Сравнение редакций…
| Тиркеме |
| (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 22-августундагы № 420 токтому менен бекитилди) |
Этил спиртин жана алкоголдук продукцияны өндүрүү жана
жүгүртүү боюнча ишти жүзөгө ашыргандыгы үчүн жыйымды
төлөө тартиби жана анын ставкалары
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 25-апрелиндеги № 200 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Этил спиртин өндүрүүгө жана жүгүртүүгө лицензия алган субъект эсептик көрсөткүчтүн 2500 өлчөмүндө жыйым төлөйт.
2. Алкоголдук продукцияны (шарап материалдары, шарап, көбүрмө шарап (шампан), шарап ичимдиктеринен тышкары) өндүрүүгө жана жүгүртүүгө (өндүрүү же сатуу максатында сактоого, дүңүнөн жана чекене сатууга) лицензия алган субъект эсептик көрсөткүчтүн 2500 өлчөмүндө жыйым төлөйт.
3. Шарап материалдарын, шарап, көбүрмө шарап (шампан), шарап ичимдиктерин өндүрүүгө жана жүгүртүүгө (өндүрүү же сатуу максатында сактоого, дүңүнөн жана чекене сатууга) лицензия алган субъект эсептик көрсөткүчтүн 500 өлчөмүндө жыйым төлөйт.
4. Алкоголдук продукцияны дүңүнөн сатууга лицензия алган (сатылуучу алкоголдук продукциянын өндүрүүчүсү болбогон) субъект эсептик көрсөткүчтүн 2500 өлчөмүндө жыйым төлөйт.
5. Сыраны дүңүнөн сатууга лицензия алган субъект эсептик көрсөткүчтүн 500 өлчөмүндө жыйым төлөйт.
6. Алкоголдук продукцияны чекене сатууга лицензия алган субъект төмөнкүдөй өлчөмдө жыйым төлөйт:
1) жеке жактар үчүн -100 эсептик көрсөткүч;
2) юридикалык жактар үчүн:
- соода объектинде бир контролдук-кассалык машина болсо, 200 эсептик көрсөткүч;
- соода объектинде эки контролдук-кассалык машина болсо, 500 эсептик көрсөткүч;
- соода объектинде үч же андан ашык контролдук-кассалык машина болсо, 2000 эсептик көрсөткүч.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 25-апрелиндеги № 200 токтомунун редакциясына ылайык)
7. Жыйымды төлөө мөөнөтү лицензия алган күндөн тартып 30 календарлык күндү түзөт.
8. Тийиштүү лицензия алган субъект лицензия алган күндөн тартып 30 календарлык күндүн ичинде жыйымды төлөгөндүгүн ырастоочу документтин түп нускасын көргөзүп, анын көчүрмөсүн этил спиртин жана алкоголдук продукцияны өндүрүүнү жана жүгүртүүнү контролдоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берүүгө милдеттүү.
9. Жыйымды төлөгөндүгүн ырастоочу документтин көчүрмөсү этил спиртин жана алкоголдук продукцияны өндүрүүнү жана жүгүртүүнү контролдоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга кагаз жүзүндө жеткирип берилиши же тапшырылгандыгын кабарлоочу заказ кат аркылуу почта менен жөнөтүлүшү мүмкүн.
10. Тийиштүү лицензия алган субъекттин жыйымды төлөгөндүгүн ырастоочу документтин көчүрмөсүн этил спиртин жана алкоголдук продукцияны өндүрүүнү жана жүгүртүүнү контролдоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга бербегендиги лицензиялык талаптарды бузуу болуп саналат.
11. Тиешелүү лицензия алган субъект этил спиртин жана алкоголдук продукцияны өндүрүүнү жана жүгүртүүнү контролдоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга лицензия алган күндөн тартып 30 календарлык күндүн ичинде жыйымды төлөгөндүгүн ырастоочу документтин көчүрмөсүн бербесе, этил спиртин жана алкоголдук продукцияны өндүрүүнү жана жүгүртүүнү контролдоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган 30 календарлык күндүн ичинде эреже бузууну жоюу тууралуу эскертүү берет жана аны тапшыргандыгы жөнүндө кабарлоочу заказ кат аркылуу почта менен субъектке жөнөтөт.
