Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
1998-жылдын 3-декабры № 149
"Юридикалык жактарды мамлекеттик каттоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-статьясын жана Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 84-статьясын чечмелөө тууралу
(КР 2015-жылдын 12-майындагы № 93 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
1-статья.
Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1996-жыл, № 6, 80-ст.) 84-статьясында төмөнкүнү түшүнүү керек:
Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 168, 169-статьяларына ылайык мамлекеттик бийлик органдары юридикалык жактардын укуктарына жана милдеттерине ээ болот: алардын ишинин максатына ылайык граждандык укуктары юридикалык жактардыкынан айырмаланып уюштуруу документтери тарабынан эмес, Кыргыз Республикасынын Констиутциясы, Кыргыз Республикасынын мыйзам жана башка ченемдик укук актылары тарабынан регламенттелет.
2-статья.
(КР 2015-жылдын 12-майындагы № 93 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
3-статья.
Ушул Мыйзам жарыяланган учурдан баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Акаев |