Редакцияот 21.07.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

МИН-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Мин-Булак айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезексиз III сессиясынын

2021-жылдын 21-июлу № 3/15

Миӊ-Булак айыл өкмөтүнүн алдындагы “Таза суу Тазалык” муниципалдык ишканасынын ремонттук иштерине жана материалдык-техникалык базасын чыңдоо үчүн акча каражатын бөлүү тууралуу

Күн тартибиндеги маселе боюнча Миӊ-Булак айыл өкмөтүнүн башкы бухгалтери Жумабек уулу Жанболоттун баяндамасын угуп жана талкуулап, депутаттардын Миң-Булак айыл аймагынын айылдык кенешинин XXVIII чакырылышына кезексиз III сессиясы токтом кылат:

1.Миӊ-Булак айыл өкмөтүнүн 2021-жылдагы бюджетинин төмөндөгү статьясынан;

- 22211200-статьяга ылайык таза суу системасынын курулмаларын оӊдоого 200000 (эки жуз миӊ) сом акча каражаты калкты таза суу менен камсыз кылуу иштерин жакшыртуу максатында кайтарымсыз бөлүнүп берилсин;

- 22154900-статьяга ылайык муниципиалдык ишкананын материалдык-техникалык базасын чындоого 2022-жылдын 1-ноябрына чейин 1000000 (бир миллион) сом акча каражат кайтарымдуу бекитилип, берилсин.

2. Бул токтомду Веб сайтка жарыялоо жагы Миӊ-Булак айылдык кеӊешинин жооптуу катчысы А.Айтбаевага тапшырылсын.

3. Бөлүнгөн каражаттын максаттуу пайдалануусун камсыз кылуу жана отчетун алуу боюнча иш алып баруу жагы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы Жумабек уулу Жанболотко милдеттендирилсин.

 

Төрага

А.Жамангулов