Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2004-жылдын 19-августу N 159 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ "Саясий жана диний ынанымдары үчүн, социалдык, улуттук жана башка белгилери боюнча репрессиялардын натыйжасында жапа чегип, акталган граждандардын укугу жана гарантиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралу 2004-жылдын 30-июнунда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин Мыйзам чыгаруу жыйыны тарабынан кабыл алынган 1-статья. "Саясий жана диний ынанымы үчүн, социалдык, улуттук жана башкабелгилери боюнча репрессиялардын натыйжасында жапа чегип, акталганграждандардын укугу жана гарантиялары жөнүндө" Кыргыз РеспубликасынынМыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин Ведомосттору,1994-ж N 7, 220-ст.) төмөнкү толуктоо киргизилсин: Мыйзам төмөнкү мазмундагы 13-статья менен толукталсын: "13-статья. Ушул Мыйзамдын 10 жана 11-статьяларынын колдонулушу Кыргыз Респуб-ликасынын Башкы прокуратурасынын аларды саясий репрессиялардын натыйжа-сында жапа чеккен деп табуу жөнүндө справкасы бар саясий репрессиялар-дан жапа чеккен адамдарга жайылтылат.". 2-статья. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларынушул Мыйзамга ылайык келтирсин. 3-статья. Ушул Мыйзам жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Президенти А.Акаев