Загрузка документа…
|
| Тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 22-августундагы № 418 токтомуна) |
Өзгөчө жана кризистик кырдаалдарда аялдар менен балдарга карата зомбулук опурталын азайтуу боюнча мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, ошондой эле башка уюмдардын жана жарандардын өз ара биргелешип аракеттенүү тартиби жөнүндө ЖОБО
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 4-декабрындагы № 633 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Өзгөчө жана кризистик кырдаалдарда аялдар менен балдарга карата зомбулук опурталын азайтуу боюнча мамлекеттик бийликтин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, ошондой эле башка уюмдардын жана жарандардын өз ара биргелешип аракеттенүү тартиби жөнүндө жобо (мындан ары - Жобо) өзгөчө жана кризистик кырдаалдарда гендерлик зомбулуктун алдын алуу, бөгөт коюу жана чара көрүү Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, ошондой эле башка мамлекеттик жана мамлекеттик эмес уюмдардын жана жарандардын өз ара аракеттенүү тартибин аныктайт.
2. Ушул Жободо төмөнкүдөй негизги түшүнүктөр колдонулат:
өзгөчө кырдаал - адам курмандыктарына, адамдардын ден соолугуна же айлана-чөйрөгө зыян келтирүүгө, олуттуу материалдык чыгымдарга жана адамдардын жашоо шартынын бузулушуна алып келиши мүмкүн болгон же алып келген коркунучтуу жаратылыш же техногендик кубулуштун, авариянын, апааттын, табигый же башка кырсыктын, учурдагы кыйратуу каражаттарынын таасиринин натыйжасында Кыргыз Республикасынын белгилүү бир аймагында түзүлгөн жагдай;
кризистик кырдаал - биологиялык (эпидемия, эпизоотия, эпифитотия), социалдык (зомбулук жана адамдардын өмүрүнө коркунуч туудуруу менен коштолгон куралдуу козголоң, этностор аралык чыр-чатактар, массалык баш-аламандыктар, республикалык маанидеги жолдорду жана стратегиялык объекттерди куралдуу басып алуу жана тосуу, аларды бузууну кошкондо) жана табияттык-техногендик (табигый кырсыктар, кыйроолор) мүнөздөгү конституциялык түзүлүшкө, инсандын, коомдун өтө маанилүү таламдарына, мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын нормалдуу иштөө режимине түздөн-түз коркунуч келтирүүчү факторлордун (жагдайлардын) жыйындысы;
коопсуз жай - гендерлик зомбулуктан жабыр тарткан адамдардын өмүрү жана ден соолугу үчүн коркунучу жок аймак же жай;
гендерлик зомбулук - бул адамдын дене, сексуалдык же психологиялык ден соолугуна зыян келтирген же келтириши мүмкүн болгон, азапка салган ар кандай зомбулук актысы, ошондой эле коомдук же жеке жашоосунда болобу күчкө салып же өз эрки менен эркиндигинен ажыратуу коркунучу;
жардам алууга жеткиликтүүлүк - жынысына, туткан динине, социалдык, маданий, этностук таандыктыгына, курагына, үй-бүлөлүк абалына, ден соолугунун абалына, жашаган жерине, ошондой эле башка жагдайларга карабастан жана башка адамдардын макулдугу менен гендерлик зомбулуктан жабыр тарткандардын жардам алуу мүмкүнчүлүгү. Жеткиликтүүлүк өзүнө - гендерлик зомбулуктан жапа чеккендердин алгачкы жардам пункттарында жардамдын зарыл болгон бардык түрлөрүн алуу мүмкүндүгүн, ошондой эле башка атайын мекемелерге жиберүү же жеткирүү мүмкүндүгүн камтыйт;
