Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
1993-жылдын 11-июну N 260
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чүй областынын Аламүдүн, Сокулук, Москва райондорунун мамлекеттик администрацияларынын Мамлекеттик жана коомдук муктаждыктар үчүн жер бөлүү боюнча республикалык комиссиясы менен макулдашылган төмөнкү сунуштары кабыл алынсын:
а) Чүй областынын Аламүдүн районундагы ХХIII партсъезд атындагы үрөн чарбасынан мурда андан Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 1992-жылдын 20-мартындагы N 89 токтому менен алынган 366,7 гектар жерди алуу жана аны эл дапутаттарынын Бишкек шаардык Кеңешине туруктуу пайдаланууга өткөрүп берүү жөнүндөгү;
б) Чүй областынын Аламүдүн районундагы ХХIII партсъезд атындагы үрөн чарбасынан эл депутаттарынын Бишкек шаардык Кеңешине 63,6 гектар жерди бөлүү жөнүндөгү, анын ичинен:
- дипломатиялык өкүлдүктөрдүн резиденцияларынын долбоорлонушуна жана курулушуна - 15,5 гектар жер (8,4 гектар сугат жери, 6,1 гектар көп жылдык мөмө дарак көчөттөрү олтургусулган жер, 1 гектар токой көчөттөрү олтургузулган жерлер);
- спорттук кайык менен сүзүүчү каналдын долбоорлонушуна жана курулушуна - 17,3 гектар жер (9,3 гектар сугат жери, 7,4 гектар көп жылдык мөмө дарак көчөттөрү олтургузулган жер, 0,6 гектар токой көчөттөрү олтургузулган жер);
- Кыргыз Республикасынын Суу чарба жана мелиорация министрлигинин күчү мемен Түштүк Чоң Чүй каналынын долбоорлонушуна жана курулушуна 19,4 гектар жер (11,7 гектар сугат жери, 7,3 гектар көп жылдык мөмө дарак көчөттөрү олтургузулган жер, О,4 гектар токой көчөттөрү олтургузулган жер);
- дипломатиялык өкүлдүктөрдүн резиденцияларынын комплекси үчүн резервдик зонага - 11,4 гектар жер (9,8 сугат жери жана 1,6 гектар токой көчөттөрү олтургузулган жер);
в) Чүй областынын Аламүдүн районундагы "Пригородный" совхозунан 56,7 гектар сугат жерлерин эл депутаттарынын Бишкек шаардык Кеңешине менчик турак жай үйлөрүн курууга бөлүү жөнүндөгү;
г) Москва районундагы Карл Маркс атындагы колхозго 6,3 гектар сугат жерлерин ушуга барабар аянтты күрдүүлүгү аз жердин эсебинен сугат жерлерине өздөштүрүү шарты менен дан кырманынын курулушуна уруксат берүү жөнүндөгү;
д) Москва районундагы Энгельс атындагы колхозго мечиттин курулушу үчүн бөлүнгөн О,5 гектар сугат жеринин эсебинен Садовое айылынын короо-жай жер фондун көбөйтүүгө уруксат берүү жөнүндөгү;
е) Сокулук районундагы Орок эл депутаттарынын айылдык Кеңешинин атайын жер Фондуна Сокулук районунддгы Кыргыз дыйканчылык боюнча илимий-өндүрүштүк бирикмесинин эксперименттик тажрыйба чарбасынан 42,4 гектар сугат жерлерин Кашка-Баш (1О га), Сарбан (7,6 га), Жогорку Орок (7,5 га), Төмөнкү Орок (5 га), Жал (2,6 га), Селекционное (9,7) айылдарынын короо-жай жер Фондун кеңейтүү үчүн өткөрүп берүү жөнүндөгү;
2. Төмөнкүлөр милдеттендирилсин:
- эл депутаттарынын Бишкек шаардык Кеңеши колдонулуп жаткан мыйзамдарга ылайык Чүй областынын Аламүдүн районундагы XXIII партсъезд атындагы үрөн чарбасына жана "Пригородный" совхозуна аларга келтирилген чыгымдардын, ал эми Аламүдүн райондук мамлекеттик администрациясы айыл чарба муктаждыктары үчүн эмес максаттарга айыл чарбасынын асыл жерлерин бөлүп берүүгө байланышкан айыл чарба өндүрүшүнүн жоготууларынын ордун толтурууга;
- Кыргыз Республикасынын Суу чарба жана мелиорация министрлиги Түштүк Чоң, Чүй каналынын курулушунун долбоордук-сметалык документациясында бузулган жерлерди калыбына келтирүүгө жана Чүй областынын Аламүдүн районундагы ХХIII партсъезд атындагы үрөн чарбасына келтирилген чыгымдардын ордун толтуруу үчүн каражат белгилөөгө;
- Аламүдүн жана Сокулук райондук мамлекеттик администрациялары түшүм жыйнап алгандан кийин жерлерди натуралай бөлүүнү жүргүзүшсүн.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1992-жылдын 20-мартындагы N 89 "Жерлерди алуу жөнүндөгү" токтому күчүн жоготкондугу таанылсын.
Премьер-министр | Т. Чыңгышев |