Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2019-жылдын 22-августу № 416
Маалыматтык-коммуникациялык технологияларды иштеп чыгуучу жана колдоо көрсөтүүчү мамлекеттик ишканалардын жана мекемелердин адистерине эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө
Маалыматтык-коммуникациялык технологияларды иштеп чыгуучу жана колдоо көрсөтүүчү мамлекеттик ишканалардын жана мекемелердин адистерине эмгек акы төлөө системасын тартипке келтирүү, ишинин натыйжалуулугун жана сапатын жогорулатуу үчүн шарттарды түзүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
- Маалыматтык-коммуникациялык технологияларды иштеп чыгуучу жана колдоо көрсөтүүчү мамлекеттик ишканалардын жана мекемелердин тизмеси, 1-тиркемеге ылайык;
- Маалыматтык-коммуникациялык технологияларды иштеп чыгуучу жана колдоо көрсөтүүчү мамлекеттик ишканалардын жана мекемелердин адистеринин кызмат орундарынын тизмеси, 2-тиркемеге ылайык.
2. Маалыматтык-коммуникациялык технологияларды иштеп чыгуучу жана колдоо көрсөтүүчү мамлекеттик ишканалардын жана мекемелердин штаттык расписаниеси (ушул токтомдун 2-тиркемесинде аталган адистердин кызматтык маяналарынын өлчөмдөрү бул чөйрөдөгү рыноктук эмгек акынын колдонуудагы өлчөмдөрүн талдоонун жыйынтыгы боюнча аныкталат) жыл сайын төмөнкүлөр тарабынан бекитиле турганы белгиленсин:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы "Инфоком" мамлекеттик ишканасы менен макулдашуу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы;
- Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин алдындагы "Түндүк электрондук өз ара аракеттенүү борбору" мамлекеттик ишканасы жана "Транском" мамлекеттик мекемеси менен макулдашуу боюнча Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитети;
- Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитети менен макулдашуу боюнча Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин алдындагы "Инфо-система", "Соцсервис", "Укук" мамлекеттик ишканалары.
3. Ушул токтомдун 1-тиркемесинде аталган маалыматтык-коммуникациялык технологияларды иштеп чыгуучу жана колдоо көрсөтүүчү мамлекеттик ишканалар жана мекемелер бир айлык эмгек акынын дем берүүчү бөлүгүн ишкананын (мекеменин) кирешесин (пайдасын) эске алуу менен же учурдагы жылдын аягында эмгек акы фондун үнөмдөөнүн эсебинен аткарылган иштердин натыйжалары боюнча төлөсүн.
4. Ушул токтомдун колдонулушу ушул токтомдун 1-тиркемесинде аталган маалыматтык-коммуникациялык технологияларды иштеп чыгуучу жана колдоо көрсөтүүчү мамлекеттик ишканаларга жана мекемелерге жайылтыла турганы белгиленсин.
5 Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын курулуш, транспорт жана коммуникациялар бөлүмүнө жүктөлсүн.
6. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2019-жылдын 27-августундагы N 72 жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
| М. Абылгазиев |
|
| 1-тиркеме |
Маалыматтык-коммуникациялык технологияларды иштеп чыгуучу жана колдоо көрсөтүүчү мамлекеттик ишканалардын жана мекемелердин ТИЗМЕСИ
№ | Мамлекеттик ишкананын жана мекеменин аталышы |
1 | Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин алдындагы "Инфо-система" мамлекеттик ишканасы |
2 | Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин алдындагы "Соцсервис" мамлекеттик ишканасы |
3 | Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин алдындагы "Укук" мамлекеттик ишканасы |
4 | Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин алдындагы "Түндүк электрондук өз ара аракеттенүү борбору" мамлекеттик ишканасы |
5 | Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин алдындагы "Транском" мамлекеттик мекемеси |
6 | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы "Инфоком" мамлекеттик ишканасы |
|
| 2-тиркеме |
Маалыматтык-коммуникациялык технологияларды иштеп чыгуучу жана колдоо көрсөтүүчү мамлекеттик ишканалардын жана мекемелердин адистеринин кызмат орундарынын ТИЗМЕСИ
№ | Иштин тармактары боюнча кызмат орундарынын аталышы | Иштин мүнөзү |
1 | Программалык камсыздоону иштеп чыгуу | |
1.1 | Программалык камсыздоону иштеп чыгуунун координатору (иштеп чыгуучулар тобунун жетекчиси - программист) | Иштеп чыгуу, тестирлөө, сынактан өткөрүү жана программалык камсыздоону өнөр жайлык эксплуатацияга киргизүү, долбоордук документтерди иштеп чыгуу, программалык камсыздоону техникалык колдоо |
1.2 | Программалык камсыздоонун улук иштеп чыгуучусу (улук программист) | |
1.3 | Программалык камсыздоонун жетектөөчү иштеп чыгуучусу (жетектөөчү программист) | |
1.4 | Программалык камсыздоону иштеп чыгуучу (программист) | |
1.5 | Техникалык жазгыч | |
1.6 | Өз ара аракеттенүү интерфейсинин дизайнери | |
1.7 | Системалык архитектор (программалык камсыздоонун архитектору) | |
1.8 | Программалык камсыздоону тестирлөө боюнча адис | |
1.9 | IT-аналитик (бизнес-аналитик) | |
1.10 | Программалык камсыздоону ишке киргизүү боюнча адис | |
1.11 | Тренинг-адис | |
2 | Уюмдун ИТ-системасынын иштешин колдоо | |
2.1 | IТ-системаларынын иштөө бөлүмүнүн начальниги | Маалыматтык системалардын, маалыматтар базасынын жана ишкананын тармактык инфраструктурасынын иштешин колдоо, компьютердик техниканын, тармактын паркынын штаттык ишин камсыздоо жана программалык камсыздоо, колдонуучуларды техникалык колдоо |
2.2 | Маалыматтарды иштеп чыгуу борборунун начальниги | |
2.3 | Улук системалык администратор | |
2.4 | Системалык администратор | |
2.5 | Улук тармактык администратор | |
2.6 | Тармактык администратор | |
2.7 | Маалыматтар базасынын администратору | |
2.8 | Колдонмо администратор | |
2.9 | Программалык камсыздоо жана жабдуу администратору (пайдаланылуучулук колдоо администратору) | |
2.10 | Техникалык колдоо боюнча адис |
|
3 | Коопсуздукту камсыздоо | |
3.1 | Киберкоопсуздук боюнча адис (киберкоопсуздук боюнча офицер) | Маалыматтык коопсуздуктун коркунучтарын алдын алуу жана болтурбоо боюнча иштер |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2019-жылдын 22-августу № 416
Маалыматтык-коммуникациялык технологияларды иштеп чыгуучу жана колдоо көрсөтүүчү мамлекеттик ишканалардын жана мекемелердин адистерине эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 31-декабрындагы № 643 токтомунун редакциясына ылайык)
Маалыматтык-коммуникациялык технологияларды иштеп чыгуучу жана колдоо көрсөтүүчү мамлекеттик ишканалардын жана мекемелердин кызматкерлерине эмгек акы төлөө системасын тартипке келтирүү, ишинин натыйжалуулугун жана сапатын жогорулатуу үчүн шарттарды түзүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 31-декабрындагы № 643 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
- Маалыматтык-коммуникациялык технологияларды иштеп чыгуучу жана колдоо көрсөтүүчү мамлекеттик ишканалардын жана мекемелердин тизмеси, 1-тиркемеге ылайык;
- Маалыматтык-коммуникациялык технологияларды иштеп чыгуучу жана колдоо көрсөтүүчү мамлекеттик ишканалардын жана мекемелердин кызматкерлеринин кызмат орундарынын тизмеси, 2-тиркемеге ылайык.
- электрондук башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын алдындагы маалыматтык-коммуникациялык технологияларды иштеп чыгуучу жана колдоо көрсөтүүчү мамлекеттик ишканалардын кызматкерлеринин кызмат орундарынын тизмеги жана кызматтык маяналарынын өлчөмү, 3-тиркемеге ылайык.
