Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
1998-жылдын 3-декабры № 149
"Юридикалык жактарды мамлекеттик каттоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-статьясын жана Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 84-статьясын чечмелөө тууралу
1-статья.
Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин (Кыргыз Республикасынын
Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1996-жыл, N 6, 80-ст.) 84-статьясында
Төмөнкүнү түшүнүү керек:
Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 168, 169 - статьяларына
ылайык мамлекеттик бийлик органдары юридикалык жактардын укуктарына жана
милдеттерине ээ болот: алардын ишинин максатына ылайык граждандык укуктары
юридикалык жактардыкынан айырмаланып уюштуруу окументтери тарабынан эмес,
Кыргыз Республикасынын Констиутциясы, Кыргыз Республикасынын мыйзам жана
башка ченемдик укук актылары тарабынан регламенттелет.
2-статья.
"Юридикалык жактарды мамлекеттик каттоо жөнүндө" Кыргыз Республикасы-
нын Мыйзамынын (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору,
1996-жыл, N 7, 106-ст.) 3-статьясында төмөнкүнү түшүнүү керек:
статья мамлекеттик каттоодон өтүүгө тийиш болгон юридикалык жактарды
гана каттоону регламенттейт. Мамлекеттик бийлик органдары юридикалык жактар-
дын укуктук жөндөмдүүлүгүнө ээ болот, бирок каттоодон өтпөөгө тийиш.
3-статья.
Ушул Мыйзам жарыяланган учурдан баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти А. Акаев
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
1998-жылдын 3-декабры № 149
"Юридикалык жактарды мамлекеттик каттоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-статьясын жана Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 84-статьясын чечмелөө тууралу
(КР 2015-жылдын 12-майындагы № 93 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
1-статья.
Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1996-жыл, № 6, 80-ст.) 84-статьясында төмөнкүнү түшүнүү керек:
Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 168, 169-статьяларына ылайык мамлекеттик бийлик органдары юридикалык жактардын укуктарына жана милдеттерине ээ болот: алардын ишинин максатына ылайык граждандык укуктары юридикалык жактардыкынан айырмаланып уюштуруу документтери тарабынан эмес, Кыргыз Республикасынын Констиутциясы, Кыргыз Республикасынын мыйзам жана башка ченемдик укук актылары тарабынан регламенттелет.
2-статья.
(КР 2015-жылдын 12-майындагы № 93 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
3-статья.
Ушул Мыйзам жарыяланган учурдан баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Акаев |