Загрузка документа…
КР 2021-жылдын 31-декабрындагы ПТ № 265 буйругуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
БУЙРУК
2008-жылдын 5-февралы ПБ № 54
(Кыргыз Республикасында соттордун алтынчы съездин даярдоону жана өткөрүүнү камсыз кылуу)
Кыргыз Республикасында соттордун алтынчы съездин даярдоону жана өткөрүүнү камсыз кылуу максатында:
1. Уюштуруу комитети төмөнкү курамда түзүлсүн:
Садыркулов Медет Чаканович - | Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси, уюштуруу комитетинин төрагасы;
|
Алиева Жаңыл Садыевна - | Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун төрайымы;
|
Суталинов Абдыбек Асанкулович - | Кыргыз Республикасынын Конституциялык Сотунун төрагасынын орунбасары (макулдашуу боюнча);
|
Зулпиев Бектур Рысбаевич - | Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын укуктук саясат бөлүмүнүн башчысы;
|
Сыдыкова Лейла Чынтургановна - | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, коргонуу, коопсуздук, укук тартиби жана соттук-укуктук реформа боюнча комитетинин төрагасы (макулдашуу боюнча);
|
Калимбетова Тажикан Борбугуловна - | Кыргыз Республикасынын финансы министри;
|
Кайыпов Марат Таштанович - | Кыргыз Республикасынын юстиция министри;
|
Темирбаев Курманбек Токтосунович - | Кыргыз Республикасынын Президентинин иш башкаруучусу;
|
Кочкорбаев Иманилла Нуркамилович - | Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигине караштуу Сот департаментинин директору;
|
Султанов Марат Сейтбаевич - | Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун төрагасы (макулдашуу боюнча);
|
Сатаров Улан Мелисович - | Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын укуктук саясат бөлүмүнүн башчысынын орунбасары - сот органдары секторунун башчысы, уюштуруу комитетинин жооптуу катчысы.
|
2. Уюштуруу комитети Кыргыз Республикасынын судьяларынын алтынчы съездин даярдоо жана өткөрүү боюнча негизги ишчаралардын программасын, планын, анын ичинде финансылоо маселелерин иштеп чыксын жана бекитсин жана аларды аткарууну камсыз кылсын.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы уюштуруу комитетинин сунушу боюнча ушул ишчараларды өткөрүү маселелери менен байланышкан уюштуруу маселелерин чечүү үчүн зарыл финансы каражаттарды бөлүүнү камсыз кылсын.
4. Бул буйруктун аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын укуктук саясат бөлүмүнө жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Президенти
|
К.Бакиев |