Загрузка документа…
КР 2017-жылдын 13-апрелиндеги № 58 Кодексине ылайык 2019-жылдын 1-январынан тартып КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
Бишкек шаары, 2004-жылдын 2-августу № 102
Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралуу
1-статья.
Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1999-ж., N 2, 77-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
1. 595-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"595-статья. Администрациялык укук бузуу жөнүндө иштер боюнча токтомго даттануунун тартиби
Администрациялык укук бузуу жөнүндө иштер боюнча токтом тиешелүү жогору турган органга (кызмат адамына) же райондук (шаардык) сотко даттанылышы мүмкүн.
Жогору турган орган (кызмат адамы) тарабынан кабыл алынган администрациялык укук бузуу жөнүндө иштер боюнча токтом райондук (шаардык) сотко даттанылышы мүмкүн.
Ушул Кодекстин 508-статьясында каралган караштуулугу тике сотко тиешелүү администрациялык укук бузуулар боюнча кабыл алынган судьянын токтому, ошондой эле ушул статьянын биринчи бөлүгүндө каралган учурларда жогору турган органдын (кызмат адамынын) токтому боюнча кабыл алынган судьянын токтому областтык жана ага теңештирилген соттун жазык иштери жана администрациялык укук бузуулар жөнүндө иштер боюнча соттук коллегиясына апелляциялык тартипте даттанылышы мүмкүн.
Соттун мыйзамдуу күчүнө кирген токтому областтык жана ага теңештирилген соттун жазык иштери жана администрациялык укук бузуулар жөнүндө иштер боюнча соттук коллегиясына кассациялык тартипте даттанылышы мүмкүн.
Даттануу (көрсөтүү) боюнча үч судьянын курамында кабыл алынган областтык жана ага теңештирилген соттун жазык иштери жана администрациялык укук бузуулар жөнүндө иштер боюнча соттук коллегиясынын чечими аткаруу үчүн үч күндүк мөөнөттө жиберилет.
Областтык жана ага теңештирилген соттун жазык иштери жана администрациялык укук бузуулар жөнүндө иштер боюнча соттук коллегиясынын соттук курамы тиешелүү областтык же ага теңештирилген соттун төрагасы тарабынан аныкталат.
Мыйзамдуу күчүнө кирген сот актыларына даттануу апелляциялык же кассациялык инстанциядагы сот катары администрациялык ишти караган областтык жана ага теңештирилген соттун жазык иштери жана администрациялык укук бузуулар жөнүндө иштер боюнча соттук коллегиясынын чечими Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Жазык иштери жана администрациялык укук бузуулар жөнүндө иштер боюнча соттук коллегиясына даттанылышы мүмкүн.".
2. 600-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"600-статья. Администрациялык укук бузуу жөнүндө иш боюнча
токтомго даттанууну жогору турган орган (кызмат адамы) тарабынан
кароо
Администрациялык укук бузуу жөнүндө иш боюнча токтомго даттанууну карап чыгып, жогору турган орган (кызмат адамы) төмөнкүдөй чечимдердин бирин кабыл алат:
1) токтомду өзгөртүүсүз, ал эми даттанууну, көрсөтүүнү - канааттандыруусуз калтыруу жөнүндө;
2) токтомду өзгөртүү жөнүндө;
3) эгерде даттанууну кароодо токтом ыйгарым укуксуз орган (кызмат адамы) тарабынан чыгарылгандыгы белгиленсе, токтомду жокко чыгаруу жана ишти ведомстволук караштуулугу боюнча кароого жиберүү жөнүндө;
4) ушул Мыйзамдын 549-статьясында каралган жагдайлар болгондо токтомду жокко чыгаруу жана ишти кыскартуу жөнүндө.
Даттанууну кароонун натыйжалары боюнча чечим токтом түрүндө чыгарылат.
Администрациялык укук бузуу жөнүндө иш боюнча токтомго даттануу боюнча токтомдун көчүрмөсү үч күндүн ичинде ага карата чыгарылган адамга, өтүнүчү боюнча - жабырлануучуга жиберлет.".
