Сравнение редакций…
КР 2021-жылдын 31-декабрындагы ПТ № 265 буйругуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2008-жылдын 28-октябры ПБ № 258
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН БУЙРУГУ
Кыргыз Республикасын 2020-жылга чейин өнүктүрүүнүн узак мөөнөттүү
Стратегиясынын долбоорун даярдоо максатында:
1. Кыргыз Республикасын 2020-жылга чейин өнүктүрүүнүн узак мөөнөт-
түү Стратегиясынын долбоорунун айрым блокторун даярдоо үчүн жооптуу жу-
мушчу топ N 1 тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Жумушчу топ Кыргыз Республикасын 2020-жылга чейин өнүктүрүүнүн
узак мөөнөттүү Стратегиясынын тийиштүү блогунун долбоорун тиркелген
техникалык тапшырмага ылайык бирдиктүү формат боюнча (N 2 тиркеме) бир
айлык мөөнөттө даярдасын.
3. Киргизилген сунуштардын мазмуну үчүн жекече жоопкерчиликти жу-
мушчу топтун жетекчилери тартат.
4. Бул буйруктун аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Рес-
публикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчисине жүктөлсүн.
5. Бул буйрук кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев
Кыргыз Республикасынын Президентинин
2008-жылдын 28-октябрындагы
№ 258 буйругуна карата
№ 1 тиркеме
Кыргыз Республикасын 2020-жылга чейин өнүктүрүүнүн
узак мөөнөттүү Стратегиясынын долбоорунун айрым
блокторун даярдоо боюнча жумушчу
топтун (кызмат орду боюнча)
КУРАМЫ
Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси-
нин орун басары, жумушчу топтун координатору;
Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын экономика-
лык жана социалдык саясат бөлүмүнүн башчысы, жумушчу топтун координато-
рунун орун басары.
I. "Мамлекеттик башкаруу жана администрациялоону модернизациялоо"
блогу үчүн жооптуу жумушчу топ:
- Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын уюштуруу
иштер жана мамлекеттик башкаруу саясаты бөлүмүнүн башчысы, жумушчу топ-
тун жетекчиси;
- Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кызмат иштери боюнча агентти-
гинин директору;
- Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери
боюнча Улуттук агенттигинин директору;
- Бишкек шаарынын мэри;
- Ош шаарынын мэри;
- Ысык-Көл облустук мамлекеттик администрациясынын башчысы - гу-
бернатору;
- Ош облустук мамлекеттик администрациясынын башчысы - губернато-
ру;
- Жалал-Абад облустук мамлекеттик администрациясынын башчысы - гу-
бернатору;
- Нарын облустук мамлекеттик администрациясынын башчысы - губерна-
тору;
- Талас облустук мамлекеттик администрациясынын башчысы - губерна-
тору;
- Чүй облустук мамлекеттик администрациясынын башчысы - губернато-
ру;
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Башкаруу академиясы-
нын президент-ректору.
II. "Өнүктүрүү үчүн финансылык ресурстарды мобилизациялоо" блогу
үчүн жооптуу жумушчу топ:
- Кыргыз Республикасынын экономикалык өнүктүрүү жана соода минист-
ри, жумушчу топтун жетекчиси;
- Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы;
- Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин төрагасы;
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамле-
кеттик комитетинин төрагасы;
- Кыргыз Республикасынын финансы министри;
- Кыргыз Республикасынын Салык жана жыйымдар боюнча мамлекеттик
комитетинин төрагасы;
- Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы комитетинин төрагасы;
- Кыргыз Республикасынын Финансы рыногуна көзөмөлдүк кылуу жана
жөнгө салуу кызматынын төрагасы;
- Кыргыз Республикасынын Финансылык полиция кызматынын төрагасы;
- Кыргыз Республикасынын антимонополиялык саясат жана атаандаштык-
ты өнүктүрүү боюнча Улуттук агенттигинин директору;
- Кыргыз Республикасынын коррупцияны алдын алуу боюнча Улуттук
агенттигинин комиссары;
- Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын экономика
Институтунун директору.
