МИН-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Мин-Булак айыл аймагынын айылдык Кеңешинин XXVII чакырылышынын кезексиз II сессиясынын
2021-жылдын 29-июнь № 1/6
«Мин-Булак техникалык тейлөө” ишканасын түзүүгө макулдук берүү жөнүндө
Мин-Булак айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы К.Кудайбергеновдун баяндамасын угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү мыйзамынын 31-беренесине ылайык Мин-Булак айыл аймагынын айылдык кенешинин XXVII чакырылышынын кезексиз II сессиясы
Токтом кылат
1. Мин-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн алдындагы “ Мин-Булак техникалык тейлөө” ишканасын ачууга макулдук берилсин.
2. Мин-Булак техникалык тейлөө ишканасын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, юстиция органдарынан мамлекеттик каттоодон өткөрүү, тийиштүү иш кагаздарын бүтүрүү жагы айыл өкмөттүн башчысы К.Кудайбергеновго жүктөлсүн.
Төрага | А.Жамангулов |