Редакцияот 25.03.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЭМГЕК-ТАЛАА АЙЫЛЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2021-жылдын 25-марты № 2

Дыйкандардын үлүш жеринен ашып калган жерлерди Эмгек-Талаа айыл аймагынын мамлекеттик фондусуна алуу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамына ылайык Эмгек-Талаа айылдык Кенешинин XXVII чакырылышынын кезексиз XXXV сессиясы,

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Эмгек-Талаа айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жер комиссиясынын 3-февраль

2021-жылдагы №1 протоколуна ылайык, Эмгек-Талаа айылынын “Кара-Булун” участкасындагы дыйкандардын үлүш жеринен ашып калган 10,9 га жерлер Эмгек-Талаа айыл аймагынын мамлекеттин фондусуна кайтарылып алынсын. (Тиркелет жер комиссиянын протоколу 2 баракта)

2. Дыйкандардын үлүш жерлеринен ашып калган 10,9 га жерлерди Кыргыз

Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына  ылайык  Эмгек-Талаа айыл аймагынын мамлекеттин фондусуна кайтарып алуу иштерин жүргүзүү жагы айыл өкмөт башчы А.Осмоновага милдеттендирилсин.

 

Төрага:

Болот у Денисак