Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
2019-жылдын 3-июну № 274
Жарандык коргонуу түзүмдөрү жөнүндө жобону бекитүү тууралуу
"Жарандык коргонуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Жарандык коргонуу түзүмдөрү жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (макулдашуу боюнча) бир айлык мөөнөттө Жарандык коргонуу жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмдөрү тарабынан аныкталган Жарандык коргонуу түзүмдөрү базасында ачылган уюмдардын тизмесин бекитишсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 1-июлундагы № 349 "Кыргыз Республикасынын Жарандык коргонуу түзүмдөрү жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому күчүн жоготту деп таанылсын.
4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2019-жылдын 21-июнунда № 52 жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри | М.Абылгазиев |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
2019-жылдын 3-июну № 274
Жарандык коргонуу түзүмдөрү жөнүндө жобону бекитүү тууралуу
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 4-декабрындагы № 634 токтомунун редакциясына ылайык)
Жарандык коргонуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 71-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 4-декабрындагы № 634 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Жарандык коргонуу түзүмдөрү жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (макулдашуу боюнча) бир айлык мөөнөттө Жарандык коргонуу жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмдөрү тарабынан аныкталган Жарандык коргонуу түзүмдөрү базасында ачылган уюмдардын тизмесин бекитишсин.