Загрузка документа…
|
| Тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасында Өкмөтүнүн 2019-жылдын 12-сентябрындагы № 470 токтомуна) |
Кыргыз Республикасында товарларды идентификациялоо каражаттары менен маркалоо жөнүндө ЖОБО
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ушул Жобо Кыргыз Республикасында товарларды маркалоо, ошондой эле түзүлүп жаткан Салык жол-жоболорун электрондук фискалдаштыруунун мамлекеттик маалыматтык системасынын бир бөлүгү катары Товарларды маркалоонун мамлекеттик автоматташтырылган маалыматтык системасынын түзүмүн түзүү жана функцияларын аныктоо боюнча жалпы талаптарды аныктайт.
2. Ушул Жободо төмөнкүдөй терминдер, түшүнүктөр жана аныктамалар колдонулат:
Товарларды маркалоонун мамлекеттик автоматташтырылган маалыматтык системасы - Салык жол-жоболорун электрондук фискалдаштыруунун мамлекеттик маалыматтык системасы менен маалыматтарды алмашуу жана системанын катышуучуларынын ишин методикалык жана уюштуруучулук жактан колдоону жана маалыматтык камсыз кылуучу система;
импорттоочу - маркалануучу товарларды Кыргыз Республикасынын аймагына импорттоо/ташып киргизүү менен алектенген экономикалык иштин субъекти;
товарды маркалоо - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык идентификациялоо каражаттарын товарга же анын таңгагына, же башка ыкма менен бастыруу;
маркалануучу товарлар - Кыргыз Республикасынын аймагында өндүрүлгөн жана Кыргыз Республикасынын аймагына импорттолуучу/ташып киргизилүүчү, Евразия экономикалык бирлигинин (мындан ары - ЕАЭБ) укугу менен жана/же Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталуучу, маркалоого тийиш болгон товарлардын тизмесине киргизилген товарлар;
маркаланган товарлар - белгиленген талаптар сакталып, идентификациялоо каражаттары менен белгиленген Товарларды маркалоонун мамлекеттик автоматташтырылган системасында камтылган ишенимдүү маалыматтар (анын ичинде аларга идентификациялоо каражаттарынын басылышы жана/же идентификациялоо каражаттары камтылган материалдык алып жүрүүчүлөр жөнүндө маалымат) киргизилген товарлар;
товарларды жүгүртүү:
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык маркалоого тийиш болгон товарларды Кыргыз Республикасынын аймагына импорттоо/ташып киргизүү, аны ташуу, сатып алуу жана Кыргыз Республикасынын аймагына сатып өткөрүү, ошондой эле ЕАЭБдин мүчө мамлекеттерине экспорттоо;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык маркалоого тийиш болгон товарларды өндүрүү, аны Кыргыз Республикасынын аймагында ташуу, сатып алуу жана сатып өткөрүү, ошондой эле ЕАЭБдин мүчө мамлекеттерине экспорттоо;
дүң соода - ишкердик ишинде пайдалануу үчүн товарларды сатып алуу жана сатуу менен (анын ичинен кайра сатуу үчүн) байланышкан же жеке колдонуу менен байланышпаган башка максаттардагы соода ишинин түрү;
маркалоого тийиш болгон товарлардын калдыктары - маркалоо киргизүү күнү мындай товарларды жүгүртүүчү юридикалык жактардын жана жеке ишкерлердин ээлигинде жана/же карамагында турган жана маркалоо киргизүү жөнүндө чечим кабыл алынган товарлар;
өндүрүүчү - Кыргыз Республикасынын аймагында маркалоого тийиш болгон товарларды өндүргөн экономикалык иштин субъекти;
товар сатуу - товарга болгон менчик укугун акы төлөп же акысыз, анын ичинде товар алмаштыруу жолу менен өткөрүп берүү;
чекене соода - ишкердик иш жүргүзүү менен байланышпаган жеке пайдалануу жана башка максаттар үчүн товарларды сатып алуу жана сатуу менен байланышкан соода ишинин түрү;
идентификациялоо каражаты - штрих түрүндө же башка код түрүндө же радиожыштыктагы белгиге жазылган, же өзүндө маалымат камтыган башка каражатты пайдалануу менен берилген же автоматтык идентификациялоо технологиясы менен берилүүчү машина окуучу формадагы символдордун кайталангыс ырааттуулугу.
