|
| 5-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 30-июлундагы № 377 токтомуна) |
Товардык кампалардын бирдиктүү мамлекеттик реестрине каттоо жөнүндө күбөлүктү берүү үчүн жыйымдарды төлөө ТАРТИБИ
1. Ушул Жобо Товардык кампалардын бирдиктүү мамлекеттик реестрине каттоо жөнүндө күбөлүктү (мындан ары - күбөлүк) берүү үчүн жыйымды төлөө тартибин жана өлчөмүн белгилейт.
2. Күбөлүктү берүү үчүн жыйымдын өлчөмү 1000 (бир миң) сомду түзөт.
3. Күбөлүктү берүү үчүн жыйым республикалык бюджеттин кирешесине кошулат.
4. Жыйым айыл чарба чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган көрсөткөн эсептешүү эсебине акча каражаттарын чегерүү жолу менен накталай эмес формада төлөнөт.
5. Товардык кампалардын бирдиктүү мамлекеттик реестрин жүргүзүү тартиби жөнүндө жобого ылайык айыл чарба чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга арыздарды жана документтерди берүүдө төлөөчү жыйымды төлөгөнүн ырастаган документти көрсөтүүгө милдеттүү.
6. Арыздар жана документтер айыл чарба чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кароосуна берилгенге чейин күбөлүктү берүү үчүн жыйым төлөнөт.
7. Күбөлүктү берүү үчүн жыйым салыктык эмес кирешелер жөнүндө мыйзамдарда каралган негиздер боюнча жана тартипте кайтарылууга тийиш.
8. Товардык кампаны Товардык кампалардын бирдиктүү мамлекеттик реестринде каттоо жөнүндө арызды кайра берген учурда жыйым төлөнбөйт.
9. Айыл чарба чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жыйымдарды төлөө тартибин так сактоого милдеттүү.