Загрузка документа…
КР 2017-жылдын 13-апрелиндеги № 58 Кодексине ылайык 2019-жылдын 1-январынан тартып КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
Бишкек шаары, 2004-жылдын 27-июлу № 100
Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине толуктоолор киргизүү тууралу
1-статья.
Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1999-жыл, N 2, 77-ст.) төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин:
92-статьяда:
статьянын аталышы "азыктарын" деген сөздөн кийин "жана мамлекеттик стандартка ылайык келбеген тузду" деген сөздөр менен толукталсын;
статья төмөнкү мазмундагы экинчи бөлүк менен толукталсын:
"Кыргыз Республикасынын мамлекеттик стандарттарына ылайык келбеген тамак-аш тузун сатып өткөрүү -
йодоштуруу үчүн продукциясын алып коюу менен эң аз айлык акынын ондон жыйырма өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет.".
2-статья.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| А.Акаев |
|
|
|
2004-жылдын 8-июнунда |
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Мыйзам чыгаруу жыйыны тарабынан кабыл алынган |