Жарандык коргонуу боюнча комиссия - Жарандык коргонуу боюнча иш-чараларды уюштуруу жана аткаруу үчүн багытталган Жарандык коргонуунун мамлекеттик системасынын туруктуу иштеген координациялоочу органы;
компетенттүүлүк - атайын даярдыктан өткөн адистин жардам көрсөтүү сапатынын деңгээли;
купуялуулук - гендерлик зомбулуктан жабыр тарткандарга карата гендерлик зомбулук жөнүндө баардык маалыматтарды сыр кылып сактоо;
гендерлик зомбулуктан жабыр тарткан адам - гендерлик зомбулукту башынан өткөргөн жеке адам;
өзгөчө муктаждыктары бар адамдар - кош бойлуу аялдар, эмчектеги баласы бар аялдар, улгайган адамдар, балдар, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдар;
гендерлик зомбулуктан жабыркаган адамдарга жардам - медициналык, психологиялык, социалдык, юридикалык жана жардамдын башка бардык түрлөрү;
өзгөчө жана кризистик кырдаалдын алдын алуу этабы - мүмкүн боло турган өзгөчө жана кризистик кырдаалдан мурдагы мезгил, ал мезгилде өзгөчө жана кризистик кырдаалдын, анын ичинде гендерлик зомбулуктун кесепеттерин азайтуу үчүн иш-чаралардын ырааттуу жана логикалык ирээттүүлүгүн иштеп чыгуу ишке ашырылат;
сексуалдык зомбулук - адамдын жыныстык кол тийбестигине же жыныстык эркиндигине шек келтирген жосун. Сексуалдык зомбулук өзүнө ар кандай иш-аракеттерди, аларга аракет кылууну жана коркунучту, анын ичинде денесине жана же психологиясына залал келтирген же келтирилиши мүмкүн болгон эксплуатациялоону жана азгырууну камтыйт;
социалдык кызматтар - менчиктин түрүнө карабастан социалдык кызмат көрсөтүүчү уюмдар (жаранга жашоо шартын жакшыртуу жана (же) өзүнүн жашоосундагы негизги керектөөлөрүн өз алдынча камсыздоо мүмкүндүгүн кеңейтүү максатында жардам берүү), ошондой эле юридикалык билими болбогон калкты социалдык тейлөө боюнча ишкердик жүргүзгөн жарандар (оор турмуштук кырдаалга кабылган жарандарга социалдык колдоо көрсөтүү, социалдык-тиричиликтик, социалдык-медициналык, психологиялык-педагогикалык, социалдык-укуктук кызматтарды көрсөтүү, жарандарды социалдык оор абалдан чыгаруу жана калыбына келтирүү);
шашылыш жардам - адам өмүрүн сактоого, кийин жаракат алууну болтурбоого, физикалык жана психологиялык ден соолугунун начарлашынын алдын алууга, гендерлик зомбулуктан жабыркаган адамдын дарылануусуна жана анын сакаюусуна шарт түзүүгө багытталган иш-чаралардын комплекси;
өзгөчө жана кризистик кырдаалдын этабы - гендерлик зомбулуктан коргоо боюнча чаралар көрүлүүчү, гендерлик зомбулуктан жапа чеккен адамдарга жардам көрсөтүлүүчү убакыт мезгили;
калыбына келтирүү этабы - гендерлик зомбулуктан жапа чеккендердин укуктары жана мыйзамдуу кызыкчылыктары корголгон абалды камсыз кылган жашоо-тиричилик шарттары калыбына келтирилүүчү убакыт/мезгил.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 4-декабрындагы № 633 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Гендерлик зомбулукту болтурбоо, бөгөт коюу жана чара көрүү боюнча өз ара аракеттенүүчү органдардын субъекттеринин иштөө принциптери
3. Өз ара аракеттенүүчү органдардын субъекттери:
- Кыргыз Республикасынын Жарандык коргонуу жөнүндө мыйзамы менен аныкталган тартипте түзүлгөн, Кыргыз Республикасынын Жарандык коргонуу боюнча комиссиясы;
- Жарандык коргонуу жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган, анын аймактык жана ведомстволук бөлүмчөлөрү;
