Сравнение редакций…
КР 2017-жылдын 24-январындагы № 10 Мыйзамына ылайык 2019-жылдын 1-январынан тартып КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
Бишкек шаары, 2004-жылдын 8-августу № 111
Кыргыз Республикасынын Жазык процесстик кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
1-статья.
Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1999-ж., N 10,442-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
1. 1-статьянын биринчи бөлүгү "Кыргыз Республикасынын Конституциясы" деген сөздөрдөн кийин ", Кыргыз Республикасынын Жогорку Соту жана жергиликтүү соттору жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы" деген сөздөр менен толукталсын.
2. 5-статья төмөнкүдөй мазмундагы бешинчи абзац менен толукталсын:
"кассациялык инстанциядагы сот - үч судьянын курамында иштеген, мурда апелляциялык тартипте даттанылбаган, соттук чечимдин мыйзамдуу күчүнө киришине даттануулар жана сунуштар боюнча иштерди караган областтык соттор, Бишкек шаардык соту, Кыргыз Республикасынын Аскердик соту;";
бешинчи-кыркынчы абзацтар тиешелүүлүгүнө жараша алтынчы-кырк биринчи абзацтар болуп эсептелсин.
3. 12-статья төмөнкүдөй мазмундагы бешинчи бөлүк менен толукталсын:
"(5) өзүнүн кылмыш жасагандыгын моюнга алышынын негизинде эч ким соттолууга тийиш эмес.".
4. 26-статьянын экинчи бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Жеке айыптоо иштерине: 110-статьяда, 112-статьянын экинчи бөлүгүндө, 126-статьянын биринчи бөлүгүндө, 127, 128-статьяларда, 134-статьяда, 135-статьяда, 136-статьянын биринчи жана экинчи бөлүктөрүндө, 137-статьянын биринчи бөлүгүндө, 139-статьянын биринчи бөлүгүндө, 140, 141, 146, 150, 151, 178, 194-статьяларда, 324-статьянын биринчи бөлүгүндө каралган кылмыштар жөнүндөгү иштер кирет.
Ал жабырлануучунун даттануусу боюнча козголот жана тараптардын жарашуусу менен токтотулат. Жарашуу өкүм мыйзамдуу күчүнө киргенге чейин болушу мүмкүн.".
5. 27-статьяда:
экинчи бөлүк алып салынсын;
үчүнчү бөлүк экинчи бөлүк болуп эсептелсин.
6.28-статьянын биринчи бөлүгү:
7-пункт ", өлгөн адамды реабилитациялоо же башка жактарга карата ишти тергөө үчүн иш жүргүзүү боюнча зарыл болгон учурлардан тышкары;" деген сөздөр менен толукталсын;
бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы 12, 13, 14-пункттар менен толукталсын:
"12) жабырлануучу жеке жана жеке-ачык айыптоону колдоодон баш тартканда;
13) прокурор жаран (адам) жабырлануучу болуп саналбаган иш боюнча жеке - ачык айыптоону колдоодон баш тартканда;
14) жабырлануучу жана прокурор ачык айыптоону колдоодон баш тартканда.".
7. 31 жана 32-статьялар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"31-статья. Соттун курамы
(1) Жазык иштерин кароону сот тарабынан коллегиялуу же судья тарабынан жекече жүзөгө ашырылат.
(2) Өзгөчө жазалоо чарасы катары өлүм жазасы колдонулушу мүмкүн болгон кылмыш жасагандыгы менен адамды айыптоо боюнча, жашы жетелектерди айыптоо боюнча жазык зыян кароо судьянын төрагалыгы астында жана эки соттук заседателдин катышуусу менен биринчи инстанциядагы сот тарабынан жүзөгө ашырылат.
Башка жазык иштери биринчи инстанциядагы соттун судьясы тарабынан жекече жүзөгө ашырылат.
(3) Жазык иштерин апелляциялык тартипте кароо үч судьянын курамындагы соттук коллегия тарабынан жүзөгө ашырылат.
(4) Жазык иштерин кассациялык тартипте кароо областтык жана ага теңештирилген соттун үч судьянын курамындагы соттук коллегиясы тарабынан жүзөгө ашырылат.
(5) Жазык иштерин көзөмөл тартибинде кароо Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун жазык иштери жана администрациялык укук бузуулар жөнүндө иштер боюнча соттук коллегия тарабынан үч судьядан турган курамда, Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Президиуму тарабынан кеминде жети судьядан турган курамда жүзөгө ашырылат.
(6) Жазык иши үч судьядан турган курамдагы сот тарабынан каралганда ошол соттун төрагасынын же анын орунбасарынын тапшыруусу боюнча алардын бири төрагалык кылат. Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Президиумунун заседаниесинде Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Төрагасы, болбосо анын тапшыруусу боюнча Президиумдун мүчөлөрүнүн бири төрагалык кылат.
32-статья. Соттун ыйгарым укуктары
(1) Сот гана төмөнкүлөргө ыйгарым укуктуу:
1) адамды кылмыш жасагандыгы боюнча күнөөлүү деп табууга жана ага жаза дайындоого;
2) соттолуучуну актоого;
3) адамга медициналык мүнөздөгү мажбурлоочу чараларды колдонууга;
4) адамга тарбиялык таасир берүүчү мажбурлоочу чараларды колдонууга;
5) жекече аныктама чыгарууга.
(2) Сот ошону менен катар эле соттук заседаниеге даярдануунун жүрүшүндө төмөнкүдөй чечимдерди кабыл алууга ыйгарым укуктуу:
1) соттолуучуга карата бөгөт коюу чарасын тандоо, өзгөртүү, бузуу жөнүндө;
2) процесстин катышуучуларына карата процесстик мажбурлоо чараларын колдонуу жөнүндө;
3) иш боюнча өндүрүштү токтото туруу жөнүндө;
4) иш боюнча өндүрүштү кыскартуу жөнүндө;
5) тергөөдөгү мүчүлүштүктөрдү жоюу үчүн ушул Кодекстин 264-статьясында каралган тартипте прокурорго ишти кайра кайтаруу жөнүндө.
(3) Сот жарандардын жана юридикалык жактардын тергөөчүнүн, прокурордун чечимине карата даттанууларын ушул Кодекстин 131-132-статьяларында каралган тартипте карайт.
(4) Соттун чечими иш боюнча жаңы чечим кабыл алууга укуктуу болгон жогору турган сот тарабынан гана жокко чыгарылышы же өзгөртүлүшү мүмкүн.
(5) Сот жаңыдан ачылган жагдайлар боюнча ишти кайра кароого укуктуу.".
8. 46-статьянын 7-пунктундагы "шектүүнүн, айыпкердин соттолуучунун" деген сөздөр "шек саналгандардын, айыпталгандардын же соттолуучунун" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
9. 47-статьянын үчүнчү бөлүгүндөгү "46-статьясында" деген сөздөр "46-статьясынын 2-5-пункттарында" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
10. 71-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"71-статья. Ишти кароого судьялардын кайталап катышуусунун жол берилгистиги
(1) Биринчи инстанцияда сотто ишти кароого катышкан судья ошол эле ишти апелляциялык жана кассациялык тартипте, көзөмөлдүк тартибинде кароого, ошондой эле ал чыгарган ишти кыскартуу жөнүндө өкүм же токтом (аныктама) бузулгандан кийин биринчи инстанциядагы сотто ошол эле ишти жаңыдан кароого катыша албайт.