III. "Адам потенциалын өнүктүрүү" блогу үчүн жооптуу жумушчу топ:
- Кыргыз Республикасынын эмгек жана социалдык өнүгүү министри, жу-
мушчу топтун жетекчиси;
- Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри;
- Кыргыз Республикасынын маданият жана маалымат министри;
- Кыргыз Республикасынын саламаттыкты сактоо министри;
- Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун төрагасы;
- Кыргыз Республикасынын Миграция жана ишке орноштуруу боюнча мам-
лекеттик комитетинин төрагасы;
- Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын президенти;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу кесиптик-техникалык би-
лим берүү боюнча мамлекеттик агенттиктин директору;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт,
жаштардын иштери жана балдарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттиктин
директору;
- И.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын
ректору.
IV. "Өнүктүрүүнүн укуктук чөйрөсүн жакшыртуу" блогу үчүн жооптуу
жумушчу топ:
- Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын укуктук
саясат бөлүмүнүн башчысы, жумушчу топтун жетекчиси;
- Кыргыз Республикасынын Конституциялык Сотунун төрагасы;
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун төрагасы;
- Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору;
- Кыргыз Республикасынын юстиция министри;
- Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын философия
жана укук Институтунун директору.
V. "Өнүктүрүүнүн технологиялык негиздерин модернизациялоо" блогу
үчүн жооптуу жумушчу топ:
- Кыргыз Республикасынын өнөр жай, энергетика жана отун ресурстар
министри, жумушчу топтун жетекчиси;
- Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министри;
- Кыргыз Республикасынын Улуттук байланыш агенттигинин директору;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана куру-
луш боюнча мамлекеттик агенттиктин директору;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минерал-
дык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин директору;
- Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүктүрүү жана соода минист-
рлигине караштуу экономикалык стратегиялар Борборунун директору.
VI. "Өнүктүрүүнүн биожер ресурстарын пайдаланууну жакшыртуу" блогу
үчүн жооптуу топ:
- Кыргыз Республикасынын айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр
жай министри, жумушчу топтун жетекчиси;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү
коргоо жана токой чарбасы боюнча мамлекеттик агенттиктин директору;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу сатып алуулар жана ма-
териалдык резервдер боюнча мамлекеттик агенттиктин директору;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу кыймылсыз мүлккө болгон
укуктарды каттоо боюнча мамлекеттик агенттиктин директору;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Туризм боюнча мамлекет-
тик агенттиктин директору;
- "Айылбанк" ААКнын башкармасынын төрагасы;
- мал чарбасы жана жайыттар ИИИнин директору;
- ветеринария ИИИнин директору;
- Кыргыз дыйканчылык институтунун директору;
- ирригация ИИИнин директору.
VII. "Өнүктүрүүнүн коопсуздугун камсыз кылуу" блогу үчүн жооптуу
жумушчу топ:
- Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун орун басары - аскердик
прокурор, жумушчу топтун жетекчиси;
- Кыргыз Республикасынын ички иштер министри;
- Кыргыз Республикасынын коргоо министри;
- Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздугунун мамлекеттик коми-
тетинин төрагасы;
- Кыргыз Республикасынын Чек ара кызматынын төрагасы;
- Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министри;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дин иштери боюнча мам-
лекеттик агенттиктин директору;
- И.Алиев атындагы Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги-
нин Академиясынын ректору.
