Сравнение редакций…
| Тиркеме |
| (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 29-августундагы № 441 токтомуна) |
Бешинчи баскычтагы өнөкөт бөйрөк жетишсиздиги менен ооругандар үчүн гемодиализ кызматтарын уюштуруу жана аларды көрсөтүү ТАРТИБИ
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 18-декабрындагы № 692, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 23-августундагы № 419 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Тартип менчигинин түрүнө карабастан, жарандарды базалык мамлекеттик жана милдеттүү медициналык камсыздандыруу жаатында мамлекеттик саясатты ишке ашыруучу аткаруучу орган менен гемодиализ кызматтарын көрсөтүүгө келишим түзүшкөн саламаттык сактоо уюмдары тарабынан бешинчи баскычтагы өнөкөт бөйрөк жетишсиздиги менен ооругандар үчүн гемодиализ кызматтарынын уюштурулушун жана алардын көрсөтүлүшүн аныктайт.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 23-августундагы № 419 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Ушул Тартип жарандарды базалык мамлекеттик жана милдеттүү медициналык камсыздандыруу жаатында мамлекеттик саясатты ишке ашыруучу аткаруучу органдын аймактык башкармалыктары менен бешинчи баскычтагы өнөкөт бөйрөк жетишсиздиги менен ооругандар үчүн гемодиализ кызматтарын көрсөтүүгө келишимдерди түзүшкөн мамлекеттик саламаттык сактоо уюмдарына жана жеке менчик саламаттык сактоо уюмдарына жайылтылат.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 23-августундагы № 419 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Бешинчи баскычтагы өнөкөт бөйрөк жетишсиздиги менен ооругандар үчүн гемодиализ кызматтарын көрсөтүүнүн шарттары
3. Бешинчи баскычтагы өнөкөт бөйрөк жетишсиздиги менен ооругандарга гемодиализ кызматтары стационардык/күндүзгү стационардык шарттарда гемодиализ кызматтарын көрсөтүүгө лицензия алышкан мамлекеттик саламаттык сактоо уюмдары жана жеке менчик саламаттык сактоо уюмдары (мындан ары - саламаттык сактоо уюмдары) тарабынан көрсөтүлөт.
4. Бешинчи баскычтагы өнөкөт бөйрөк жетишсиздиги менен ооругандарга менчигинин түрүнө жана анын аймактык жайгашуусуна карабастан гемодиализ кызматтарын көрсөтүүчү саламаттык сактоо уюмдарын эркин тандоо укугу берилет.
5. Саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан:
- өнөкөт бөйрөк жетишсиздиги менен ооругандардын тизмеси электрондук кезек формасында түзүлөт;
- өнөкөт бөйрөк жетишсиздиги менен ооругандардын "Бирдиктүү регистр" жалпы маалыматтар базасы жүргүзүлөт.
6. Бешинчи баскычтагы өнөкөт бөйрөк жетишсиздиги менен ооругандардын тизмесин бекитүү атайын комиссия тарабынан туруктуу негизде жүргүзүлөт. Аталган комиссиянын курамы жана иш тартиби саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечими менен бекитилет.
7. Бешинчи баскычтагы өнөкөт бөйрөк жетишсиздиги менен ооругандардын жаңыланган кезектүүлүк тизмелери саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сайтына жайгаштырылат.
8. Бешинчи баскычтагы өнөкөт бөйрөк жетишсиздиги менен ооругандар үчүн гемодиализдин сеанстарынын саны саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилүүчү Бешинчи баскычтагы өнөкөт бөйрөк жетишсиздиги менен ооругандарга медициналык жардам көрсөтүү боюнча стандарттарга ылайык оорулуулардын ден соолугунун абалынын оордугуна жараша аныкталат.
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 18-декабрындагы № 692 токтомунун редакциясына ылайык)
9. (КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 18-декабрындагы № 692 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
3. Бешинчи баскычтагы өнөкөт бөйрөк жетишсиздиги менен ооругандарга гемодиализ кызматтарын көрсөтүү үчүн акы төлөө тартиби
10. Бешинчи баскычтагы өнөкөт бөйрөк жетишсиздиги менен ооругандарга гемодиализ кызматтарын көрсөтүү үчүн акы республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен төлөнөт.
