
8) товардык кампанын аймагын коргоо системасынын же күзөт сигнализациясынын же видео байкоонун болушу;
9) кампадагы офистик жайларда телекоммуникациялардын (интернет, телефондук/мобилдик байланыш) болушу;
10) автономдуу электр подстанциялардын жана жылуулук тармагынын болушу;
11) 500 м2 имаратка бирден кем эмес, бийиктиги жөнгө салынуучу жүктөөчү-жүк түшүрүүчү аянты менен док тибиндеги автоматтык дарбазалардын жетиштүү санда болушу;
12) чоң жүк ташуучу жана жеңил автомашиналарды токтотуу үчүн аянтчанын болушу;
13) чоң жүк ташуучу автомашиналарды маневрлөө үчүн аянтчалардын болушу;
14) энергиянын кайра жаралуучу булактары үчүн жабдуулардын болушу;
15) кампага караштуу офистик жайлардын болушу;
16) кампага караштуу кошумча жайлардын болушу (даараткана, душ, көмөкчү жайлар, персонал үчүн кийим которуучу бөлмө);
17) кызматкерлердин товардык кампанын аймагына кирүүсүн эсепке алуу жана контролдоо системасынын болушу;
18) курчалган жана күнү-түнү кайтарылуучу, жарык берилген абатталган аймак;
19) товардык кампанын автомобиль жолдоруна же темир жол бутактарына жакын жайгашуусу;
20) тиешелүү квалификациясы жана керектүү иш тажрыйбасы бар персоналдын болушу.
3. "В" классындагы товардык кампа
4. "В" классындагы товардык кампа төмөнкү талаптарга жооп бериши керек:
1) жаңы курулган же реконструкцияланган, бир же эки кабаттуу кампа жайы, анын тик бурчтук формасында болгону жакшы;
2) жеке капиталынын өлчөмү 500000 (беш жүз миң) сомдон кем болбоого тийиш;
3) эгерде кампа жайы эки кабаттуу болсо, имараттын 2000 м2 аянтына 1 (бирден) кем эмес, аз дегенде 3 тонна жүктү көтөрө ала турган жүк лифттеринин (көтөргүчтөрдүн) болушу;
4) шыптардын бийиктиги - 6 метрден жогору;
5) асфальт же бетон полу. Фундаменттин бийиктиги жерден 1 метрден кем эмес;
6) жылытуу системасынын болушу;
7) өрттөн сактануу сигнализациясынын жана өрттү өчүрүү системасынын болушу;
8) автотранспорттун жүгүн түшүрүү үчүн пандустун болушу;
9) чоң жүк ташуучу автомашиналарды маневрлөө жана токтотуу үчүн аянтчалардын болушу;
10) күзөтү же кайтаруу сигналдарынын, ошондой эле видео байкоо системасынын болушу;
11) телекоммуникациялардын (интернет, телефондук/мобилдик байланыш) болушу;
12) кампага караштуу көмөкчү жайлардын болушу.
4. "С" классындагы товардык кампа
5. "С" классындагы товардык кампа төмөнкү талаптарга жооп бериши керек:
1) капиталдык өндүрүштүк жай же жылууланган ангар түрүндөгү кампа жайынын болушу;
2) шыптардын бийиктиги - 4 метрден жогору;
3) кампа жайынын полу асфальт же бетон такта же бетондолгон болууга тийиш;
4) "С" классындагы товардык кампанын жеке капиталынын өлчөмү 300000 (үч жүз миң) сомдон кем эмес болушу керек.
5. "D" классындагы товардык кампа
6. "D" классындагы товардык кампа төмөнкү талаптарга жооп бериши керек:
1) жер төлө же жылууланбаган өндүрүштүк жай же ангар түрүндөгү кампа жайынын болушу;
2) "D" классындагы товардык кампанын жеке капиталынын өлчөмү 100000 (жүз миң) сомдон кем эмес болууга тийиш.