(2) Апелляциялык жана кассациялык тартипте ишти кароого катышкан судья ошол эле ишти көзөмөлдүк тартибинде кароого катыша албайт.
(3) Анын катышуусу менен чыгарылган соттун чечими жокко чыгарылган учурда судья ишти апелляциялык жана кассациялык тартипте же көзөмөлдүк тартибинде кароого кайталап катыша албайт.
(4) Ишти апелляциялык, кассациялык же көзөмөлдүк тартибинде, болбосо жаңыдан ачылган кырдаалдар боюнча кароого катышкан судья ошол эле ишти биринчи инстанциядагы сотто кароого катыша албайт.".
11. 73-статьянын бешинчи бөлүгүндөгү "тараптардын кимдир бирөөнө" деген сөздөр ", прокурорго, жактоочуга," деген сөздөр менен алмаштырылсын.
12. 109-статья төмөнкүдөй мазмундагы онунчу бөлүк менен толукталсын:
"(10) Күрөө түрүндөгү бөгөт коюу чарасын камакка алуу менен алмаштыруу учурунда, эгерде бул шек саналгандын же айыпталгандын талаптагыдай эмес жүрүш-турушу менен байланышпаган болсо, күрөө берүүчүгө күрөө кайра кайтарылат.".
13. 114-статьядагы "кылмыштын оордугуна же аны бир нече жолу жасалгандыгына" деген сөздөр "оор кылмыш катары квалификацияланган жаза чарасын колдонулуучу жосунду бир нече курдай жасагандыгы же өтө оор кылмыш жасагандыгы менен айыпталгандыгына" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
14. 132-статьяда:
биринчи бөлүктөгү "бөгөт коюу чарасы катары камакка алуу же аны өзгөртүү тандалып алынганда" деген сөздөр алып салынсын;
үчүнчү бөлүктүн 5-пункту алып салынсын; акыркы абзацтагы "шектүүлөрдү жана айыпкерлерди камакка кармоочу жерлердин кызматкерлери," деген сөздөр алып салынсын;
төртүнчү бөлүктөгү "Кыргыз Республикасынын Жогорку Соту тарабынан" деген сөздөр алып салынсын.
15. Кодекс төмөнкүдөй мазмундагы 132-1-статья менен толукталсын:
"132-1-статья. Бөгөт коюу чарасы катары тергөөчүнүн, прокурордун
камакка алууну колдонушуна даттанууну кароонун соттук тартиби
(1) Бөгөт коюу чарасы катары тергөөчүнүн, прокурордун камакка алууну колдонушуна, ошондой эле камакка алуу мөөнөтү" узартууга даттанууну камакта жаткан адам, анын жактоочусу же мыйзамдуу өкүлү камактагы адамдын камакта жаткан жери боюнча түздөн-түз райондук (шаардык) сотко берет.
(2) Адам камакта жаткан жердин администрациясы ал адамдын арест же камакта кармоо мөөнөтүн узартууга сотко жолдонгон даттануусу алынары менен дароо эле, жок дегенде аны алган учурдан тартып жыйырма төрт сааттан кечиктирбестен ал туурасында прокурорго кабарлоо менен аны тийиштүү сотко жөнөтөт.
(3) Тергөөчү жана прокурор жыйырма төрт сааттын ичинде келип түшкөн даттанууну бөгөт коюу чарасы катары камакка алуу же камакта кармоо мөөнөтүн узартуунун мыйзамдуулугун жана негиздүүлүгүн ырастаган материалдар менен бирге сотко жөнөтүүгө милдеттүү. Эгерде даттануу ал адам камакта жаткан жердин администрациясы аркылуу берилген болсо, прокурор аталган материалдарды адам камакта жаткан жердин администрациясынан ал алынган учурдан баштап жыйырма төрт сааттын ичинде ал адам даттанууну бергендиги жөнүндө билдирүүнү сотко жөнөтүүгө милдеттүү.
(4) Эгерде тергөөчү же прокурор керектүү деп таппаса, даттанууну берүү ал чечилгенге чейин бөгөт коюу чарасы катары камакка кармоо жөнүндө токтомдун күчүн токтото албайт жана ал адамды камактан бошотууга алып келбейт.
(5) Судья бөгөт коюу чарасы катары камакка алуунун мыйзамдуулугун жана негиздүүлүгүн ырастаган материал алынган күндөн баштап үч суткадан кечиктирбестен арест же камакка алуу мөөнөтүн узартуунун мыйзамдуулугун жана негиздүүлүгүн текшерет.
(6) Арест же камакка алуу мөөнөтүн узартуунун мыйзамдуулугун жана негиздүүлүгүн соттук текшерүү прокурордун, жактоочунун, эгерде ишке катышып жаткан болсо, ошондой эле камакта жаткан адамдын мыйзамдуу өкүлүнүн катышуусу менен жабык заседаниеде жүргүзүлөт. Судья камакта жаткан адамды заседаниеге чакыра алат. Даттанууну кароо күнү жөнүндө өз убаганда кабар кылынган тараптардын жүйөлүү себепсиз келбей калышы соттук текшерүү үчүн тоскоолдук болуп саналбайт.
(7) Арест же камакка алуу мөөнөтүн узартуунун мыйзамдуулугун жана негиздүүлүгүн соттук текшерүүнү камакта жаткан адам жокто жүргүзүүгө өзгөчө учурларда гана, ал адам даттанууну ал жокто кароо жөнүндө өтүнүч кылганда, болбосо заседаниеге катышуудан өз демилгеси менен баш тартканда гана жол берилет.
(8) Заседаниенин башталышында судья кандай даттануу карала тургандыгын жарыя кылат, заседаниеге келген адамдарды тааныштырат, аларга алардын укуктарын жана милдеттерин түшүндүрөт. Андан кийин, эгерде даттанууну кароого катышып жатса, арыз ээси даттанууну негиздейт, андан кийин заседаниеге келген башка адамдар угулат.
(9) Соттук текшерүүнүн натыйжасында судья төмөнкүдөй токтомдордун бирин чыгарат:
1) камакка алуу түрүндөгү бөгөт коюу чарасын бузуу жана адамды камактан бошотуу;
2) даттанууну канааттандыруусуз калтыруу.
(10) Эгерде заседаниеде бөгот коюу чарасы катары камакка алуунун же камакта кармоо мөөнөтүн узартуунун мыйзамдуулугун жана негиздүүлүгүн ырастаган материалдар сунуш кылынбаган болсо, судья мындай бөгөт коюу чарасын бузуу жөнүндө жана адамды камактан бошотуу жөнүндө токтом чыгарат.
(11) Судьянын токтому жүйөлүү болууга тийиш.
(12) Судья камакка алуу түрүндө бөгөт коюу чарасын бузуу жөнүндө токтом чыгаруу менен бир эле учурда мыйзамда каралган башка ар кандай бөгөт коюу чарасын тандап алууга укуктуу.