3. 42-глава төмөнкүдөй мазмундагы 600-1, 600-2 жана 600-3-статьялар менен толукталсын:
"600-1-статья. Райондук (шаардык) соттун судьясы тарабынан администрациялык укук бузуу жөнүндө иш боюнча токтомго даттанууну кароо
Органдын (кызмат адамынын) администрациялык укук бузуу жөнүндө иш боюнча мыйзамдуу күчүнө кире элек токтомуна даттануу болгондо райондук (шаардык) сот ушул Кодекстин 41-главасында каралган эрежелерди колдонуу менен биринчи инстанциядагы сот катары чыгат.
600-2-статья. Областтык же ага теңештирилген соттун жазык иштери жана администрациялык укук бузуулар жөнүндө иштер боюнча соттук коллегиясы тарабынан райондук (шаардык) соттун судьясынын администрациялык укук бузуу жөнүидө иш боюнча мыйзамдуу күчүнө кире элек токтомуна апелляциялык тартипте даттануунун каралышы
1. Райондук (шаардык) соттун администрациялык укук бузуу жөнүндө иш боюнча мыйзамдуу күчүнө кире элек токтомуна даттанууну карап чыгып, областтык же ага теңештирилген соттун жазык иштери жана администрациялык укук буэуулар жөнүндө иштер боюнча соттук коллегиясы үч судьянын курамында апелляциялык (экинчи) инстанциядагы сот катары иштеп төмөнкүдөй чечимдердин бирин кабыл алат:
1) токтомду өзгөртүүсүз, ал эми даттанууну көрсөтүүнү - канааттандыруусуз калтыруу жөнүндө;
2) токтомду өзгөртүү жөнүндө;
3) токтомду жокко чыгаруу жана жаңы чечим кабыл алуу жөнүндө.
Даттанууну кароонун натыйжалары боюнча чечим токтом, аныктама түрүндө чыгарылат жана токтоосуз мыйзамдуу күчүнө кирет.
Администрациялык укук бузуу жөнүндө иш боюнча токтомго даттануу боюнча токтомдун, аныктаманын көчүрмөсү үч күндүн ичинде ага карата чыгарылган адамга, өтүнүчү боюнча - жабырлануучуга жиберилет.".
600-3-статья. Областтык же ага теңештирилген соттун жазык иштери жана администрациялык укук бузуулар жөнүндө иштер боюнча соттук коллегиясы тарабынан райондук (шаардык) соттун судьясынын администрациялык укук бузуу жөнүндө иш боюнча мыйзамдуу күчүнө кирген токтомуна кассациялык тартипте даттануунун каралышы
Райондук (шаардык) соттун администрациялык укук бузуу жөнүндө иш боюнча мыйзамдуу күчүнө кирген токтомуна даттанууну кассациялык тартипте карап чыгып, областтык же ага теңештирилген соттун жазык иштери жана администрациялык укук бузуулар жөнүндө иштер боюнча соттук коллегиясы үч судьянын курамында кассациялык инстанциядагы сот катары иштеп төмөнкүдөй чечимдердин бирин кабыл алат:
1) токтомду өзгөртүүсүз, ал эми даттанууну, көрсөтүүнү - канааттандыруусуз калтыруу жөнүндө;
2) токтомду өзгөртүү жөнүндө;
3) токтомду жокко чыгаруу жана жаңы чечим кабыл алуу жөнүндө.
Даттанууну кароонун натыйжалары боюнча чечим токтом, аныктама түрүндө чыгарылат.
Администрациялык укук бузуулар боюнча биринчи инстанциядагы соттордун күчүнө кирген токтому ал күчүнө кирген күндөн баштап бир айдын ичинде кассациялык тартипте кайра кароого жатат.
Администрациялык укук бузуу жөнүндө иш боюнча токтомго даттануу боюнча токтомдун, аныктаманын көчүрмөсү үч күндүн ичинде ага карата чыгарылган адамга, өтүнүчү боюнча жабырлануучуга жиберилет.".
4. 601-статьяда:
биринчи бөлүктөгү "же судьянын" деген сөздөр алып салынсын;
экинчи бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Администрациялык укук бузуу жөнүндө иш сот көзөмөлү тартибинде Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Жазык иштери жана администрациялык укук бузуулар жөнүндө иштер боюнча соттук коллегиясы тарабынан үч судьянын курамына ишке тиешеси бар адамдарга кабарлоо менен каралат, бирок алардын келбей коюшу ишти кароого тоскоолдук болуп саналбайт Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Жазык иштери жана администрациялык укук бузуулар жөнүндө иштер боюнча соттук коллегиясынын соттук курамы Жогорку соттун Төрагасы же анын орун басары тарабынан аныкталат.".
