Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2019-жылдын 6-сентябры № 456
Кыргыз Республикасынын Талас облусунун Манас районундагы Үч-Коргон жана Май айыл аймактарындагы жерлерди "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан "Өнөр жайдын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер" категориясына которуу жөнүндө
Айланып өтүүчү жолду куруу, ошондой эле транспортту контролдоонун жана товарларды эсепке алуунун стационардык пунктун куруу жана орнотуу максатында, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 20-беренесине, "Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын 2019-жылдын 2-апрелиндеги № 05-17-16/869, 2019-жылдын 2-апрелиндеги № 05-17-16/870 жана 2019-жылдын 2-апрелиндеги № 05-17-16/871 корутундуларын, Талас облусунун Манас райондук мамлекеттик администрациясынын 2019-жылдын 25-мартындагы № 68 буйругун эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2,7 га жайыт жерлер "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан "Өнөр жайдын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын жерлери жана башка багыттагы жерлер" категориясына которулсун, анын ичинен:
- Талас облусунун Манас районундагы Үч-Коргон айыл аймагынын № 173 контурундагы 1,2 га жерлер;
- Талас облусунун Манас районундагы Май айыл аймагынын № 34 контурундагы 1,5 га жерлер.
2. Кыргыз Республикасынын Талас облусунун Манас райондук мамлекеттик администрациясы төмөнкүлөрдү камсыз кылсын:
- жерлерди эсепке алуучу документтерге тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүүнү;
- ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жерлердин шаар куруу документтерин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык иштеп чыгууну жана бекитүүнү;
- ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жер участогун максаттуу багыты боюнча пайдаланууну.
3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана экология бөлүмүнө жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
| М.Абылгазиев |