(13) Судьянын токтомунун көчүрмөсү прокурорго жана арыз ээсине жиберилет, ал эми адамды камактан бошотуу жөнүндө чечим кабыл алынган учурда дароо аткаруу үчүн адам камакта турган жерге жиберилет. Эгерде камакта жаткан адам заседаниеге катышса, ал жогоруда көрсөтүлгөн учурда соттук заседание залынан дароо судья тарабынан камактан бошотулат.
(14) Даттануу канааттандырылбастан калтырылган учурда судья тарабынан ошол эле адамдын ошол эле иши боюнча даттанууну кайталап кароосуна, эгерде бөгөт коюу чарасы катары камакка алууну бузуудан же өзгөртүүдөн кийин тергөөчү же прокурор тарабынан кайрадан тандалып алынган болсо, ушул статьяда каралган тартипте жол берилет.
(15) Ушул статьяга ылайык чыгарылган судьянын токтому кассациялык тартипте да жана көзөмөлдүк тартибинде да даттанылышы мүмкүн.".
16. 148-статьянын биринчи бөлүгүндөгү экинчи сүйлөм алынып салынсын.
17. 163-статьяда:
биринчи бөлүктөгү "97-122" деген сандар "97-109, 111-статьялары, 112-статьянын биринчи бөлүгү, 113-122-статьялары" деген сөздөр менен алмаштырылсын; "123-128" деген сандар "123-125-статьялары, 126-статьянын экинчи бөлүгү" деген сөздөр менен алмаштырылсын; "192-196" деген сандар "192, 193, 195, 196" деген сандар менен алмаштырылсын;
үчүнчү бөлүктөгү "134-152-статьялар" деген сөздөр "136-статьянын үчүнчү бөлүгү, 137-статьянын экинчи бөлүгү, 138-статья, 139-статьянын экинчи жана үчүнчү бөлүктөрү, 142 145, 147-149, 152-статьялары" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
бешинчи бөлүктөгү "178-180" деген сандар "179, 180" деген сандар менен алмаштырылсын;
сегизинчи бөлүктөгү "317-334" деген сандар "317-323-статьялары, 324-статьянын экинчи жана үчүнчү бөлүктөрү, 325-334-статьялары" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
18. 239-статьянын биринчи бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы сүйлөм менен толукталсын: "Айыпталуучунун жана жабырлануучунун токтомдун көчүрмөсүн алгандыгы жөнүндөгү тилкаты ишке тиркелет.".
19. 240-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"240-статья. Жазык иштеринин сотко караштуулугу
(1) Райондук (шаардык) сотторго ушул статьянын экинчи бөлүгүндө каралган иштерден тышкары бардык кылмыштар жөнүндөгү жазык иштери караштуу.
(2) Гарнизондордун аскер сотторуна аскер кызматчылары, ошондой эле аскерге милдеттүүлөрдүн жыйынына чакырылгандар жасаган бардык кылмыштар жөнүндөгу жазык иштери караштуу.
(3) Бир адамды же адамдардын тобун бир нече кылмыш жасады деп айыптоодо, эгерде иштеги кылмыштардын бири эле аскердик сотуна, ал эми башкалары райондук (шаардык) сотторго караштуу болсо, бардык кылмыштар жөнүндөгү иш аскердик сот тарабынан каралат.
(4) Адамдардын тобун бир же бир нече кылмыш жасады деп айыптоодо, эгерде ал адамдардын биринин эле иши аскердик сотко, ал эми калгандарыныкы райондук (шаардык) сотко караштуу болсо, аскер кызматчысына тиешелүү ишти өзүнчө бөлүү мүмкүн болбогондо, бардык айыпталуучуга карата иш аскердик сот тарабынан каралат.".
20. 242-статьяда:
экинчи бөлүк алып салынсын;
үчүнчү бөлүк экинчи бөлүк болуп эсептелсин жана ал төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
(2) Ушул Кодекстин 70, 71-статьяларында көрсөтүлгөн жагдайлар болгон учурда Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Төрагасы же анын орунбасары өзүнүн токтому менен ишти кароо үчүн бир соттон экинчисине өткөрүп берет. Ушундай эле негиздер боюнча областтык соттун, Бишкек шаардык сотунун төрагасы ишти бир райондук (шаардык) соттон экинчисине, Кыргыз Республикасынын Аскердик сотунун төрагасы ишти гарнизондун бир аскердик сотунан экинчисиие өткөрүп берүүгө укуктуу, бул туурасында токтом чыгарылат;";
статья төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү бөлүк менен толукталсын:
"(3) Жогору турган сот төмөн турган соттун чечимин бузуу менен ушул Кодекстин 70, 71-статьяларында көрсөтүлгөн жагдайлар болгон учурда, ишти жаңыдан кароого башка сотко жиберүүгө укуктуу.".
21. 246-статьяда:
статьянын аталышындагы "же аны сотко караштуулугу боюнча жөнөтүү" деген сөздөр алып салынсын;
төртүнчү бөлүктөгү "иш боюнча өндүрүштү токтото турат" деген сөздөр алып салынсын;
биринчи бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы 5-пункт менен толукталсын:
"5) экспертизаны дайындоодо иш боюнча өндүрүштү токтото турат.";
үчүнчү бөлүк алып салынсын;
төртүнчү бөлүк үчүнчү бөлүк болуп эсептелсин.
22. 249-статья төмөнкүдөй мазмундагы экинчи жана үчүнчү бөлүктөр менен толукталсын:
(2) Ишти кыскартуу жөнүндө маселе судья (сот) тарабынан соттук заседаниеде прокурордун, жабырлануучунун, айыпталуучунун, жактоочунун, мыйзамдуу өкүлдүн, жарандык доочунун, жарандык жоопкердин катышуусу менен чечилет. Ишке катышуучу адамдардын кимдир бирөөсүнүн келбей калышы сот заседаниесин өткөрүүгө тоскоолдук кылбайт. Ушул Кодекстин 28-статьясынын биринчи бөлүгүнүн 10 жана 11-пункттарында көрсөтүлгөн негиздер боюнча ишти кыскартууга айыпталуучунун макулдугу боюнча гана жол берилет. Айыпталуучунун күнөөсүнүн далилденгендиги жөнүндө маселе соттук заседаниеде талкууланбайт, далилдер иликтенбейт.
(3) Төрагалык кылуучу процесстин келген катышуучуларына сот заседаниесин өткөрүүнүн максаты жөнүндө маалымдайт. Судья (сот) эаседаниенин ар бир катышуучусунун сөзүн угат жана өзүнчө бөлмөгө чыгып кетет. Судья (сот) ушул Кодекстин 268-статьясынын талаптарына ылайык токтом (аныктама) чыгарат. Соттук заседаниеде соттук заседаниенин катчысы протокол жүргүзөт.".
23. 251 жана 252-статьялар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"251-статья. Сот заседаниесине чакыруулар
(1) Сот процессине катышуучулар болуп саналган адамдардын - күбөлөрдүн, эксперттин, адистин, котормочунун, калыс күбөлөрдүн келишин айыптоочу жана жактоочу тараптары камсыз кылат.