11. Жарандарды базалык мамлекеттик жана милдеттүү медициналык камсыздандыруу жаатында мамлекеттик саясатты ишке ашыруучу аткаруучу орган бюджеттик мыйзамдарга ылайык гемодиализ кызматтарын көрсөтүүчү саламаттык сактоо уюмдарын каржылайт.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 23-августундагы № 419 токтомунун редакциясына ылайык)
12. Бешинчи баскычтагы өнөкөт бөйрөк жетишсиздиги менен ооругандарга гемодиализ кызматтарын көрсөтүү үчүн акы бешинчи баскычтагы өнөкөт бөйрөк жетишсиздиги менен ооругандарга гемодиализ кызматтарын көрсөтүү шарттарын жана көлөмүн камтыган келишимдин негизинде төлөнөт.
Келишимдин типтүү формасы саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жана жарандарды базалык мамлекеттик жана милдеттүү медициналык камсыздандыруу жаатында мамлекеттик саясатты ишке ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилет.
13. Бешинчи баскычтагы өнөкөт бөйрөк жетишсиздиги менен ооругандарга гемодиализ кызматтарын көрсөтүү үчүн саламаттык сактоо уюмдарына акы төлөө жарандарды базалык мамлекеттик жана милдеттүү медициналык камсыздандыруу жаатында мамлекеттик саясатты ишке ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан таризделген жана ырасталган документтердин негизинде, отчеттук мезгил аяктагандан кийин (эки жума) үч жумуш күндүн ичинде саламаттык сактоо уюмунун алыш-бериш эсебине каражаттарды которуу жолу менен жүргүзүлөт.
14. Бешинчи баскычтагы өнөкөт бөйрөк жетишсиздиги менен ооругандарга саламаттык сактоо уюму менен түзүлгөн келишимде аныкталган сандан ашык көрсөтүлгөн гемодиализ кызматтары үчүн акы төлөнбөйт.
4. Бешинчи баскычтагы өнөкөт бөйрөк жетишсиздиги менен ооругандарга гемодиализ кызматтарын көрсөтүүнүн сапатын контролдоо
15. Саламаттык сактоо уюмдары тарабынан бешинчи баскычтагы өнөкөт бөйрөк жетишсиздиги менен ооругандарга көрсөтүлүүчү гемодиализ кызматтарынын сапатын контролдоо жарандарды базалык мамлекеттик жана милдеттүү медициналык камсыздандыруу жаатында мамлекеттик саясатты ишке ашыруучу аткаруучу орган тарабынан ишке ашырылат, анын жыйынтыгы боюнча келишимде белгиленген мөөнөттө медициналык экспертиза актысы түзүлөт.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 23-августундагы № 419 токтомунун редакциясына ылайык)
5. Тараптардын жоопкерчилиги жана финансы каражаттарынын максаттуу пайдаланылышын контролдоо
16. Саламаттык сактоо уюмдары менчигинин түрүнө карабастан төмөнкүлөр үчүн жооптуу болуп саналышат:
- бешинчи баскычтагы өнөкөт бөйрөк жетишсиздиги менен ооругандарга гемодиализ кызматтарынын өз убагында жана сапаттуу көрсөтүлүшү;
- бешинчи баскычтагы өнөкөт бөйрөк жетишсиздиги менен ооругандарга өткөрүлгөн гемодиализ сеанстарынын саны жөнүндө маалыматтардын аныктыгы;
- бир календардык айдын ичинде бешинчи баскычтагы өнөкөт бөйрөк жетишсиздиги менен ооругандарга көрсөтүлгөн гемодиализ кызматтарына төлөнүүчү сумма;
- бешинчи баскычтагы өнөкөт бөйрөк жетишсиздиги менен ооругандын ким экендигин ырастоочу идентификациялык формалардын толтурулушу;
- каражаттардын максаттуу пайдаланылышы.