- жарандардын ден соолугун коргоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган, анын аймактык жана ведомстволук бөлүмчөлөрү;
- ички иштер жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган, анын аймактык жана ведомстволук бөлүмчөлөрү;
- социалдык өнүктүрүү жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган, анын аймактык жана ведомстволук бөлүмчөлөрү;
- коргоо маселелери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган;
- жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары;
- жарандар, ошондой эле өзүнүн уставдык максаттарынын алкагында гендерлик зомбулуктун алдын алуу, бөгөт коюу жана чара көрүү боюнча өз функцияларын ишке ашыруучу башка мамлекеттик жана мамлекеттик эмес уюмдар.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 4-декабрындагы № 633 токтомунун редакциясына ылайык)
4. Өзгөчө жана кризистик кырдаалда гендерлик зомбулукту болтурбоо, бөгөт коюу жана чара көрүү боюнча өз ара аракеттенүү органдарынын субъектилеринин иштери төмөнкү принциптерге негизделет:
- адам укуктары жана гендерлик теңчилик жаатында мыйзамдарды жана эл аралык стандарттарды сактоо;
- гендерлик басмырлоого, гендерлик зомбулукка шарт түзгөн диний, маданий жана башка үрп-адаттарга жол бербөө;
- аялдардын жана жашы жете элек адамдардын жана өзгөчө муктаждыктары бар адамдардын керектөөлөрүн эсепке алуу;
- өз ара аракеттенүү органдарынын гендерлик зомбулукту болтурбоо, бөгөт коюу жана чара көрүү боюнча жоопкерчилиги;
- мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын гендерлик зомбулукту болтурбоо, бөгөт коюу жана чара көрүү боюнча өз ара аракеттенүү милдеттүүлүгү;
- гендерлик зомбулуктан жапа чеккендердин жардам алууга жеткиликтүүлүгү;
- гендерлик зомбулукту болтурбоо, бөгөт коюу жана чара көрүү маселелерин мамлекеттик өнүктүрүү программаларына, билим берүү, маалыматтык жана окутуу программаларына, кадрларды даярдоо/кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу программаларына интеграциялоо;
- өзгөчө кырдаалдардын опурталдарын башкаруу маселелери боюнча ыйгарым укуктарын ишке ашыруучу мамлекеттик органдарда, гендерлик зомбулукту болтурбоо, бөгөт коюу жана чара көрүү боюнча программаларды баалоодо, пландоодо, жүзөгө ашырууда, мониторинг жүргүзүүдө жана жыйынтыктоочу баа берүүдө чечимдерди кабыл алууга аялдардын жана эркектердин бирдей жеткиликтүүлүгү;
- жергиликтүү коомчулукту, уюмдарды жана жарандарды гендерлик зомбулукту болтурбоо, бөгөт коюу жана чара көрүү процессине тартуу;
- гендерлик зомбулуктун алдын алууда, гендерлик тең укуктуулукту түшүнүүдө жана алдыга жылдырууда жарандардын жана уюмдардын кабардар болуу деңгээлин жогорулатуу;
- өз ара аракеттенүү субъектилеринин этапка жараша гендерлик зомбулукту болтурбоо, бөгөт коюу жана чара көрүү боюнча иш-чараларды жүзөгө ашыруусу (өзгөчө жана кризистик кырдаалдын алдын алуу этабы, өзгөчө жана кризистик кырдаалдын этабы, калыбына келтирүү этабы);
- гендерлик зомбулуктан жапа чеккен адамдарга жардам көрсөтүүдө жашы жете элек адамдардын кызыкчылыктарынын артыкчылыгы;
- гендерлик зомбулуктан жапа чеккен адамдарга жеткиликтүүлүк, урматтоо, купуялуулук, компетенттүүлүк, дене-бой жана психологиялык коопсуздукту камсыз кылуу акысыз шарттарда өз ара аракеттенүү субъектилеринин жардам көрсөтүүсү.
