Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
БУЙРУК
2010-жылдын 15-декабры № 144-П
Иран Ислам Республикасынын Тегеран шаарында 2010-жылдын 18-22-декабрында өтүүчү Ислам Конференциясы Уюмунун мүчө өлкөлөрүнүн аялдардын иштери боюнча министрлердин жана жооптуу жетекчилердин «Аялзаты, үй-бүлө жана экономика» аттуу жыйынына катышуу үчүн:
1.Кыргыз Республикасынын делегациясы төмөнкүдөй курамда бекитилсин:
Абдуллаева Уктомхан Авазовна(*) | -Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри, делегациянын башчысы; |
Мамбетаипова Чолпон Асаналиевна | -Кыргыз Республикасынын Эмгек, ишке орноштуруу жана миграция министрлигинин алдындагы Балдарды коргоо боюнча департаментинин директору; |
Карашева Тамара Ташматовна | - Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин проректору; |
Рыскулбеков Тилек Жанаевич(*) | - Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министринин жардамчысы. |
2.Командировкалык чыгымдарды төлөө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 26-августундагы № 471 «Командировкалык чыгымдардын нормаларын белгилөө жана алардын ордун толтуруунун тартиби жөнүндө» токтомунда белгиленген нормаларга ылайык командировкага жиберүүчү уюмдардын эсебинен жүргүзүлсүн.
Эскертүү:
*- Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын 2010-жылга чыгымдарынын сметасы боюнча каралган каражаттардын эсебинен командировкага жиберилет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
|
Р.Отунбаева |