17. Жарандарды базалык мамлекеттик жана милдеттүү медициналык камсыздандыруу жаатында мамлекеттик саясатты ишке ашыруучу аткаруучу орган каражаттардын максаттуу багытталышы жана таризделген жана ырасталган документтер боюнча саламаттык сактоо уюмдарына өз убагында акы төлөө үчүн белгиленген тартипте жоопкерчилик тартат.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 23-августундагы № 419 токтомунун редакциясына ылайык)
| Тиркеме |
| (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 29-августундагы № 441 токтомуна) |
Бешинчи баскычтагы өнөкөт бөйрөк жетишсиздиги менен ооругандар үчүн гемодиализ кызматтарын уюштуруу жана аларды көрсөтүү ТАРТИБИ
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 18-декабрындагы № 692, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 23-августундагы № 419, 2025-жылдын 30-майындагы № 295 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Тартип менчигинин түрүнө карабастан, жарандарды саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен гемодиализ кызматтарын көрсөтүүгө келишим түзүшкөн саламаттык сактоо уюмдары тарабынан бешинчи баскычтагы өнөкөт бөйрөк жетишсиздиги менен ооругандар үчүн гемодиализ кызматтарынын уюштурулушун жана алардын көрсөтүлүшүн аныктайт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 23-августундагы № 419, 2025-жылдын 30-майындагы № 295 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
2. Ушул Тартип жарандарды саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен бешинчи баскычтагы өнөкөт бөйрөк жетишсиздиги менен ооругандар үчүн гемодиализ кызматтарын көрсөтүүгө келишимдерди түзүшкөн мамлекеттик саламаттык сактоо уюмдарына жана жеке менчик саламаттык сактоо уюмдарына жайылтылат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 23-августундагы № 419, 2025-жылдын 30-майындагы № 295 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
2. Бешинчи баскычтагы өнөкөт бөйрөк жетишсиздиги менен ооругандар үчүн гемодиализ кызматтарын көрсөтүүнүн шарттары
3. Бешинчи баскычтагы өнөкөт бөйрөк жетишсиздиги менен ооругандарга гемодиализ кызматтары стационардык/күндүзгү стационардык шарттарда гемодиализ кызматтарын көрсөтүүгө лицензия алышкан мамлекеттик саламаттык сактоо уюмдары жана жеке менчик саламаттык сактоо уюмдары (мындан ары - саламаттык сактоо уюмдары) тарабынан көрсөтүлөт.
4. Бешинчи баскычтагы өнөкөт бөйрөк жетишсиздиги менен ооругандарга менчигинин түрүнө жана анын аймактык жайгашуусуна карабастан гемодиализ кызматтарын көрсөтүүчү саламаттык сактоо уюмдарын эркин тандоо укугу берилет.
5. Саламаттык сактоо М ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан:
- өнөкөт бөйрөк жетишсиздиги менен ооругандардын тизмеси электрондук кезек формасында түзүлөт;
- өнөкөт бөйрөк жетишсиздиги менен ооругандардын "Бирдиктүү регистр" жалпы маалыматтар базасы жүргүзүлөт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 30-майындагы № 295 токтомунун редакциясына ылайык)
6. Бешинчи баскычтагы өнөкөт бөйрөк жетишсиздиги менен ооругандардын тизмесин бекитүү атайын комиссия тарабынан туруктуу негизде жүргүзүлөт. Аталган комиссиянын курамы жана иш тартиби саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечими менен бекитилет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 30-майындагы № 295 токтомунун редакциясына ылайык)
7. Бешинчи баскычтагы өнөкөт бөйрөк жетишсиздиги менен ооругандардын жаңыланган кезектүүлүк тизмелери саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сайтына жайгаштырылат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 30-майындагы № 295 токтомунун редакциясына ылайык)
8. Бешинчи баскычтагы өнөкөт бөйрөк жетишсиздиги менен ооругандар үчүн гемодиализдин сеанстарынын саны саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилүүчү Бешинчи баскычтагы өнөкөт бөйрөк жетишсиздиги менен ооругандарга медициналык жардам көрсөтүү боюнча стандарттарга ылайык оорулуулардын ден соолугунун абалынын оордугуна жараша аныкталат.