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 31-декабрындагы № 643 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Төмөнкүлөр белгиленсин:
1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы "Инфоком" мамлекеттик ишканасынын жана Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин алдындагы "Транском" мамлекеттик мекемесинин штаттык расписаниелери жана ушул токтомдун 2-тиркемесинде аталган кызматкерлердин кызматтык маянасынын өлчөмү бул чөйрөдөгү рыноктук эмгек акынын колдонуудагы өлчөмдөрүн талдоонун жыйынтыгы боюнча аныкталгандыгы жана төмөнкүлөр тарабынан тиешелүү түрдө бекитиле тургандыгы:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы "Инфоком" мамлекеттик ишканасы менен макулдашуу боюнча;
- Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитети тарабынан Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин алдындагы "Транском" мамлекеттик мекемеси менен макулдашуу боюнча;
2) электрондук башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын алдындагы маалыматтык-коммуникациялык технологияларды иштеп чыгуучу жана колдоо көрсөтүүчү мамлекеттик ишканалардын кызматкерлеринин штаттык расписаниеси ушул токтомдун 3-тиркемесине ылайык аныкталат жана Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитети тарабынан электрондук башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын алдындагы маалыматтык-коммуникациялык технологияларды иштеп чыгуучу жана колдоо көрсөтүүчү мамлекеттик ишканалар менен макулдашуу боюнча бекитилет;
3) электрондук башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын алдындагы маалыматтык-коммуникациялык технологияларды иштеп чыгуучу жана колдоо көрсөтүүчү мамлекеттик ишканалардын кызматкерлеринин айлык акысына кошумча төлөмдөр жана сый акылар каралган.
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 31-декабрындагы № 643 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Ушул токтомдун 1-тиркемесинде аталган маалыматтык-коммуникациялык технологияларды иштеп чыгуучу жана колдоо көрсөтүүчү мамлекеттик ишканалар жана мекемелер бир айлык эмгек акынын дем берүүчү бөлүгүн ишкананын (мекеменин) кирешесин (пайдасын) эске алуу менен же учурдагы жылдын аягында эмгек акы фондун үнөмдөөнүн эсебинен аткарылган иштердин натыйжалары боюнча төлөсүн.
4. Ушул токтомдун колдонулушу ушул токтомдун 1-тиркемесинде аталган маалыматтык-коммуникациялык технологияларды иштеп чыгуучу жана колдоо көрсөтүүчү мамлекеттик ишканаларга жана мекемелерге жайылтыла турганы белгиленсин.
5 Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын курулуш, транспорт жана коммуникациялар бөлүмүнө жүктөлсүн.
6. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2019-жылдын 27-августундагы № 72 жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
| М.Абылгазиев |
|
| 1-тиркеме |
Маалыматтык-коммуникациялык технологияларды иштеп чыгуучу жана колдоо көрсөтүүчү мамлекеттик ишканалардын жана мекемелердин ТИЗМЕСИ
№ | Мамлекеттик ишкананын жана мекеменин аталышы |
1 | Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин алдындагы "Инфо-система" мамлекеттик ишканасы |
2 | Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин алдындагы "Соцсервис" мамлекеттик ишканасы |
3 | Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин алдындагы "Укук" мамлекеттик ишканасы |
4 | Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин алдындагы "Түндүк электрондук өз ара аракеттенүү борбору" мамлекеттик ишканасы |
5 | Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин алдындагы "Транском" мамлекеттик мекемеси |