3. Өз ара аракеттенүүчү органдардын субъектилери тарабынан ишке ашырылуучу иш-чаралар
5. Өз ара аракеттенүүчү органдардын субъектилери өзгөчө жана кризистик кырдаалдардын алдын алуу этаптарында иштелип чыккан ведомстволук, ведомстволор аралык актылардын (буйруктар, нускамалар, пландар) негизинде балдарга жана аялдарга карата зомбулуктун опурталдарын азайтуу боюнча өз ара аракеттенүүнү уюштурат.
Ведомстволук жана ведомстволор аралык актыларда гендерлик зомбулукту болтурбоо, бөгөт коюуга жана чара көрүү боюнча тапшырмаларды биргелешип аткаруу мезгилинде өз ара аракеттенүүнүн максаты, формасы жана тартиби аныкталат.
Гендерлик зомбулукту болтурбоо, бөгөт коюу жана чара көрүү боюнча өз ара аракеттенүүчү органдардын субъектилеринин өз ара аракеттенүүсү республикалык, облустук жана райондук деңгээлдерде ишке ашырылат.
6. Өз ара аракеттенүүчү органдардын субъектилери өзгөчө жана кризистик кырдаалдардын алдын алуу этабында төмөнкү иш-чараларды ишке ашырышат:
- гендерлик зомбулукту болтурбоого, бөгөт коюуга жана чара көрүүгө багытталган бирдиктүү мамлекеттик саясатты иштеп чыгууга жана ишке ашырууга катышат;
- аялдардын, жашы жете элек адамдардын жана өзгөчө муктаждыктары бар адамдардын керектөөлөрүн эске алуу менен өзгөчө жана кризистик кырдаалдарда жана алардын кесепеттерин жоюу шарттарында гендерлик зомбулукту болтурбоого, бөгөт коюуга жана чара көрүүгө багытталган Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларынын, ошондой эле, ведомстволук жана ведомстволор аралык актылардын долбоорлорун иштеп чыгышат;
- гендерлик зомбулукту болтурбоого, бөгөт коюуга жана чара көрүүгө багытталган иш-чараларды Жарандык коргонуу планына кошушат;
- Жарандык коргонуу боюнча комиссияга гендерлик зомбулукту болтурбоо, бөгөт коюу жана чара көрүү боюнча тапшырмаларды жана функцияларды аткаруу үчүн зарыл болгон маалыматтарды беришет;
- шашылыш жардам көрсөтүүгө, ошондой эле гендерлик зомбулукту болтурбоого, бөгөт коюуга жана чара көрүүгө, өзгөчө жана кризистик кырдаалдардын шарттарында гендерлик зомбулуктан жабыркаган адамдарды реабилитациялоого багытталган маселелер кызматкерлерди кесиптик даярдоонун/кайра даярдоонун квалификациясын жогорулатууда жана окутуунун башка тиешелүү түрлөрүнүн программасына киргизилет;
- жылына бир жолудан кем эмес гендерлик зомбулукту болтурбоо, бөгөт коюу жана чара көрүү боюнча өз ара аракеттенүү механизмин иштеп чыгууга багытталган окутуу-машыгуу иш-чараларын өткөрүшөт;
- гендерлик зомбулукту болтурбоо, бөгөт коюу жана чара көрүү үчүн өзгөчө жана кризистик кырдаал шарттарында акысыз консультациялык жардамдардын (юридикалык, маалыматтык, медициналык, психологиялык жана башка кызматтар) даярдыгын камсыз кылышат;
- өзүнүн компетенцияларынын чектеринде гендерлик зомбулукту болтурбоого, бөгөт коюуга жана чара көрүүгө багытталган башка иштерди жүргүзүшөт.