(2) Прокурор соттолуучуну, жабырлануучуну, экспертти, адисти, котормочуну, калыс күбөлөрдү жана айыптоочу тараптан күбөлөрдү, жарандык доочуну жана жоопкерди чакырат.
(3) Жактоочу өз тарабынан күбөлөрдү чакырат. Эгерде иш боюнча жактоочу катышпаса, анда соттолуучу тараптан күбөнү сот чакырат.
252-статья. Соттук териштирүүнүн мөөнөтү
(1) Судья (сот) жазык ишин кароону соттук териштирүүгө ишти дайындоо жөнүндө токтом чыгарылган күндөн баштап 14 суткадан кечиктирбестен баштоого тийиш.
(2) Анча оор эмес же жеңил кылмыш жөнүндө жазык иши судья (сот) тарабынан маңызы боюнча бир айлык мөөнөттө, ал эми оор же өзгөчө оор кылмыштар жөнүндө иш ал келип түшкөн күндөн тартып эки айлык мөөнөттө чечилүүгө тийиш.
(3) Ушул Кодекстин 250-статьясына ылайык иштин бардык материалдары менен таанышууга тараптарга берилген убакыт, ошондой эле соттук териштирүү ушул Кодекстин 265-статьясынын негизинде токтотула турган убакыт соттук териштирүүнүн мөөнөтүнө кирбейт.".
24. 258-статьянын биринчи бөлүгүндөгү "жабырлануучунун даттануусунун негизинде гана" деген сөздөр "жеке айыптоо" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
25. 260-статьянын экинчи бөлүгү "ушул Кодекстин" деген сөздөрдөн кийин "44-статьясынын бешинчи бөлүгүндө жана" деген сөздөр менен толукталсын.
26. 263-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"263-статья. Эксперттин, адистин соттук териштирүүгө катышуусу
Эксперт, адис соттук териштирүүгө ушул Кодекстин 62, 63, 64 жана 65-статьяларында каралган тартипте катышат.".
27. 264-статьянын үчүнчү бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"(3) Соттук заседаниеде айыптоо кыйла оор же коюлган айыптоодон олуттуу айырмаланган айыптоого өзгөрткөн учурда, кылмыштын башка катышуучуларын жоопко тартуу, ошондой эле тергөөнүн башка мүчүлүштүктөрүн жоюу зарылчылыгы болгон учурда прокурор ишти тергөө аракеттерин жүргүзүү үчүн өткөрүп берүү жөнүндө өтүнүч кылууга милдеттүү, ал эми жабырлануучулар жана процесстин башка катышуучулары ал туурасында расмий өтүнүч билдирүүгө укуктуу. Судья расмий өтүнүчтү карап көрүп, өзүнүн токтому менен ишти прокурорго кайра кайтарууга, болбосо өтүнүчтү четке кагууга жана соттук териштирүүнү улантууга укуктуу. Сот тергөөнүн мүчүлүштүктөрүн сотто жоюу мүмкүнчүлүгү болбогон учурда ишти прокурорго өткөрүп берүүгө укуктуу. Зарыл тергөө аракеттери жасалгандан кыйын тергөөчү жана прокурор ушул Кодекстин 229-239-статьяларында каралган процесстик аракеттерди аткарат жана соттук териштирүү жалпы тартипте улантылат.".
28. 265-статьяда:
биринчи бөлүктө:
биринчи сүйлөм "сот" деген сөздөн кийин "өзүнүн аныктамасы (судья өзүнүн токтому) менен" деген сөздөр менен толукталсын;
бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү сүйлөм менен толукталсын: "Прокурор аныктаманы (токтомду) аткарбаган учурда сот (судья) ишти прокурорго кайра кайтарат.";
статья төмөнкүдөй мазмундагы бешинчи бөлүк менен толукталсын:
"(5) Экспертизаларды дайындоодо сот экспертизанын корутундусу сотко түшкөнгө чейин иш боюнча өндүрүштү токтото турат:
29. 266-статьянын биринчи бөлүгүндөгү "4-11 деген сандар "3-14" деген сандар менен алмаштырылсын.
30. 267 жана 268 статьялар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"267-статья. Бөгөт коюу чарасы жөнүндө маселени чечүү. Камакта кармоонун мөөнөтү жана аны узартуу тартиби
(1) Ишти жүргүзүүгө кабыл алган учурдан тартып өкүмдү (аныктаманы, токтомду) аткарууга чейин судья (сот) айыпталуучуга (соттолуучуга, акталганга) карата бөгөт коюу чарасын тандоого, өзгөртүүгө же бузууга укуктуу.
(2) Айыпталуучуну (соттолуучуну) камакка алуу түрүндөгү бөгөт коюу чарасы соттук териштирүү мөөнөтүндө колдонулушу мүмкүн. Бул мөөнөт, эгерде тергөөчү, прокурор тандаган камакка алуу түрүндөгү бөгөт коюу чарасы судья тарабынан өзгөрүүсүз калтырылган болсо, иш сотко келип түшкөн күндөн баштап эсептелет.
(3) Өзгөчө учурларда соттук териштирүүнү аяктоо мүмкүн болбогондо жана бөгөт коюу чарасын өзгөртүү же бузуу үчүн негиздер жок болгон учурда судьянын жүйөлүү токтому менен соттолуучуну камакта кармоо мөөнөтү иш каралып бүткөнчө узартылышы мүмкүн.
(4) Бир эле иш боюнча, ошондой эле ошол ишке бириктирилген же андан бөлүнгөн жазык иши боюнча соттолуучуну кайталап камакка алуу учурунда камакта болгон мөөнөт ал мурда камакта болгон убакытты эске алуу менен эсептелет.
(5) Соттолуучуну камакта кармоонун мөөнөтүн узартуу жөнүндө мөөнөт аяктаганга чейин жети суткадан кечиктирбестен сот аныктама, ал эми судья токтом чыгарат. Кабыл алынган чечим жүйөлүү болууга тийиш.
268-статья. Соттук заседаниеде токтом жана аныктама чыгаруунун тартиби
(1) Соттук териштирүүнүн учурунда сот чече турган бардык маселелер боюнча судья токтом чыгарат, сот аныктама чыгарат, алар соттук заседаниеде жарыя кылынат.
(2) Ишти прокурорго кайра кайтаруу, ишин кыскартуу, бөгөт коюу чарасын тандоо, өзгөртүү же бузуу жөнүндө, четке кагуу жөнүндө, экспертиза дайындоо жөнүндө токтом (аныктама) өзүнчө бөлмөдө чыгарылат жана өзүнчө документ катары баяндалат.
(3) Судьянын бардык башка токтомдору, соттун аныктамалары, болбосо ушул статьянын экинчи бөлүгүндө көрсөтүлгөн тартипте, болбосо ошол жерде - соттук заседание залында токтомду (аныктаманы) соттук заседаниенин протоколуна киргизүү менен чыгарылат.".
31. 273-статьяда:
экинчи бөлүктөгү "төрагалык кылуучу" деген сөздөр "судья (сот)" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
үчүнчү бөлүктүн биринчи сүйлөмү "токтом" деген сөздөн кийин ", сот-аныктама" деген сөздөр, экинчи сүйлөмү "судьянын токтому" деген сөздөн кийин ", соттун аныктамасы" деген сөздөр менен толукталсын.