5. 602-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"602-статья. Сот тарабынан көзөмөл тартибинде кабыл алынуучу чечимдер
Көзөмөл инстанциясынын соту (Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Жазык иштери жана администрациялык укук бузуулар жөнүндө иштер боюнча соттук коллегиясы) ишти көзөмөл тартибинде карап чыгат жана төмөнкүлөргө укуктуу:
1) жергиликтүү соттун соттук актысын (соттук актыларын) күчүндө, ал эми даттанууну же көрсөтүүнү - канааттандыруусуз калтырууга;
2) иш боюнча мурда кабыл алынган актылардын бирин күчүндө калтырууга жана калган соттук актыларды жокко чыгарууга;
3) жергиликтүү соттордун соттук актыларына өзгөртүүлөр киргизүүгө;
4) жергиликтүү соттордун соттук актыларын жокко чыгарууга жана администрациялык укук бузуу жөнүндө иш боюнча өндүрүштү токтотууга;
5) көзөмөл өндүрүшүн токтото турууга жана мыйзамга расмий чечмелөө берүү жөнүндө суроо-талапты Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберүүгө, мыйзамдын конституциялуулугун текшерүүү жөнүндө суроо-талапты Кыргыз Рөспубликасынын Конституциялык сотуна жиберүүгө;
6) жергиликтүү соттордун соттук актыларын жокко чыгарууга жана жаңы чечим кабыл алууга;
7) жергиликтүү соттордун соттук актыларын жокко чыгарууга жана соттун иштин маңызы боюнча чечими жок болгондо ишти жаңыдан кароого тиешелүү жергиликтүү сотко берүүгө.
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Жазык иштери жана администрациялык укук бузуулар жөнүндө иштер боюнча соттук коллегиясынын чечими ушул статьянын биринчи бөлүгүнүн 1, 2, 3, 4, 6-пункттарынын негизинде токтом түрүндө ошол эле бөлүктүн 5 же 7-пунктунун негизинде аныктама түрүндө чыгарылат.
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Жазык иштери жана администрациялык укук бузуулар жөнүндө иштер боюнча соттук коллегиясынын көзөмөл тартибиндө кабыл алынган актылары даттанылууга жатпайт.".
6. 42-глава төмөнкүдөй мазмундагы 602-1-статья менен толукталсын:
"602-1-статья. Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Жазык иштери жана администрациялык укук бузуулар жөнүндө иштер боюнча соттук коллегиясынын жаңы чечимин кабыл алуунун негиздери жана тартиби
Эгерде жергиликтүү сот тарабынан соттук акт чыгарылып, бирок материалдык жана процесстик укук ченемдерин колдонууда каталыкка жол берилсе, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Жазык иштери жана администрациялык укук бузуулар жөнүндө иштер боюнча соттук коллегиясы администрациялык укук бузуу жөнүндө иш боюнча жаңы чечим кабыл алат.
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Жазык иштери жана администрациялык укук бузуулар жөнүндө иштер боюнча соттук коллегиясы төмөнкүлөргө укуктуу:
1) жергиликтүү соттордун соттук актыларын жокко чыгарууга жана администрациялык укук бузуу иши боюнча өндүрүштү кыскартууга;
2) жергиликтүү соттордун соттук актыларын жокко чыгарууга жана жаңы чечим чыгарууга.
Тиешелүү түрдө кабарланган укук бузуучунун же жабырлангандын жүйөлүү себепсиз сот заседаниесине келбей коюшу администрациялык иш боюнча жаңы чечим кабыл алууга тоскоолдук кылбайт.".
2-статья.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
3-статья.
"Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жаңы редакциясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы күчүнө киргенден кийин жергиликтүү сот актыларын бузуу жана жаңыдан кароого жөнөтүү жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын Жогорку соту кабыл алган сот актылары Кыргыз Республикасынын Конституциясына жана ушул Мыйзамга ылайык, биринчи инстанциядагы сот тарабынан каралган жана алар боюнча чечимдер кабыл алынган иштерден тышкарыда, Кыргыз Республикасынын Жогорку соту тарабынан күчүнө кирген күндөн 6 айдын ичинде кайра каралат.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| А.Акаев |
|
|
|
2004-жылдын 10-июнунда |
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Мыйзам чыгаруу жыйыны тарабынан кабыл алынган |