7. Өз ара аракеттенүүчү органдардын субъектилери өзгөчө жана кризистик кырдаалдар этабында төмөнкү иш-чараларды ишке ашырышат:
- гендерлик зомбулуктан жапа чеккендерге өзгөчө жана кризистик кырдаал мезгилинде медициналык, психологиялык, социалдык, юридикалык жана жардамдын башка түрлөрүн көрсөтүү боюнча маалыматтарды, коопсуз жай берүү пункттары жөнүндө маалыматтарды беришет;
- гендерлик зомбулуктан жапа чеккен адамдарды табышат;
- калкка ички иштер органдарына, медициналык мекемелерге, кризистик борборго жана башка социалдык кызматтарга кайрылуу мүмкүндүгү жөнүндө маалымат беришет;
- гендерлик зомбулуктан жапа чеккен адамдарга каалабаган кош бойлуулукту болтурбоо, жыныстык жол менен жугуучу инфекцияларды (мындан ары - ЖЖИ), анын ичинде В гепатити жана С гепатити, адамдын иммундук жетишсиздик вирусун (мындан ары - АИВ инфекциясы) алдын алуу максатында медициналык жардамга токтоосуз кайрылуунун маанилүүлүгү жөнүндө маалымат беришет;
- гендерлик зомбулуктан жапа чеккен адамдарга өз компетенциясынын чегинде шашылыш жардам көрсөтүшөт;
- гендерлик зомбулуктан жабыркаган адамдардын макулдугу менен, эгер жабырлануучу жашы жетпеген же ишке жарабаган адам болсо - алардын мыйзамдуу өкүлдөрүнүн макулдугу менен гендерлик зомбулуктун фактылары тууралуу ички иштер органдарына дароо кабарлашат;
- гендерлик зомбулуктан жапа чеккен адамдарды алардын макулдугу же алардын мыйзамдуу өкүлдөрүнүн макулдугу менен тийиштүү жардам көрсөтүү үчүн социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын мекемелерине, убактылуу лагерлерге, кризистик борборлорго же башка коопсуз жайга жиберишет;
- гендерлик зомбулуктан жабырган адамдардын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн алар убактылуу болгон жерлерде чараларды көрүшөт;
- гендерлик зомбулукка жол бербөө тууралуу калк арасында профилактикалык иштерди жүргүзүшөт;
- гендерлик зомбулуктан жабыркаган адамдардын саны тууралуу маалыматтарды чогултушат;
- гендерлик зомбулуктун фактылары боюнча кайрылуулар тууралуу маалыматтарды андан аркы аракеттердин планын иштеп чыгуу үчүн Жарандык коргонуу боюнча комиссияга жиберишет;
- өзүнүн милдеттеринин алкагында гендерлик зомбулукту болтурбоого, бөгөт коюуга жана чара көрүүгө багытталган башка иштерди ишке ашырышат.
8. Өз ара аракеттенүүчү органдардын субъектилери реабилитациялоо этабында төмөнкү иш-чараларды жүргүзүшөт:
- гендерлик зомбулук фактылары жөнүндө маалыматтарды жабыркагандардын жашы жана жынысы, гендерлик зомбулуктан жабыркагандардын жана каза болгондордун саны боюнча бөлүү менен жалпылашат жана Жарандык коргонуу боюнча комиссияга жиберишет;
- өзгөчө жана кризистик кырдаалдар шарттарында гендерлик зомбулуктан жабыркаган адамдарды алардын макулдугу же мыйзамдуу өкүлдөрүнүн макулдугу менен тиешелүү медициналык мекемелерге жана социалдык кызматтарга жиберишет;
- гендерлик зомбулукту болтурбоо, бөгөт коюу жана чара көрүү боюнча өздөрүнүн иштерине мониторинг жүргүзүшөт жана баа беришет, аларды өркүндөтүү боюнча сунуштарды иштеп чыгышат;
- өзгөчө жана кризистик кырдаалдарга тартылган өздөрүнүн кызматкерлерин реабилитациялоону уюштурушат;
- өз компетенцияларынын чегинде гендерлик зомбулукту болтурбоого, бөгөт коюуга жана чара көрүүгө багытталган башка иштерди жүргүзүшөт.