32. 279-статьядагы "өзү" деген сөз "соттун курамы" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
33. 281-статьянын экинчи сүйлөмү "ошондой эле" деген сөздөрдөн кийин "Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 66-статьясында көрсөтүлгөн" деген сөздөр толукталсын.
34. 288-статьянын экинчи бөлүгү "төрагалык кылуучу" деген сөздөрдөн кийин "жана соттук заседателдер" деген сөздөр менен толукталсын.
35. 291-статьянын төртүнчү бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы сүйлөм менен толукталсын: "Андан кийин төрагалык кылуучу жана соттук заседателдер күбөгө суроо бере алат.".
36. 308-статья "төрагалык кылуучу" деген сөздөрдөн кийин "(соттун курамы)" деген сөздөр менен толукталсын.
37. 311-статьяда:
биринчи бөлүктөгү "судья ошол иш боюнча төрагалык кылуучу" деген сөздөр "ошол иш боюнча соттун курамы" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
экинчи бөлүктөгү "судья" деген сөз "сот" деген сөз менен алмаштырылсын;
статья төмөнкүдөй мазмундагы төртүнчү, бешинчи жана алтынчы бөлүктөр менен толукталсын:
"(4) Соттун курамы менен өкүм чыгарууда бардык маселелер жөнөкөй көпчүлүк добуш менен чечилет. Судья же соттук заседатель добуш берүүдө калыс калууга укуксуз. Төрагалык кылуучу акыркы болуп добуш берет.
(5) Өзгөчө пикирде калган судья же соттук заседатель аны жазуу жүзүндө баяндоого укуктуу. Өзгөчө пикир өкүмдү угузууда жарыя кылынбайт, бирок ишке тиркелет.
(6) Судья жана соттук заседателдер өкүм чыгарууда орун алган талкууну ачыкка чыгарууга укуксуз.".
38. 312-статьядагы "судья" деген сөз "сот" деген сөз менен алмаштырылсын.
39. 316-статьянын биринчи бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 4-пункт менен толукталсын:
"4) жазык мыйзамына жараша зыян келтирген жосун (зарыл коргонуу, өзгөчө зарылчылык, кылмыш жасаган адамды кармоодо, буйрукту же башка тескемени аткарууда келтирилген зыян, негиздүү тобокелдик) укук ченемдүү болот.".
40. 317-статья төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү бөлүк менен толукталсын:
"(3) Соттун курамынын өкүмү судья же анын токтомуна катышкан соттук заседателдеринин бири тарабынан жазылышы мүмкүн. Өкүмгө судья жана соттук заседателдер кол коет. Өзгөчө пикирде калган судья же соттук заседатель да эч кандай эскертүүсүз өкүмгө кол коюуга милдеттүү.".
41. 318-статьянын 3-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3) өкүм чыгарган соттун аталышы, төрагалык кылуучунун, соттук заседателдердин, соттук заседаниенин катчысынын, айыптоочунун, жактоочунун, жабырлануучунун, мыйзамдуу өкүлдүн, жарандык доочунун, жарандык жоопкердин фамилиясы, аты-жөнү;".
42. 319-статьянын экинчи бөлүгүндөгү жана 324-статьянын биринчи бөлүгүндөгү "судья" деген сөз "сот" деген сөз менен алмаштырылсын.
43. 327-статьянын үчүнчү бөлүгүндөгү "токтом" деген сөз "жеке аныктама" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
44. XI бөлүм төмөнкүдөй мазмундагы 41-1-глава менен толукталсын:
"41-1-Глава Жазык иштерин кароонун кассациялык тартиби
373-1-статья. Соттук чечимдерге кассациялык даттануу
(1) Ушул главанын талаптарына ылайык биринчи инстанциядагы соттун мурда апелляциялык тартипте даттанылбаган жана мыйзамдуу күчүнө кирген чечими процесстин катышуучулары тарабынан кассациялык тартипте даттанылышы мүмкүн.
(2) Кассациялык даттануу же сунуш ушул Кодекстнн 334, 340-статьяларынын талаптарын сактоо менен биринчи инстанциядагы сот аркылуу берилет.
(3) Акталган, соттолгон жана кылмыш иши ага карата токтотулган адамдын таламдарына каршы кассациялык даттанууга соттун чечими мыйзамдуу күчүнө киргенден бир жылдан кийин гана жол берилет.
373-2-статья. Кассациялык даттанууларды жана сунуштарды караган соттор
Райондук (шаардык) соттордун, гарнизондордун аскердик сотторунун чечимдери областтык соттун, Бишкек шаардык сотунун жана Кыргыз Республикасынын аскердик сотунун кассациялык инстанциясына даттанылышы мүмкүн.
373-3-статья. Кассациялык инстанциядаты сотто соттук териштирүүнүн предмети
Кассациялык инстанциядагы сот кассациялык даттануулар жана сунуштар боюнча өкүмдүн жана башка соттук чечимдин мыйзамдуулугун, негиздүүлүгүн жана адилеттүүлүгүн текшерет.
373-4-статья. Кассациялык инстанциядагы сот жазык иштерин карап чыгышынын мөөнөттөрү
Кассациялык инстанциядагы сот жазык ишин карап чыгышы ал кассациялык инстанциядагы сотко келип түшкөн күндөн тартып бир айдан кечиктирбестен башталууга тийиш.
373-5-статья. Кассациялык инстанциядагы сот иштерди карап чыгышынын тартиби
(1) Кассациялык даттануусу же сунушу бар иш келип түшкөн учурда кассациялык инстанциядагы соттун төрагасы же анын орунбасары соттук курамды дайындайт, иш боюнча төрагалык кылуучуну жана доклад кылуучу судьяны аныктайт, ага ишти даттануу же сунуш жана башка материалдар менен чогуу берет. Доклад кылуучу судья ишти, даттанууну же сунушту карап чыгып соттук заседаниени дайындоо жөнүндө токтом чыгарат, анда соттук заседаниенин убактысын жана ордун, заседаниеге чакырылууга тийиш болгон адамдарды көрсөтөт.
(2) Кассациялык инстанциядагы сот ишти карай турган күн жөнүндө тараптарга кабарландырат. Тараптардын келбей калышы ишти карап чыгууга тоскоолдук кылбайт. Камакта отурган соттолгон адамдын (айыпталуучунун) соттук заседаниеге катышуусу жөнүндөгү маселе кассациялык инстанциядагы сот тарабынан чечилет.
(3) Жазык иштери кассациялык инстанциядагы сот тарабынан ушул Кодекстин 31-статьясында аныкталган курамда каралат.
(4) Төрагалык кылуучу жазык иштерин карап чыгуу үчүн белгиленген убакытта соттук заседаниени ачат жана кайсы иш териштирилүүгө тийиш экендигин жарыялайт.
