Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2019-жылдын 26-августу № 428
Кыргыз Республикасынын Ош облусундагы Ноокат районунун Төөлөс айыл аймагында жайгашкан жерлерди "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан "Калктуу конуштардын жерлери" категориясына которуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 20-беренесине, "Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Ноокат райондук мамлекеттик администрациясынын 2019-жылдын 4-февралындагы № 03 токтомун, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 2019-жылдын 4-февралындагы № 51-б буйругун жана 2019-жылдын 5-февралындагы корутундусун эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жеке турак жай курууга муктаж жарандарга ушул пунктта аталган жерлерди берүү максатында мамлекеттин менчигинде турган жана Кыргыз Республикасынын Ош облусундагы Ноокат районунун Төөлөс айыл аймагында жайгашкан 92,12 га жер "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан "Калктуу конуштардын жерлери" категориясына которулсун, анын ичинен:
- 4,98 га - жайыт (№ 174 контурда), Пахтачы Авиз-1 участогунда жайгашкан;
- 14,1 га - жайыт (№ 27 контурда), Пахтачы Авиз-2 участогунда жайгашкан;
- 0,90 га - жайыт (№ 227 контурда), Жабылы участогунда жайгашкан;
- 39,22 га - жайыт (№ 1038, 1058, 1059, 1064 контурларда), Төлман участогунда жайгашкан;
- 5,66 га - кысыр аңыздар (№ 1037, 1060, 1061, 1062 контурларда), Төлман участогунда жайгашкан;
- 16,5 га - жайыт (№ 1001, 1003, 1004, 1005, 1007, 1009, 1011 контурларда) Айтамга - МТФ участогунда жайгашкан;
- 10,76 га - жайыт (№ 353, № 959 контурларда), Дөдөн участогунда жайгашкан.
2. Кыргыз Республикасынын Ош облусундагы Ноокат райондук мамлекеттик администрациясы төмөнкүлөрдү камсыздасын:
- жерди эсепке алуу документтерине тийиштүү өзгөртүүлөрдү киргизүүнү;
- ушул токтомдун 1-пунктунда аталган жерлерди максаттуу багыты боюнча пайдаланууну;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ушул токтомдун 1-пунктунда аталган жерлердин шаар куруу документтерин иштеп чыгууну жана бекитүүнү.
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана экология бөлүмүнө жүктөлсүн.
4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
| М. Абылгазиев |