Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
БУЙРУК
2008-жылдын 22-январы ПБ № 30
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун материалдык-техникалык базасын жакшыртуу, сот адилеттигин жүргүзүү үчүн талаптагыдай шарттарды түзүү максаты жөнүндө
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун материалдык-техникалык базасын жакшыртуу, сот адилеттигин жүргүзүү үчүн талаптагыдай шарттарды түзүү максатында:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 4-июлундагы N 333 "Кыргыз Республикасында администрациялык-аймактык түзүлүштөр системасын кайра уюштурууга концепциялык мамиле жөнүндөгү" Жарлыгына ылайык жоюла турган мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмдөрүнүн бошогон имараттарын Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Сот департаментине ушул буйруктун тиркемесиндеги тизмеге ылайык белгиленген тартипте өткөрүп берсин.
2. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Сот департаменти Кыргыз Республикасынын мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик комитети менен бирдикте жогоруда аталган Жарлыкка ылайык жоюла турган мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмдөрүнүн башка бошогон имараттарына Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторун натыйжалуу жайгаштыруу боюнча сунушту бир айлык мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө киргизсин.
3. Бул буйруктун аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин орунбасарына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Президенти
|
К.Бакиев |
| Кыргыз Республикасынын Президентинин 2008-жылдын 22-январындагы № 30 буйругунун тиркемеси |
1. Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин Баткен шаардык аскер комиссариаты.
2. Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин Жалалабат облустук аскер комиссариаты.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча мамлекеттик агенттиктин Талас аймактык курчап турган чөйрөнү коргоо башкармасы.