Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2004-жылдын 21-августу № 166 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ "Милдеттүү мамлекеттик социалдык камсыздандыруунун максаттары үчүн Кыргыз Республикасынын жарандарын жекече (индивидуалдык) эсепке алуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралу 2004-жылдын 30-июнунда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин Мыйзам чыгаруу жыйыны тарабынан кабыл алынган 1-статья. "Милдеттүү мамлекеттик социалдык камсыздандыруунун максаттары үчүнКыргыз Республикасынын жарандарын жекече (индивидуалдык) эсепке алуужөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жо-горку Кењешинин Ведомосттору, 1999-ж. № 4, 194-ст.) төмөнкүдөйөзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин: 1. Преамбуласындагы "мамлекеттик пенсиялык камсыз кылуу жөнүндөмыйзамдардын күчү жайылтылган" деген сөздөр "камсыздандырылган" дегенсөзгө алмаштырылсын. 2. 1-статьяда: биринчи абзац алып салынсын; онунчу абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Жекече камсыздандыруу эсеби - камсыздандырылган адам жөнүндө кам-сыздандыруу органы тарабынан анын эмгектик жана башка ишинин бүткүлмезгилинде топтолгон жана пенсияны жана мамлекеттик социалдык камсыз-дандыруу боюнча башка төлөмдөрдү дайындоо (кайра эсептөө) жана өлчөмүнаныктоо үчүн зарыл болгон маалыматтардын толуктугун камсыз кылуучу кам-сыздандырылган адам жөнүндө маалыматтарды камтыган документ. Жекечекамсыздандыруу эсебинин камсыздандырылган адамга берилген идентификаци-ялык номери болот.". 3. 3-статья төмөнкүдөй мазмундагы тогузунчу абзац менен толуктал-сын: "ведомстволор аралык өз ара аракеттин негизинде Кыргыз Республика-сында жарандарды максималдуу жекече (индивидуалдык) эсепке алуу үчүншарттар түзүү.". 4. 6-статьянын экинчи бөлүгүнүн 15-пункту төмөнкүдөй редакциядабаяндалсын: "15) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык камсыздандырууакылары чегерилген эмгек акынын же кирешенин суммасы;". 5. 8-статья төмөнкүдөй мазмундагы төртүнчү бөлүк менен толуктал-сын: "Эмгектик мамиледе турбаган жарандарга карата маалыматтар КыргызРеспубликасынын Социалдык фонду тарабынан белгиленген тартипте башкару-унун тиешелүү мамлекеттик органы тарабынан берилиши мүмкүн."; төртүнчү-алтынчы бөлүктөр тиешелүү түрдө бешинчи-жетинчи бөлүктөрдеп эсептелсин. 6. 9-статьяда: экинчи бөлүктүн үчүнчү абзацынын биринчи сүйлөмү төмөнкүдөй редак-цияда баяндалсын: "буга чейин эмгек стажы жана социалдык коргоо күбөлүгү болбогонжаран менен эмгек келишимин же жарандык-укуктук мүнөздөгү келишиминтүзүүдө, ошондой эле ушул Мыйзамдын 6-статьясынын экинчи бөлүгүнүн1-9-пункттарында каралган аталган жалдоочуда иштеген адамдын өздүк кам-сыздандыруу эсебинде камтылган маалыматтар өзгөргөндө."; үчүнчү бөлүктөгү "орношкон" деген сөз "орношуп жаткан же жаран-дык-укуктук мүнөздөгү келишим түзүп жаткан" деген сөздөр менен алмашты-рылсын. 7. Мыйзам төмөнкүдөй мазмундагы 10-1-статья менен толукталсын: "10-1-статья. Эмгектик мамилелерде турбаган жарандарды жекече эсепке алуу үчүн мамлекеттик башкаруу органдары тарабынан берилүүчү маалыматтар Эмгектик мамилелерде турбаган жарандарды жекече эсепке алуу үчүнмаалыматтар берүү төмөнкүдөй учурларда тийиштүү мамлекеттик башкарууоргандары тарабынан жүзөгө ашырылат: туулгандыгы тууралу күбөлүк алганда; 16 жашка толгон адамдар паспорт алганда; калкты иш менен камсыз кылуунун мамлекеттик кызматында катталган-да; социалдык жөлөкпул дайындалганда; 16 жашка чейинки балдар жана эмгектик мамилелерде турбаган жаран-дар саламаттык сактоо уюмдарына кайрылганда. Мамлекеттик башкаруу органдары Кыргыз Республикасынын Социалдыкфондуна жекече эсепке алынууга тийиш болгон адамдар тууралу ушул Мый-замдын 6-статьясынын экинчи бөлүгүнүн 1-9, 11-13-пункттарында каралганмаалыматтар ушул статьянын биринчи бөлүгүнө ылайык берет.". 8. 11-статьяда: экинчи бөлүктө: - 3-пункт "күн" деген сөздөн кийин "(ошол жалдоочу тарабынан от-четтук мезгилдин ичинде ишке кабыл алынган камсыздандырылган адам үчүн)же жарандык-укуктук мүнөздөгү келишим түзүлгөн күн" деген сөздөр менентолукталсын; - 4-пункт "күн" деген сөздөн кийин "(аталган жалдоочу тарабынанотчеттук мезгилдин ичинде иштен бошотулган камсыздандырылган адам үчүн)же жарандык-укуктук мүнөздөгү келишим токтотулган күн" деген сөздөр ме-нен толукталсын; - бөлүк төмөндөгүдөй мазмундагы 7 жана 8-пункттар менен толуктал-сын: "7) чегерилген камсыздандыруу акыларынын суммасы; 8) төлөнгөн камсыздандыруу акыларынын суммасы;"; 7-пункт 9-пункт деп эсептелсин; үчүнчү бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Ушул статьянын экинчи бөлүгүндө каралган маалыматтар Социалдыкфондго отчеттук жылдан кийинки жылдын 1-апрелинен кечиктирилбестен Кыр-гыз Республикасынын Социалдык фонду тарабынан аныкталган форма боюнчаберилет. Камсыздандырылган ар бир адам жөнүндө маалыматтардын көчүрмөсүжалдоочу тарабынан аталган адамга ошол эле мөөнөттө берилет. Бил-дирүүнүн бир нускасы жалдоочуда сакталат.". 9. 16-статьянын экинчи бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы алтынчы жанажетинчи абзацтар менен толукталсын: "камсыздандырылган адамдарды өз убагында каттоону камсыз кылуу; камсыздандырылган адамдарга алардын арыздары боюнча пенсиялардыэсептөө үчүн өздүк камсыздандыруу эсептеринде камтылган маалыматтардыберүү.". 10. 17-статья төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү бөлүк менен толуктал-сын: "Жекече (индивидуалдык) эсепке алууну жүзөгө ашыруу үчүн зарылболгон маалыматтарды белгиленген мөөнөттө бербөө же болбосо толук эмесжана (же) анык эмес маалыматтар берүү үчүн мамлекеттик социалдык кам-сыздандыруу тутумунда иш берүүчүлөргө жана камсыздандыруу акыларынөздөрү төлөгөн жарандарга карата отчеттук мезгил үчүн чегерилген кам-сыздандыруу акыларынын суммасынын 85 пайызы өлчөмүндөгү өндүрүп алуутүрүндөгү финансылык санкция колдонулат. Аталган сумманы өндүрүп алууСоциалдык фонд тарабынан талашсыз тартипте жүргүзүлөт.". 2-статья. Ушул Мыйзам расмий түрдө жарыяланган учурдан тартып күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Президенти А.Акаев