Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2019-жылдын 29-августу № 437
Банктык эмес финансылык рынок чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Аудитордук текшерүүлөрдүн сапатын жогорулатуу жана Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине, Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодексине, "Аудитордук иш жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык келтирүү максатында, "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 9-беренесин жана "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 12-декабрындагы № 661 "Банктык эмес финансылык сектор жаатында иштин айрым түрлөрүн лицензиялоо жөнүндө убактылуу жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Банктык эмес финансылык сектор жаатында иштин айрым түрлөрүн лицензиялоо жөнүндө убактылуу жободо:
- 42-пунктунун он бешинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын;
"- баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучусун кызматка дайындоодо документтерди берүүдөн мурда, финансылык рыноктогу иш менен байланышкан бузуулар үчүн жыл ичинде же жоруктар үчүн эки жыл ичинде жоопкерчиликке тартылуу фактысынын жоктугу.";
- 46-пунктунун он алтынчы абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын;
"- баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучусун кызматка дайындоодо документтерди берүүдөн мурда, финансылык рыноктогу иш менен байланышкан бузуулар үчүн жыл ичинде же жоруктар үчүн эки жыл ичинде жоопкерчиликке тартылуу фактысынын жоктугу.";
- 54-пунктунун он үчүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучусун кызматка дайындоодо документтерди берүүдөн мурда, финансылык рыноктогу иш менен байланышкан бузуулар үчүн жыл ичинде же жоруктар үчүн эки жыл ичинде жоопкерчиликке тартылуу фактысынын жоктугу.";
- 58-пунктунун он биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын;
"- баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучусун кызматка дайындоодо документтерди берүүдөн мурда, финансылык рыноктогу иш менен байланышкан бузуулар үчүн жыл ичинде же жоруктар үчүн эки жыл ичинде жоопкерчиликке тартылуу фактысынын жоктугу.";
- 62-пунктунун он биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын;
"- баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучусун кызматка дайындоодо документтерди берүүдөн мурда, финансылык рыноктогу иш менен байланышкан бузуулар үчүн жыл ичинде же жоруктар үчүн эки жыл ичинде жоопкерчиликке тартылуу фактысынын жоктугу.";
- 66-пунктунун он биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын;
"- баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучусун кызматка дайындоодо документтерди берүүдөн мурда, финансылык рыноктогу иш менен байланышкан бузуулар үчүн жыл ичинде же жоруктар үчүн эки жыл ичинде жоопкерчиликке тартылуу фактысынын жоктугу.";
- 69-пункт:
төмөнкүдөй мазмундагы төртүнчү абзац менен толукталсын:
"- уставдык капиталды төлөгөндүгүн ырастаган документ;";
бешинчи абзацындагы "билими же башка жогорку" деген сөздөр алынып салынсын;
алтынчы жана жетинчи абзацтары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- акыркы үч жылдын ичинде аудит жана аудитти коштоочу кызмат көрсөтүүлөр жаатында же акыркы беш жыл ичинде экономикалык адистиги боюнча иш стажын ырастаган эмгек китепчесинин көчүрмөсү (нотариус күбөлөндүргөн);
- талапкердин белгилүү кызмат ордун ээлөө же белгилүү иш менен алектенүү, анын ичинде жоруктар үчүн жазанын алкагында укугунан ажыратылбагандыгын ырастаган, ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан берилген экономикалык кылмыштар үчүн соттуулугунун жоктугу жөнүндө документ;";
70-пунктунда:
үчүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- аудитордук уюмдун 75 пайыздан кем эмес кадрдык курамын Кыргыз Республикасынын аймагында туруктуу жашаган Кыргыз Республикасынын жарандары түзүшү керек;";
төмөнкүдөй мазмундагы төртүнчү абзац менен толукталсын:
"- өздүк капиталдын жетиштүүлүгүнө коюлуучу аудитордук ишти жөнгө салуу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына финансылык көрсөткүчтөрдүн шайкештиги;".
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 4-сентябрындагы № 417 "Финансылык рыноктун субъекттери тарабынан отчет (маалымат) берүү жана маалыматты ачыктоо тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Финансылык рыноктун субъекттери тарабынан отчет (маалымат) берүү жана маалыматты ачыктоо тартиби жөнүндө жободо:
- 7-пунктундагы "административдик жоопкерчилик чөйрөсүндөгү мыйзамдарына" деген сөздөр "бузуулар жөнүндө мыйзамдарга" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- жогоруда аталган Жобонун 1-тиркемесинин 6-пунктунун биринчи жана экинчи абзацтары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"6. Жетекчилерди бузуу, жорук жасагандыгы үчүн жоопко тартуу жана жазык жоопкерчилигине тартуу жөнүндө маалымат.
Отчеттук мезгилдин аягына карата жоюлбаган экономикалык кылмыштар, жоруктар жана бузуулар үчүн жетекчини жазык жоопкерчилигине тартуу жөнүндө маалымат.".
3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2019-жылдын 6-сентябрындагы N 75 жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
| М. Абылгазиев |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2019-жылдын 29-августу № 437
Банктык эмес финансылык рынок чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 14-декабрындагы № 678 токтомунун редакциясына ылайык)
Аудитордук текшерүүлөрдүн сапатын жогорулатуу жана Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине, Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодексине, "Аудитордук иш жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык келтирүү максатында, "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 9-беренесин жана "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 14-декабрындагы № 678 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 4-сентябрындагы № 417 "Финансылык рыноктун субъекттери тарабынан отчет (маалымат) берүү жана маалыматты ачыктоо тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Финансылык рыноктун субъекттери тарабынан отчет (маалымат) берүү жана маалыматты ачыктоо тартиби жөнүндө жободо:
- 7-пунктундагы "административдик жоопкерчилик чөйрөсүндөгү мыйзамдарына" деген сөздөр "бузуулар жөнүндө мыйзамдарга" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- жогоруда аталган Жобонун 1-тиркемесинин 6-пунктунун биринчи жана экинчи абзацтары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"6. Жетекчилерди бузуу, жорук жасагандыгы үчүн жоопко тартуу жана жазык жоопкерчилигине тартуу жөнүндө маалымат.
Отчеттук мезгилдин аягына карата жоюлбаган экономикалык кылмыштар, жоруктар жана бузуулар үчүн жетекчини жазык жоопкерчилигине тартуу жөнүндө маалымат.".
3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2019-жылдын 6-сентябрындагы № 75 жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
М. Абылгазиев |