(5) Соттук заседаниенин катчысы процесстин кабар берилген катышуучуларынын тизмесин жарыялайт жана көрсөтүлгөн адамдардын ичинен кимиси келгенин жана жок адамдардын келбей калышынын себептерин доклад кылат. Төрагалык кылуучу ишти карап чыгуу мүмкүнчүлүгү жөнүндө процесстин катышуучуларынын пикирин сурайт. Сот соттук заседаниени улантуу жөнүндө же аны кийинкиге калтыруу жөнүндө аныктаманы соттук заседание залында же кеңешүү бөлмөсүнө барып чыгарат. Аныктаманы төрагалык кылуучу жарыя кылат жана ал соттук заседаниенин протоколуна киргизилет.
(6) Төрагалык кылуучу соттун курамын, соттук заседаниенин катчысынын, прокурордун, котормочунун фамилияларын жарыялайт жана иш боюнча келген адамдардан аларда четке кагуу жөнүндө арыздын бар же жок экендиги жөнүндө сурайт. Четке кагуу жөнүндө арыз ушул Кодекстин 73-статьясына ылайык сот тарабынан кеңешүү бөлмөсүндө чечилет, мында өзүнчө документ түрүндө аныктама чыгарылат.
(7) Төрагалык кылуучу иш боюнча келген адамдардан алардын расмий өтүнүчтөрү жөнүндө сурайт. Билдирилген расмий өтүнүчтөр боюнча сот аныктама чыгарат, ал соттук заседаниенин протоколуна киргизилет.
(8) Доклад кылуучу судья иштин маңызын, даттануулардын негизги далилдерин, сунуштарды, аларга каршы пикирди, кошумча материалдарды жарыялайт. Судьялар докладчыга суроо бере алышат.
(9) Сот даттанууну же сунушту берген тараптардын, андан соң башка тараптын сөзүн угат. Судьялар тараптарга суроо берүүгө укуктуу.
(10) Тараптар сүйлөп бүткөндөн кийнин судьялар кеңешүү бөлмөсүнө кетишет.
(11) Кассациялык инстанциядагы соттун чечими кеңешүү бөлмөсүндө ачык добуш берүү менен кабыл алынат. Судья добуш берүүдө калыс калууга же ага катышпай коюуга укуксуз. Төрагалык кылуучу акыркы болуп добуш берет. Эгерде судьялардын көпчүлүгү жактап добуш берсе, кассациациялык инстанциядагы соттун чечими кабыл алынды деп эсептелет.
(12) Кассациялык инстанциядагы соттун заседаниесинде протокол жүргүзүлөт, ага соттук заседаниенин төрагалык кылуучусу жана катчысы кол коет.
(13) Соттук заседаниенин иш тартиби жана укук бузуучуларга карата көрүлүүчү чаралар ушул Кодекстин 269, 271-статьяларында каралган эрежелер боюнча аныкталат.
Соттолуучунун абалын оордотууга алып келүүчү соттун айыптоо өкүмүн, аныктамасын, токтомун кайра карап чыгууга, ошондой эле актап чыгуу өкүмүн, болбосо ишке бөгөт коюу жөнүндө соттун аныктамасын, токтомун кайра карап чыгууга алар мыйзамдуу күчүнө кирген күндөн кийин бир жылдын ичинде гана жол берилет.
373-6-статья. Кассациялык инстанциядагы соттун чечими
(1) Жазык ишин кассациялык тартипте карап чыгуунун натыйжасында кассациялык инстанциядагы сот төмөнкүдөй чечимдердин бирин чыгарат:
1) даттанылган соттук актыны күчүндө калтыруу жөнүндө;
2) даттанылган соттук актыны өзгөртүү жөнүндө;
3) даттанылган соттук актыны бузуу жөнүндө жана жазык ишин кыскартуу жөнүндө;
4) даттанылган соттук актыны бузуу жөнүндө жана ишти биринчи инстанциядагы сотко жаңыдан карап чыгууга жөнөтүү жөнүндө, болбосо сотто жоюлбай турган тергөө кемчиликтерин жоюу үчүн ишти прокурорго кайра кайтаруу жөнүндө;
5) ушул Кодекстин 373-5-статьясынын он төртүнчү бөлүгүнүн негизинде кассациялык өндүрүштү кыскартуу жөнүндө.
(2) Кассациялык инстанциясындагы соттун чечими аныктама түрүндө чыгарылат.
(3) Кассациялык инстанциясындагы соттун чечими кеңешүү бөлмөсүндө түзүлөт жана ага жазык ишин кароого катышкан үч судья тең кол коет. Өзгөчө учурларда гана өтө татаал иш боюнча жүйөлүү чечимди түзүү он күнгө чейинки мөөнөткө кийинкиге калтырылышы мүмкүн, бирок чечимдин корутунду бөлүгү кеңешүү бөлмөсүндө түзүлөт жана ага судьялар ошо жерден кол коюшат.
(4) Чечимди төрагалык кылуучу же доклад кылуучу судья жарыя кылат. Соттук заседаниенин залында катышып олтургандардын бардыгы чечимди орундарынан туруп угушат.
(5) Кассациялык инстанциясындагы соттун чечими көзөмөл тартибинде Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотуна даттанылышы мүмкүн.
373-7-статья. Кассациялык инстанциясындагы соттун чечимин аткаруу
Кассациялык инстанциясындагы соттун чечими дароо күчүнө кирет жана ушул Кодексте жана Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу кодексинде каралган тартипте аткарылат.".
45. 374-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"374-статья. Жазык иштерин көзөмөл тартибинде караган сот. Көзөмөл инстанциясынын укуктарынын чектери
(1) Кыргыз Республикасынын Жогорку Соту жазык процессинин катышуучуларынын даттануулары боюнча жана прокурорлордун сунуштары боюнча жергиликтүү соттордун мыйзамдуу күчүнө кирген актыларын көзөмөл тартибинде кайрадан карап чыгууну жүзөгө ашырат.
(2) Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун жазык иштери жана администрациялык укук бузуулар жөнүндө иштери боюнча соттук коллегиясы көзөмөл тартибинде жергиликтүү соттун апелляциялык инстанциясынын соттук актыларын кайрадан карап чыгууну жүзөгө ашырат.
(3) Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Президиуму көзөмөл тартибинде кассациялык инстанциядагы жергиликтүү соттун соттук актыларын кайрадан карап чыгууну жүзөгө ашырат.
(4) Эгерде Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотуна келип түшкөн жазык иши мурда апелляциялык жана кассациялык тартибинде каралбаган болсо, анда ал карап чыгуу үчүн даттануу жана сунуш менен чогуу жергиликтүү соттун тиешелүү инстанциясына жөнөтүлүүгө тийиш.
(5) Жазык ишин көзөмөл тартибинде карап чыгуу учурунда сот көзөмөлдук даттануулардын жана сунуштун жүйө далилдерине кайрылбайт жана жазык иши боюнча өндүрүштү толук көлөмдө текшерүүгө укуктуу.
(6) Эгерде жазык иши боюнча бир нече адам соттолсо, ал эми көзөмөл даттануусу же сунуштары алардын ичинен бирөөнө, болбосо алардын кээ бирөөлөрү боюнча гана берилсе, анда көзөмөл инстанциясындагы сот бардык соттолгондордун жазык ишин текшерүүгө укуктуу.
