Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-КЫЯ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин сессиясы
2022-жылдын 12-августун № 13/42
Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерди турак жай менен камсыз кылуу үчүн Кызыл-Кыя шаарынын “Восток 2-1” жаны конушундагы Сухой-Сай участогунан калктуу конуштар категориясындагы 0,8 га жер тилкесин Кыргыз Республикасынын Президентинин иш башкармасына ажыратып берүү жөнүндө
Күн тартибиндеги маселени карап жана талкуулап чыгып, «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын 2021–жылды 20–октябрындагы №123 Мыйзамынын 34–беренесине, шаардык кеӊештин Коммуналдык обьектер, менчик, мүлк, экология, санитардык тазалоо, көрктөндүрүү архитектура, курулуштар маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын отурумунун 2022-жылдын 8-августундагы № 17- чечимине негиз жана Кызыл-Кыя шаарынын
1-вице-мэри К.Абдурахмановдун 2022-жылдын 08-августундагы №01-8/629 кайрылуу катын эске алып, Кызыл–Кыя шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ кылат:
1. Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерди турак жай менен камсыз кылуу үчүн Кызыл-Кыя шаарынын “Восток 2-1” жаны конушундагы Сухой-Сай участогунан калктуу конуштар категориясындагы 0,8 га жер тилкесин Кыргыз Республикасынын Президентинин иш башкармасына ажыратып берүүгө макулдук берилсин.
2. Ушул токтомдун негизинде тийиштүү иш кагаздарын даярдоо жагы Кызыл-Кыя шаарынын мэри А.Маткалыковго тапшырылсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин Коммуналдык обьектер, менчик, мүлк, экология, санитардык тазалоо, көрктөндүрүү, архитектура, курулуштар маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
| К. Калматов |