6 | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы "Инфоком" мамлекеттик ишканасы |
|
| 2-тиркеме |
Маалыматтык-коммуникациялык технологияларды иштеп чыгуучу жана колдоо көрсөтүүчү мамлекеттик ишканалардын жана мекемелердин кызматкерлеринин кызмат орундарынын ТИЗМЕСИ
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 31-декабрындагы № 643 токтомунун редакциясына ылайык)
№ | Иштин тармактары боюнча кызмат орундарынын аталышы | Иштин мүнөзү |
1 | Программалык камсыздоону иштеп чыгуу | |
1.1 | Программалык камсыздоону иштеп чыгуунун координатору (иштеп чыгуучулар тобунун жетекчиси - программист) | Иштеп чыгуу, тестирлөө, сынактан өткөрүү жана программалык камсыздоону өнөр жайлык эксплуатацияга киргизүү, долбоордук документтерди иштеп чыгуу, программалык камсыздоону техникалык колдоо |
1.2 | Программалык камсыздоонун улук иштеп чыгуучусу (улук программист) | |
1.3 | Программалык камсыздоонун жетектөөчү иштеп чыгуучусу (жетектөөчү программист) | |
1.4 | Программалык камсыздоону иштеп чыгуучу (программист) | |
1.5 | Техникалык жазгыч | |
1.6 | Өз ара аракеттенүү интерфейсинин дизайнери | |
1.7 | Системалык архитектор (программалык камсыздоонун архитектору) | |
1.8 | Программалык камсыздоону тестирлөө боюнча адис | |
1.9 | IT-аналитик (бизнес-аналитик) | |
1.10 | Программалык камсыздоону ишке киргизүү боюнча адис | |
1.11 | Тренинг-адис | |
2 | Уюмдун ИТ-системасынын иштешин колдоо | |
2.1 | IТ-системаларынын иштөө бөлүмүнүн начальниги | Маалыматтык системалардын, маалыматтар базасынын жана ишкананын тармактык инфраструктурасынын иштешин колдоо, компьютердик техниканын, тармактын паркынын штаттык ишин камсыздоо жана программалык камсыздоо, колдонуучуларды техникалык колдоо |
2.2 | Маалыматтарды иштеп чыгуу борборунун начальниги | |
2.3 | Улук системалык администратор | |
2.4 | Системалык администратор | |
2.5 | Улук тармактык администратор | |
2.6 | Тармактык администратор | |
2.7 | Маалыматтар базасынын администратору | |
2.8 | Колдонмо администратор | |
2.9 | Программалык камсыздоо жана жабдуу администратору (пайдаланылуучулук колдоо администратору) | |
2.10 | Техникалык колдоо боюнча адис |
|
3 | Коопсуздукту камсыздоо | |
3.1 | Киберкоопсуздук боюнча адис (киберкоопсуздук боюнча офицер) | Маалыматтык коопсуздуктун коркунучтарын алдын алуу жана болтурбоо боюнча иштер |
|
| 3-тиркеме |
Электрондук башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын алдындагы маалыматтык-коммуникациялык технологияларды иштеп чыгуучу жака колдоо көрсөтүүчү мамлекеттик ишканалардын кызматкерлеринин кызматтык маяналарынын ӨЛЧӨМҮ
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 31-декабрындагы № 643 токтомунун редакциясына ылайык)
№ | Кызмат орундарынын аталышы | Кызматтык маяналарынын өлчөмү (сом менен) |
1 | Директор | 80000 |
2 | Директордун орун басары | 75000 |
3 | Долбоордун координатору (IТ боюнча менеджер) | 65000 |
4 | Архитектор (конструктор) | 85000 |
5 | IТ-дизайнер | 60000 |
6 | IТ-аналитик | 60000 |
7 | Бизнес-аналитик | 40000 |
8 | Башкы программист | 90000 |
9 | Программист | 75000 |
10 | Кенже программист | 50000 |
11 | Системалык администратор (маалыматтар базасынын администратору) | 80000 |
12 | Киберкоопсуздук боюнча офицер | 80000 |
13 | Тармактар боюнча адис | 50000 |
14 | Тууралоо, долбоорлоо жана тестирлөө боюнча адис | 50000 |
15 | IТ-юрист | 60000 |
16 | Башкы бухгалтер (бухгалтер-финансист) | 55000 |
17 | Уюштуруу иштери боюнча адис (мамлекеттик сатып алуулар боюнча адис, кадрлар боюнча адис) | 30000 |