(7) Көзөмөл инстанциясындагы сот көзөмөл тартибинде жазык ишин карап жаткан учурда соттолгонго дайындалган жазаны жеңилдетүүгө же анча оор эмес кылмыш жөнүндө жазык мыйзамын колдонууга укуктуу.
(8) Жергиликтүү соттун актысынын адилетсиздиги (мыйзамсыз жана негизсиз актоо, кылмыш ишин кыскартуу, жазанын жеңилдиги) жөнүндө жапа чеккендин даттануусунун негиздүүлүгүн жана (же) прокурордун сунушун белгилеп, көзөмөл инстанциясындагы сот даттануу жана (же) сунуш келтирилген соттолуучу (айыпталуучу, соттолуучу, акталуучу) жагынан гана сот актысын алып салат жана жазык ишин биринчи, апелляциялык же кассациялык инстанциядагы соттун кароосуна жөнөтөт. Эгерде иш боюнча бир нече адам соттолгон (акталган, айыпталган) болсо, анда көзөмөл инстанциясындагы сот прокурор сунуш же жапа чегүүчү даттануу берген соттолгондордун (акталгандардын, айыпталуучулардын) абалын оордотууга укуксуз.".
46. 374-1-статья алып салынсын.
47. 375-статьянын экинчи бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"(2) Даттануу же сунуш жазык иши сот тарабынан иш келип түшкөн күндөн тартып эки айдан ашпаган мөөнөттө каралат.".
48. 377-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"377-статья. Көзөмөл тартибинде соттун кароосуна даттанууларды жана сунуштарды киргизүүнүн тартиби
(1) Көзөмөл тартибинде соттун кароосуна процесстин катышуучусунун даттануусу, прокурордун сунушу өкүмдү, токтомду, аныктаманы чыгарган биринчи инстанциясындагы сот аркылуу ушул Кодекстин 340-статьясынын талаптарын сактоо менен киргизилет.
(2) Өкүмдү, токтомду чыгарган сот даттануу жана сунуш берилгендиги жөнүндө айыпталуучуга же акталган адамга, жактоочуга, айыптоочуга, жабыралнуучуга жана анын өкүлүнө, ошондой эле жарандык доочуга, жарандык жоопкерге же алардын өкүлдөрүнө билдирет. Сот даттануу же сунуш менен таанышып, аларга даттанууга же сунушка каршы пикирди жазуу жүзүндө берүү укугун түшүндүрөт. Сот аларга башка тарап берген даттануунун же сунуштун көчүрмөсүн тапшырат.
(3) Даттанууга же сунушка берилген каршы пикир ишке кошулат.
(4) Тараптар башка тараптын даттанууларынын же сунуштарынын негиздемелерин ырастап сотко жаңы материалдарды берүүгө укуктуу.
(5) Көзөмөл инстанциясындагы сот ушул статьянын биринчи бөлүгүнүн талаптарын сактабастан берилген даттанууну же сунушту карабастан калтырат, бул жөнүндө токтом чыгарылат. Эгерде даттанууну же сунушту берген жак ушул Кодексте өзүнө берилген укуктардын чегинен чыкса, даттануу же сунуш кароосуз калтырылышы мүмкүн.
(6) Процесстин катышуучусу өзүнүн даттануусун жана өзүнүн жактоочусунун жана өкүлүнүн даттануусун кайра чакыртып алууга укуктуу. Процесстин жашы жете элек катышуучусу өзүнүн мыйзамдуу өкүлүнүн жана жактоочусунун даттануусун өзү бойго жеткен күнү гана кайра чакыртып ала алат. Сунушту аны берген прокурор жана жогору турган прокурор кайра чакырта алат. Даттанууну жана сунушту судьялар кеңешүү бөлмөсүнө кеткенге чейин кайра чакыртып алууга жол берилет.
(7) Сунушту жана (же) даттанууну кайра чакыртып алуу көзөмөл өндүрүшүн кыскартууга алып келет, бул жөнүндө көзөмөл инстанциясындагы сот токтом чыгарат.".
49. 378 жана 379-статьялар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"378-статья. Көзөмөл инстанциясындагы сот тарабынан иштерди карап чыгуунун тартиби
(1) Көзөмөл даттануусу же сунушу бар иш келип түшкөн учурда көзөмөл инстанциясындагы соттун төрагасы же анын орунбасары соттук курамды дайындайт, иш боюнча төрагалык кылуучуну жана доклад кылуучу судьяны аныктайт, ага ишти даттануу (сунуш) жана башка материалдар менен чогуу өткөрүп берет. Доклад кылуучу судья ишти, даттанууну жана сунушту карап чыгып, соттук заседаниени дайындоо жөнүндө токтом чыгарат, анда соттук заседаниенин убактысын жана ордун, заседаниеге чакырылууга тийиш болгон адамдарды көрсөтөт.
(2) Көзөмөл инстанциясындагы сот ишти карай турган күн жөнүндө тараптарга маалымдайт. Тараптардын келбей калышы ишти карап чыгууга тоскоолдук кылбайт. Камакта отурган соттолгон адамдын (айыпталуучунун) соттук заседаниеге катышуусу жөнүндөгү маселе көэөмөл инстанциясындагы сот тарабынан чечилет.
(3) Жазык иштери көзөмөл инстанциясындагы сот тарабынан ушул Кодекстин 31-статьясында аныкталган курамда каралат.
(4) Төрагалык кылуучу жазык иштерин карап чыгуу үчүн белгиленген убакытта соттук заседаниени ачат жана кайсы иш териштирилүүгө тийиш экендигин жарыялайт.
(5) Соттук заседаниенин катчысы процесстин кабар берилген катышуучуларынын тизмесин жарыялайт жана жана көрсөтүлгөн адамдардын ичянен кимиси келгенин жана жок адамдардын келбей калышынын себептерин доклад кылат. Төрагалык кылуучу ишти карап чыгуу мүмкүнчүлүгү жөнүндө процесстин катышуучуларынын пикирин сурайт. Сот соттук заседаниени улантуу жөнүндө же аны кийинкиге калтыруу жөнүндө аныктаманы соттук заседание залында же кеңешүү бөлмөсүнө барып чыгарат. Аныктаманы төрагалык кылуучу жарыя кылат жана ал соттук заседаниенин протоколуна киргизилет.
(6) Төрагалык кылуучу соттун курамын, соттук заседаниенин катчысынын, прокурордун, котормочунун фамилияларын жарыялайт жана иш боюнча келген адамдардан аларда четке кагуу жөнүндө арыздын бар же жок экендиги жөнүндө сурайт. Четке кагуу жөнүндө арыз ушул Кодекстин 73-статьясына ылайык сот тарабынан кеңешүү бөлмөсүндө чечилет, мында өзүнчө документ түрүндө аныктама чыгарылат.
(7) Төрагалык кылуучу иш боюнча келген адамдардан алардын расмий өтүнүчтөрү жөнүндө сурайт. Билдирилген расмий өтүнүчтөр боюнча сот аныктама чыгарат, ал соттук заседаниенин протоколуна киргизилет.
(8) Доклад кылуучу судья иштин маңызын, даттануулардын негизги далилдерин, сунуштарды, аларга каршы пикирди, кошумча материалдарды жарыялайт. Судьялар докладчыга суроо бере алышат.
