Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
1993-жылдын 21-апрели N 165
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чүй областтык мамлекеттик акимдигинин, Бишкек шаардык мамлекеттик акимдигинин Мамлекеттик жана коомдук муктаждыктар үчүн жер берүү боюнча республикалык комиссия менен макулдашылган жеке менчик үй курууга 1239,5 гектар жерди эл депутаттарынын Бишкек шаардык кеңешине берүү жөнүндө сунушу кабыл алынсын, анын ичинде:
- Сокулук районундагы дыйкан чарбаларынын жана кооперативдердин "Красная Заря" ассоциациясынан - 591,3 гектар (562,0 сугат аянты, 3,3 гектар жайыт жана 26,0 гектар башка жерлер);
- Аламүдүн районундагы "Пригородный" совхозунан - 648,2 гектар (592 гектар сугат аянты, 7,5 гектар жайыт жана 48,2 гектар башка жерлер).
2. Сокулук районундагы дыйкан чарбаларынын жана кооперативдердин "Красная Заря" ассоциациясына коомдук жерлерден 20 гектар сугат аянтын жеке турак үйлөрдү курууга пайдаланууга уруксат берилсин.
3. Төмөнкүлөр милдеттендирилсин:
а) Бишкек шаардык мамлекеттик акимдиги;
- жер участокторунун үй куруучуларга бөлүштүрүлүшүнө жана турак үйлөрдү жана социалдык-маданий турмуш-тиричилик объекттерин курууну жүзөгө ашырууга катуу контроль жүргүзүүгө;
- турак үйлөрдү курууга пайдаланылбаган участокторду табуу жагынан мурда бөлүнгөн жер массивдерин ийне-жибине чейин тизмеден өткөрүүнү жүргүзүүгө жана жер жана башка мыйзамдарына ылайык аларды максатына жараша ылайык пайдалануу үчүн зарыл чараларды көрүүгө;
- Аламүдүн жана Сокулук райондорунун чарбаларына жерди алып коюу менен келтирилген зыяндын ордун баалоо актыларына ылайык толтуруп берүүгө;
- Кыргыз ССР Министрлер Советинин 1969-жылдын 18-августундагы N 244 токтомунда каралган иштерди аткарууга;
- белгиленген тартипте:
үй курулуп жаткан массивдерди электрлештирүү, курулуш материалдары жана суу менен жабдууну камсыз кылуу жана башка маселелерин чечүүгө;
б) Кыргыз Республикасынын Экономика жана Финансы министрлиги, Аламүдүн, Сокулук райондук жана Чүй областтык мамлекеттик акимдиктери дыйкан чарбаларынын "Красная Заря" ассоциациясына жана "Пригородный" совхозуна белгиленген айыл чарба продукциясын мамлекетке сатуунун тиешелүү көлөмдөрүн азайтуу жөнүндө маселени чечүүгө;
в) Кыргыз Республикасынын Мелиорация жана суу чарба министрлиги мамлекеттик капиталдык салымдардын эсебинен 1995-жылга чейин талааларда негизги пландаштырууну жүргүзүүнү жана Сокулук районундагы дыйкан чарбаларынын "Красная Заря" ассоциациясынын учурдагы сугат жерлеринин 750 гектар аянтында сугат тармагын кайра түзүүнү камсыз кылууга;
г) Аламүдүн жана Сокулук райондук, Чүй областтык мамлекеттик акимдиктери;
- кыска мөөнөттө Бишкек шаардык мамлекеттик акимдигине жерлерди алып коюудан келип чыккан пайдаланылбаган чыгымдардын ордун чарбаларга толтуруп берүү боюнча зарыл маалыматтарды жана эсептөөлөрдү берүүгө;
- турак үйлөрдү курууга жерлери алып коюлган чарбаларга жердин компенсациясы жөнүндө маселени белгиленген тартипте чечүүгө.
4. Шаардык тазалоо курулуштары менен "Пригородный" совхозундагы турак жайлар курулуп жаткан жерлердин ортосундагы корголуучу зонанын жери колдонулуп жаткан мыйзамдарга так ылайык пайдаланылсын.
5. Ушул токтомдун аткарылышына контролдук кылуу Бишкек шаардык жана Чүй областтык мамлекеттик акимдиктерине жүктөлсүн.
Премьер-министри | Т. Чыңгышев |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
1993-жылдын 21-апрели N 165
(КР Өкмөтүнүн 1997-жылдын 29-сентябрындагы N 568 токтомунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. (КР Өкмөтүнүн 1997-жылдын 29-сентябрындагы N 568 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
2. Сокулук районундагы дыйкан чарбаларынын жана кооперативдердин "Красная Заря" ассоциациясына коомдук жерлерден 20 гектар сугат аянтын жеке турак үйлөрдү курууга пайдаланууга уруксат берилсин.
3. Төмөнкүлөр милдеттендирилсин:
а) Бишкек шаардык мамлекеттик акимдиги;
- жер участокторунун үй куруучуларга бөлүштүрүлүшүнө жана турак үйлөрдү жана социалдык-маданий турмуш-тиричилик объекттерин курууну жүзөгө ашырууга катуу контроль жүргүзүүгө;
- турак үйлөрдү курууга пайдаланылбаган участокторду табуу жагынан мурда бөлүнгөн жер массивдерин ийне-жибине чейин тизмеден өткөрүүнү жүргүзүүгө жана жер жана башка мыйзамдарына ылайык аларды максатына жараша ылайык пайдалануу үчүн зарыл чараларды көрүүгө;
- Аламүдүн жана Сокулук райондорунун чарбаларына жерди алып коюу менен келтирилген зыяндын ордун баалоо актыларына ылайык толтуруп берүүгө;
- Кыргыз ССР Министрлер Советинин 1969-жылдын 18-августундагы N 244 токтомунда каралган иштерди аткарууга;
- белгиленген тартипте:
үй курулуп жаткан массивдерди электрлештирүү, курулуш материалдары жана суу менен жабдууну камсыз кылуу жана башка маселелерин чечүүгө;
б) Кыргыз Республикасынын Экономика жана Финансы министрлиги, Аламүдүн, Сокулук райондук жана Чүй областтык мамлекеттик акимдиктери дыйкан чарбаларынын "Красная Заря" ассоциациясына жана "Пригородный" совхозуна белгиленген айыл чарба продукциясын мамлекетке сатуунун тиешелүү көлөмдөрүн азайтуу жөнүндө маселени чечүүгө;
в) Кыргыз Республикасынын Мелиорация жана суу чарба министрлиги мамлекеттик капиталдык салымдардын эсебинен 1995-жылга чейин талааларда негизги пландаштырууну жүргүзүүнү жана Сокулук районундагы дыйкан чарбаларынын "Красная Заря" ассоциациясынын учурдагы сугат жерлеринин 750 гектар аянтында сугат тармагын кайра түзүүнү камсыз кылууга;
г) (КР Өкмөтүнүн 1997-жылдын 29-сентябрындагы N 568 токтомуна ылайык күчүн жоготту)