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 18-декабрындагы № 692, КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 30-майындагы № 295 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
9. (КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 18-декабрындагы № 692 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
3. Бешинчи баскычтагы өнөкөт бөйрөк жетишсиздиги менен ооругандарга гемодиализ кызматтарын көрсөтүү үчүн акы төлөө тартиби
10. Бешинчи баскычтагы өнөкөт бөйрөк жетишсиздиги менен ооругандарга гемодиализ кызматтарын көрсөтүү үчүн акы республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен төлөнөт.
11. Саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган бюджеттик мыйзамдарга ылайык гемодиализ кызматтарын көрсөтүүчү саламаттык сактоо уюмдарын каржылайт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 30-майындагы № 295 токтомунун редакциясына ылайык)
12. Бешинчи баскычтагы өнөкөт бөйрөк жетишсиздиги менен ооругандарга гемодиализ кызматтарын көрсөтүү үчүн акы бешинчи баскычтагы өнөкөт бөйрөк жетишсиздиги менен ооругандарга гемодиализ кызматтарын көрсөтүү шарттарын жана көлөмүн камтыган келишимдин негизинде төлөнөт.
Келишимдин типтүү формасы саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 30-майындагы № 295 токтомунун редакциясына ылайык)
13. Бешинчи баскычтагы өнөкөт бөйрөк жетишсиздиги менен ооругандарга гемодиализ кызматтарын көрсөтүү үчүн саламаттык сактоо уюмдарына акы төлөө таризделген жана ырасталган документтердин негизинде саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан отчеттук мезгил (бир ай) аяктагандан кийин жети жумуш күндүн ичинде саламаттык сактоо уюмунун алыш-бериш эсебине каражаттарды которуу жолу менен жүргүзүлөт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 30-майындагы № 295 токтомунун редакциясына ылайык)
14. Бешинчи баскычтагы өнөкөт бөйрөк жетишсиздиги менен ооругандарга саламаттык сактоо уюму менен түзүлгөн келишимде аныкталган сандан ашык көрсөтүлгөн гемодиализ кызматтары үчүн акы төлөнбөйт.
4. Бешинчи баскычтагы өнөкөт бөйрөк жетишсиздиги менен ооругандарга гемодиализ кызматтарын көрсөтүүнүн сапатын контролдоо
15. Саламаттык сактоо уюмдары тарабынан бешинчи баскычтагы өнөкөт бөйрөк жетишсиздиги менен ооругандарга көрсөтүлүүчү гемодиализ кызматтарынын сапатын контролдоо жарандарды базалык мамлекеттик жана милдеттүү медициналык камсыздандыруу жаатында мамлекеттик саясатты ишке ашыруучу аткаруучу орган тарабынан ишке ашырылат, анын жыйынтыгы боюнча келишимде белгиленген мөөнөттө медициналык экспертиза актысы түзүлөт.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 23-августундагы № 419 токтомунун редакциясына ылайык)
5. Тараптардын жоопкерчилиги жана финансы каражаттарынын максаттуу пайдаланылышын контролдоо
16. Саламаттык сактоо уюмдары менчигинин түрүнө карабастан төмөнкүлөр үчүн жооптуу болуп саналышат:
- бешинчи баскычтагы өнөкөт бөйрөк жетишсиздиги менен ооругандарга гемодиализ кызматтарынын өз убагында жана сапаттуу көрсөтүлүшү;
- бешинчи баскычтагы өнөкөт бөйрөк жетишсиздиги менен ооругандарга өткөрүлгөн гемодиализ сеанстарынын саны жөнүндө маалыматтардын аныктыгы;
- бир календардык айдын ичинде бешинчи баскычтагы өнөкөт бөйрөк жетишсиздиги менен ооругандарга көрсөтүлгөн гемодиализ кызматтарына төлөнүүчү сумма;
- бешинчи баскычтагы өнөкөт бөйрөк жетишсиздиги менен ооругандын ким экендигин ырастоочу идентификациялык формалардын толтурулушу;
- каражаттардын максаттуу пайдаланылышы.
17. Саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган белгиленген тартипте каражаттардын максаттуу багытталышына жана таризделген жана ырасталган документтер боюнча саламаттык сактоо уюмдарына өз убагында акы төлөө үчүн жоопкерчилик тартат.