(9) Сот даттанууну же сунушту берген тараптардын, андан кийин башка тараптын сөзүн угат. Судья тараптарга суроо берүүгө укуктуу.
(10) Тараптар сүйлөп бүткөндөн кийин судьялар кеңешүү бөлмөсүнө кетишет.
(11) Көзөмөл инстанциясындагы соттун чечими кеңешүү бөлмөсүндө ачык добуш берүү менен кабыл алынат. Судья добуш берүүдө калыс калууга же ага катышпай коюуга укуксуз. Төрагалык кылуучу добушту акырында берет. Эгерде судьялардын көпчүлүгү жактап добуш берсе, көзөмөл инстанциясындагы соттун чечими кабыл алынды деп эсептелет.
(12) Көзөмөл инстанциясындагы соттун заседаниесинде протокол жүргүзүлөт, ага соттук заседаниенин төрагалык кылуучусу жана катчысы кол коет.
(13) Соттук заседаниенин иш тартиби жана укук бузуучуларга карата көрүлүүчү чаралар ушул Кодекстин 269, 271-статьяларында каралган эрежелер боюнча аныкталат.
379-статья. Көзөмөл инстанциясындагы соттун токтому (аныктамасы)
(1) Көзөмөл тартибинде каралган иш боюнча көзөмөл инстанциясындагы сот кеңешүү бөлмөсүндө токтом (аныктама) чыгарат.
(2) Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун соттук коллегиясынын токтомуна (аныктамасына) ишти кароого катышкан бардык судьялар кол коюшат. Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Президиумунун токтомуна (аныктамасына) төрагалык кылуучу жана доклад кылуучу судья кол коет. Өзгөчө учурларда өтө татаал иш боюнча жүйөлүү токтомду түзүү он күнгө чейинки мөөнөткө кийинкиге калтырылышы мүмкүн, бирок токтомдун (аныктаманын) корутунду бөлүгү кеңешүү бөлмөсүндө түзүлөт жана ишти кароого катышкан бардык судьялар кол коюшат.
(3) Токтомду (аныктаманы) төрагалык кылуучу же доклад кылуучу судья жарыя кылат. Соттук заседаниенин залында катышып олтургандардын бардыгы токтомду (аныктаманы) орундарынан туруп угушат.
50. 382-статьяда:
экинчи бөлүктөгү "кылмыш жана администрациялык иштер боюнча" деген сөздөр "кылмыш иштери жана администрациялык укук бузуулар жөнүндө иштер боюнча" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
үчүнчү бөлүк алып салынсын.
51. 383-статьяда:
бүткүл текст боюнча: "кылмыш жана администрациялык иштер боюнча" деген сөздөр "кылмыш иштери жана администрациялык укук бузуулар жөнүндө иштер боюнча" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
биринчи бөлүктүн 7-пунктундагы ", болбосо соттун заседаниесинде жоюлбай турган тергөө кемчиликтерин жоюу үчүн иш прокурорго кайра кайтарылсын" деген сөздөр алып салынсын;
төртүнчү бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"(4) Көзөмөл инстанциясындагы сот көзөмөлдүк өндүрүштү төмөнкүдөй учурларда токтотот:
1) эгерде даттануу жана (же) сунуш кайра чакыртылып алынса;
2) эгерде ага каршы сунуш (даттануу) берилген соттолгон, акталган же соттолуучу адам өлүп калса;
3) эгерде соттук заседаниеде процесстин катышуучусу өзүнүн даттануусун же өзүнүн жактоочусунун, өкүлүнүн даттануусун колдобосо;
4) эгерде процесстик ишти көзөмөл тартибинде карап чыгуу учуруна карата он сегиз жаш куракка жеткен катышуучусу өзүнүн мурдагы мыйзамдуу өкүлүнүн, жактоочусунун даттануусун колдобосо."
52. 383-1-статьянын бүткүл тексти боюнча "кылмыш жана администрациялык иштер боюнча" деген сөздөр "кылмыш иштери жана администрациялык укук бузуулар жөнүндө иштер боюнча" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
53. 383-2-статья алып салынсын.
54. 385-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"385-статья. Ишти жаңыдан ачылган кырдаалдар боюнча караган соттор
(1) Мыйзамдуу күчүнө кирген соттук акт жаңыдан ачылган кырдаалдар боюнча бул актыны кабыл алган сот тарабынан кайрадан каралат.
(2) Биринчи инстанциясындагы сот апелляциялык, кассациялык жана көзөмөл тартибинде каралбаган иш боюнча өзүнүн соттук актысын кайрадан карап чыгат.
(3) Областтык соттун жана ага теңештирилген соттун жазык иштери жана администрациялык укук бузуулар жөнүндө иштер боюнча соттук коллегиясы Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунда каралбаган иш боюнча өзүнүн соттук актысын жана биринчи инстанциядагы соттун актысын кайрадан карап чыгат.
(4) Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Президиуму жана Жазык иштери жана администрациялык укук бузуулар жөнүндө иштер боюнча соттук коллегиясы өзүнүн соттук актыларын жана бардык жалпы юрисдикциядагы жергиликтүү соттордун актыларын кайрадан карап чыгат."
55. 398-статья төмөнкүдөй мазмундагы бешинчи бөлүк менен толукталсын:
"(5) Эгерде биринчи инстанциясындагы сотто, апелляциялык тартипте же көзөмөл тартибинде карап чыкканга чейин айыпталуучу (соттолуучу, соттолгон, акталган) адам он сегиз жашка толсо, сот мыйзамдуу өкүлдүн функцияларын кыскартуу жөнүндө токтом (аныктама) чыгарат.".
56. 401-статьянын биринчи бөлүгү "анча оор эмес кылмыш деген сөздөрдөн кийин "жана кыйла жеңил кылмыш" деген сөздөр менен толукталсын.
2-статья.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
3-статья.
Ушул Мыйзамдын сот акыйкаттыгын жүзөгө ашырууга соттук заседателдердин катышуусу жөнүндө жоболору "Соттук заседателдер жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы кабыл алынгандан кийин күчүнө кирет.
4-статья.
Жазык-процесстик кодексинин 383-статьясынын биринчи бөлүгүнүн 2 жана 3-пункттарын конституциялык эмес жана Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 83-статьясынын 3-пунктуна карама-каршы деп таануу жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун 2004-жылдын 29-январындагы чечимине байланыштуу сот актыларын бузуу жана аларды бузууга байланышкан маселелерди чечүү Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 83-статьясынын 4-пунктуна жана ушул Мыйзамда белгиленген ченемдерге ылайык, биринчи инстанциядагы сот тарабынан каралган жана алар боюнча чечимдер кабыл алынган иштерден тышкарыда, мыйзамдуу күчүнө кирген күндөн тартып 6 айдын ичинде жүзөгө ашырылат.
2004-жылдын 24-майындагы N 68 "Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 2-статьясынын экинчи абзацы күчүн жоготту деп табылсын.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| А.Акаев |
|
|
|
2004-жылдын 8-июнунда |
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Мыйзам чыгаруу жыйыны тарабынан кабыл алынган |