Кыргыз Республикасынын Президентинин
2008-жылдын 28-октябрындагы
№ 258 буйругуна карата
№ 2 тиркеме
Кыргыз Республикасын 2020-жылга чейин өнүктүрүүнүн
узак мөөнөттүү Стратегиясынын долбоорунун айрым
блокторун даярдоо үчүн жоопту жумушчу топтун
ТЕХНИКАЛЫК ТАПШЫРМАСЫ
Киришүү
Кыргыз Республикасында орун алган өсүш темпи өлкөнүн бардык потен-
циалдык мүмкүнчүлүктөрү жана ресурстары толук өлчөмүндө пайдаланылбай
жаткандыгын айгинелеп турат. Колдо бар ресурстарды толук пайдалануу
көптөгөн мүмкүнчүлүктөрдү ачып жана өсүш темпин арттырууга дурус таасир
тийгизип, ошондой эле өлкөнүн ичинде жана андан сырткары жерлерге миг-
рациянын туруктуу агымдарынын пайда болушуна алып келген тењ эмес өнү-
гүү маселелерин чечет.
Өнүгүүнүн салыштырмалуу төмөнкү көрсөткүчтөрүнүн себебин комплекс-
те - чөйрөдөн тартып башкаруучуларга чейин кароо керек.
Учурдагы конъюнктурада Кыргызстандын өнүгүшүнүн булагы болуп кала
турган дүйнөлүк, ошондой эле региондук масштабда зор мааниге ээ болгон
жаратылыш ресурстарынын (көмүр кычкылтек, металлдар) өтө тартыштыгынын
шартында:
- иш-аракеттин орун алган багыттарын оптималдаштыруу боюнча жол-
дорду карап көрүү;
- иш-аракеттин атаандаштыкка жөндөмдүү сакталып калган, илимий не-
гиздери бар багыттарын аныктоо жана артыкчылыктуу катары бөлүп көрсө-
түү;
- өнүгүүгө көмөк көрсөтө турган иш-аракеттин жањы багыттарын табуу
зарыл.
2020-жылга чейин өлкөнү өнүктүрүүнүн узак мөөнөттүү Стратегиясында
өнүктүрүүнүн максаттары иштелип чыгууга, ошондой эле жогоруда көрсөтүл-
гөн блокторду иштетүү аркылуу ага жетүүнүн так механизмдери көрсөтүлүү-
гө тийиш.
2008-жылдын 10-октябрындагы Кыргыз Республикасынын
Президентинин билдирүүсүн жүзөгө ашыруунун жүрүшүн талдоо
1. Ар бир жумушчу топ өз блогу боюнча жањы экономикалык саясатты
жүзөгө ашырууну талдоо жүргүзсүн (3 барактан ашпайт).
2. Жањы экономикалык саясатка камтылбаган стратегиялык мүнөздөгү
маселелерди талдоону даярдасын (3 барактан ашпайт).
Стратегия боюнча сунуштар
3. 1- жана 2-пункттар боюнча алдын-ала ишти эске алуу менен Кыргыз
Республикасын 2020-жылга чейин өнүктүрүүнүн узак мөөнөттүү Стратегиясы-
на кошуу үчүн тийиштүү блок боюнча сунуштарды даярдасын.
4. Киргизилүүчү сунуштар Кыргыз Республикасынын өнүктүрүү үчүн
тышкы чөйрө катары кароо менен региондук жана дүйнөлүк контекстти жана
өлкөнүн атаандаштыкка жөндөмдүүлүгү үчүн салыштырмалуу багыттарды бай-
ланыштырууга тийиш.
5. Сунуштардын көлөмү 15 барактан ашпоого жана төмөнкүдөй түзүм-
дөрдөн турууга тийиш:
- тийиштүү блокто каралып жаткан чөйрөнүн учурдагы абалы;
- 2020-жылга карата бул чөйрөнү өнүктүрүүнүн максаты;
- максатка жетишүүгө тоскоол болуп жаткан көйгөйлөр жана тобокел-
диктер;
- көйгөйлөрдү жоюу үчүн чечүү зарыл болгон милдеттер;
- милдеттерди чечүү үчүн колдонулуучу мамлекеттик саясат;
- жүзөгө ашыруу процесси:
- жүзөгө ашыруунун башкаруу аспекттери;
- ресурстук камсыз кылуу;
- мониторинг жана баа берүү;
- жүзөгө ашыруунун тобокелдиктери.