12. Тиешелүү лицензия алган субъект этил спиртин жана алкоголдук продукцияны өндүрүүнү жана жүгүртүүнү контролдоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жыйымды төлөгөндүгүн ырастоочу документтин көчүрмөсүн эскертүү берүү түрүндөгү таасир этүү чарасы колдонулган күндөн тартып 30 календарлык күндүн ичинде тапшырбаса, этил спиртин жана алкоголдук продукцияны өндүрүүнү жана жүгүртүүнү контролдоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган айып салуу түрүндөгү таасир этүү чарасын колдонот, ал айып төлөө жөнүндө билдирүүнү алган күндөн тартып 10 календарлык күндүн ичинде төлөнүүгө тийиш.
13. Тиешелүү лицензия алган субъект этил спиртин жана алкоголдук продукцияны өндүрүүнү жана жүгүртүүнү контролдоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга айып салуу түрүндөгү таасир этүү чарасы колдонулган күндөн тартып 30 календарлык күндүн ичинде жыйымды төлөгөндүгүн ырастоочу документтин көчүрмөсүн бербесе, этил спиртин жана алкоголдук продукцияны өндүрүүнү жана жүгүртүүнү контролдоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган мурда эскертүү жана айып төлөө жөнүндө билдирүү алган субъекттин лицензиясынын жарактуулугун үч айга чейинки мөөнөткө токтотот.
14. Эгерде лицензиянын жарактуулугу токтотулган мезгилде субъект лицензиянын аракетин токтотуп коюуга алып келген бузууларды жойбосо, лицензия "Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 32-беренесинде каралган тартипте жокко чыгарылат.
15. Лицензия алган субъект тарабынан лицензиялык талаптардагы бузуулар жоюлган шартта лицензиянын жарактуулугу токтотулган мөөнөт аяктаган күндөн кийинки күндөн тартып же болбосо белгиленген мөөнөт аяктаганга чейин субъект лицензиялык талаптардагы бузууларды мөөнөтүнөн мурда жойгон учурда, этил спиртин жана алкоголдук продукцияны өндүрүүнү жана жүгүртүүнү контролдоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан лицензиянын колдонулушу кайра жаңыланат.
16. Лицензиялык талаптардагы бузуулар мөөнөтүнөн мурда жоюлса, субъект бул жөнүндө этил спиртин жана алкоголдук продукцияны өндүрүүнү жана жүгүртүүнү контролдоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жыйымды төлөгөндүгүн ырастоочу документтин көчүрмөсүн тиркөө менен жазуу жүзүндө кабарлайт.
| Тиркеме |
| (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 22-августундагы № 420 токтому менен бекитилди) |
Этил спиртин жана алкоголдук продукцияны өндүрүү жана
жүгүртүү боюнча ишти жүзөгө ашыргандыгы үчүн жыйымды
төлөө тартиби жана анын ставкалары
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 25-апрелиндеги № 200, 2026-жылдын 30-мартындагы № 202 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1. Этил спиртин өндүрүүгө жана жүгүртүүгө лицензия алган субъект эсептик көрсөткүчтүн 2500 өлчөмүндө жыйым төлөйт.
2. Алкоголдук продукцияны (шарап материалдары, шарап, көбүрмө шарап (шампан), шарап ичимдиктеринен тышкары) өндүрүүгө жана жүгүртүүгө (өндүрүү же сатуу максатында сактоого, дүңүнөн сатууга) лицензия алган субъект эсептик көрсөткүчтүн 2500 өлчөмүндө жыйым төлөйт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 30-мартындагы № 202 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Шарап материалдарын, шарап, көбүрмө шарап (шампан), шарап ичимдиктерин өндүрүүгө жана жүгүртүүгө (өндүрүү же сатуу максатында сактоого, дүңүнөн сатууга) лицензия алган субъект эсептик көрсөткүчтүн 500 өлчөмүндө жыйым төлөйт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 30-мартындагы № 202 токтомунун редакциясына ылайык)
4. Алкоголдук продукцияны дүңүнөн сатууга лицензия алган (сатылуучу алкоголдук продукциянын өндүрүүчүсү болбогон) субъект эсептик көрсөткүчтүн 2500 өлчөмүндө жыйым төлөйт.
5. Сыраны дүңүнөн сатууга лицензия алган субъект эсептик көрсөткүчтүн 500 өлчөмүндө жыйым төлөйт.
6. (КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 30-мартындагы № 202 токтомуна ылайык күчүн жоготту)