Редакцияот 27/08/2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

МИН-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Мин-Булак айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезексиз IV сессиясынын

2021-жылдын 27-августа № 4/17

Миӊ-Булак айыл өкмөтүнүн алдындагы “Таза суу тазалык ишканасы ” муниципалдык ишканасынын адистеринин эмгек акысын бекитүү жана таза сууну пайдалануу шартынын тарифин бекитүү жөнүндө

Күн тартибиндеги маселе боюнча Миӊ-Булак айыл өкмөтүнүн алдындагы “Таза суу тазалык ишканасы” муниципалдык ишканасынын жетекчиси Асенов Жаныбектин  баяндамасын угуп жана талкуулап, депутаттардын Миң-Булак айыл аймагынын айылдык кенешинин XXVIII чакырылышына кезексиз IV сессиясы токтом кылат:

            1.“Таза суу, тазалык ишканасы” муниципалдык ишканасынын адистеринин 5 айлык  эмгек акысы жалпы баары 205005 (эки жүз беш миӊ беш) сом болуп бекитилсин.(тиркеме тиркелет-1 баракта)

2.Миӊ-Булак,Куйбышев айылынын жарандарынын үйлөрүнө же короосуна ичүүчү таза сууну киргизип, пайдалануу шартынын тарифи;

-Ичүүчү таза сууну түтүнгө бөлүп киргизүүсүнө уруксаат кагазын алууга, келишим түзүүгө 2000(эки миӊ)сом.

-Ичүүчү таза сууну үйүнө киргизгендер түтүнгө бир жылга 1800 ( бир миӊ сегиз жүз)сом,

Көчөдөгү суу түтүктөрүнөн пайдаланып  ичкендерге бир жылга 600(алты жүз) сом.

-мончо иштеткендерге бир жылга 6000(алты миӊ) сом болуп бекитилсин.

3.Пайдалануу шартын бузуу учурунда Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексинин 73,74,75-беренесине ылайык айып пулдар салынсын.

4. Бул токтомду Веб сайтка жарыялоо жагы Миӊ-Булак айылдык кеӊешинин жооптуу катчысы А.Айтбаевага тапшырылсын.

            5.Көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы К.Кудайбергеновго   милдеттендирилсин.

 

Төрага

А.Жамангулов