Редакцияот 18.05.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЭМГЕК-ТАЛАА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Эмгек-Талаа айыл аймагынын айылдык кенешинин XXVIII чакырылыштагы I уюштуруу сессиясы,

 

2021-жылдын 18-майы.№ 1

Эмгек-Талаа айыл аймагынын айылдык Кенешинин төрагасын шайлоо жөнүндө

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Эмгек-Талаа айыл аймагынын айылдык кенешинин XXVIII чакырылышынын

 депутаттарынын жыйналышынын 18-май 2021-жылдагы № 1 протоколу бекитилсин.

2. Депутаттардын көпчүлүк добушун алган Аалы уулу Сүйүндүк Эмгек-Талаа

айыл аймагынын айылдык кенешинин төрагасы болуп шайлансын.

3. Эмгек-Талаа айыл аймагынын айылдык кенешинин төрагасынын орун басары

 болуп депутаттардын көпчүлүк добушун алган Болот уулу Денисак шайлансын.

 

Төрага:

Аалы у Сүйүндүк

 

 

Эмгек-Талаа айыл аймагынын айылдык Кенешинин

XXVIII чакырылышынын депутаттарынын жыйналышынын

№ 1 ПРОТОКОЛУ

 

18-май  2021-жыл

Катышкандар:

Аалы уулу Сүйүндүк - жыйналыштын  төрагасы

К.Моютов- катчысы

 

Ак-Талаа айылы

Айылдык кеңештин депутаттары:

Т.Кожогелдиев, М.Жумашова, Аалы у Сүйүндүк, Б. Акматов, А.Алымбаев,  Жыргалбек к Мирайым, Б.Сарыбаева,  Мата у Сүйүнүч, Карганбек у Болотбек, Замир у Жумабек.

Күн тартибиндеги маселе:

1.Эмгек-Талаа айыл аймагынын айылдык кенешинин төрагасын жана орун басарын  шайлоо.

Күн тартибиндеги маселе боюнча XXVII чакырылыштагы  айылдык кеңештин төрагасы Болот уулу  Денисак  чыгып сүйлөп төмөндөгүлөргө токтолду.

Урматтуу жаны шайланып келген Эмгек-Талаа айыл аймагынын  XXVIII чакырылыштагы  депутаттары уруксаат берсениздер 1 уюштуруу сессияны мыйзам боюнча депутаттардын ичинен жашы уулу адам алып барат. жаны шайланып келген депутаттардын ичинен уулусу Аалы уулу Сүйүндүк экен.  Уруксат берсениздер 1 уюштуруу сессияны Аалы уулу Сүйүндүк алып барсын.

Аалы уулу Сүйүндүк- айылдык кенештин депутаты

Урматтуу депутаттар ордунуздар кут болсун  сиздерди айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикасын көтөрүүгө зор салымыныздарды кошот деп ишенем.

Күн тартибиндеги биринчи маселе айылдык кенештин төрагасын жана орун басарын шайлап  алышыбыз керек. Добуш берүү ачык эле кол көтөрүү жолу менен  өткөрсөк эгерде каршы болбосонуздар. Ар киминиздер өздөрүнүздөрдүн ойлорунуздарды айтсаныздар.

Замир уулу Жумабек  – айылдык кенештин депутаты

    Урматтуу депутаттар биричиден сиздерди куттуктаймын. Чогуу ынтымакта айыл өкмөтүндөгү маселелерди чечебиз деп ойлом.    Аалы уулу Сүйүндүктү сунуштайт элем.

Б.Сарыбаева- айылдык кенештин депутаты

Урматтуу депутаттар баарыныздарды куттуктаймын. Мен дагы депутаттардын ичинен баарынан улуусу Аалы уулу Сүйүндүктү сунуштайт элем.

Т.Кожогелдиев –айылдык кенештин депутаты

Төраганын орун басарын мурунку чакырылыштагы төрага Болот уулу Денисакты сунуштайт элем.

Чыгып сүйлөгөн депутаттар жогорудагы кандиданттарды колдошту

Аалы уулу Сүйүндүк- айылдык кенештин депутаты

Анда эмесе урматтуу депутаттар анда эмесе добуш берип койсонуздар

Макул- 10

Каршы- жок

Калыс- жок.

Жогорудагыларды угуп жана талкуулап Эмгек-Талаа айыл аймагынын айылдык Кенешинин XXVIII чакырылышынын I уюштуруу сессиясы, токтом кылат:

1. Эмгек-Талаа айыл аймагынын айылдык кенешинин төрагасы болуп депутаттардын көпчүлүк добушун алган  Аалы  уулу Сүйүндүк шайлансын..

2. Эмгек-Талаа айыл аймагынын айылдык кенешинин төрагасынын орун басары  болуп депутаттардын көпчүлүк добушун алган  Болот уулу Денисак шайлансын.

 

Жыйналыштын төрагасы:

Аалы уулу Сүйүндүк

Катчысы:

К. Моютов