Идентификациялоо каражаты болуп Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарынын талаптарына ылайык маалыматтык камтуучу акциздик жыйым маркалары да таанылышы мүмкүн;
экономикалык иш субъекти - уюштуруу-укуктук формасына карабастан экономикалык иш менен алектенген жеке жак, жеке ишкер, уюм;
товар - материалдык-буюм формасына ээ болгон ар кандай мүлк;
ыйгарым укуктуу орган - Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталуучу Товарларды маркалоонун мамлекеттик автоматташтырылган маалыматтык системасын түзүүгө, ишке киргизүүгө жана башкарууга жооптуу мамлекеттик орган.
Ушул Жободо колдонулуучу башка түшүнүктөр Кыргыз Республикасынын салык жана бажы мыйзамдарында аныкталган мааниде колдонулат.
3. Товарларды маркалоонун мамлекеттик автоматташтырылган маалыматтык системасы Кыргыз Республикасынын аймагында сатылган, өндүрүлгөн, импорттолгон/ташып киргизилген товарларды, анын өндүрүүчүсүнөн/импорттоочудан керектөөчүгө чейинки товардын жүгүрүү чынжырчасындагы окуяларга мониторинг жүргүзүү жана контролго алуу максатында андан ары пайдалануу үчүн маалыматтарды түзүүчү борборлоштурулган маалыматтык ресурс болуп саналат.
4. Товарларды маркалоонун мамлекеттик автоматташтырылган маалыматтык системасы төмөнкүдөй принциптердин негизинде түзүлөт:
- маалымат алмашуунун катышуучуларынын жоопкерчилигин, маалыматын жана маалыматтардын аныктыгын, анын ичинде берилген маалыматтардын ишенимдүүлүгүн камсыз кылуу;
- мыйзам менен корголуучу мамлекеттик, банктык, салыктык, бажылык сыр же коммерциялык сыр жана башка маалыматтарды кошпогондо, ачык маалыматтардын айкындыгы жана жеткиликтүүлүгү;
- маалыматтык кызмат көрсөтүүлөрдүн пайдалануучуларына бериле турган маалыматтын ишенимдүүлүгү жана ыкчамдыгы;
- Кыргыз Республикасынын башка маалымат булактары жана системалары менен өз ара маалыматтык кызматташуу.
5. Товарларды маркалоонун мамлекеттик автоматташтырылган маалыматтык системасын түзүүнүн жана иштетүүнүн максаттары:
- товар жеткирүүдөгү чынжырчанын бардык катышуучуларына, анын ичинде акыркы керектөөчүлөр менен ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарга өз компетенцияларынын чегинде зарыл болгон маалыматтарды бир форматта алууга жол ачуучу маалыматтар базасын түзүү, анын ичинде товардын сапатынын шайкештиги жана коопсуздугу жөнүндө документтердин бар экендигин тастыктоо;
- ата мекендик өндүрүүчүлөрдүн товарларын ички рынокто илгерилетүү үчүн шарт түзүү;
- товарды жүгүртүүнүн бардык чынжырчасында өндүрүүчү/импорттоочудан тарта керектөөчүгө чейин байкоодо болуусун камсыз кылуу.
6. Товарларды маркалоонун мамлекеттик автоматташтырылган маалыматтык системасы төмөнкүлөрдөн турат:
- экономикалык иш субъекттери жана товарлар жөнүндө маалыматтарды түзүү үчүн пайдаланылуучу тышкы маалыматтык системалар менен өз ара иштешүү инструменттеринен жана маалыматтардан, товарлардын улуттук классификаторунан турган механизминен;
- товарлардын айрым категорияларын маркалоо үчүн атайын системалардан.
7. Товарларды маркалоонун мамлекеттик автоматташтырылган маалыматтык системасы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган тартипте төмөнкүлөр менен интеграцияланат:
- Салык жол-жоболорун электрондук фискалдаштыруунун мамлекеттик маалыматтык системасы менен;
- товардын коопсуздугун, сапатын жана келип чыгуусун ырастоого берилген документтер жөнүндө маалымат алуу бөлүгүндө Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин алдындагы тышкы соода чөйрөсүндө "Бирдиктүү терезе" борбору мамлекеттик ишканасынын маалыматтык системасы менен;
- маркаланган товарларды идентификациялоо каражаттары жөнүндө маалыматтарды алмашуу бөлүгүндө бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын маалыматтык системасы менен;
- жүргүзүлгөн төлөм операциялары боюнча маалыматтарды алмашуу бөлүгүндө төлөм системаларынын маалыматтык системалары менен;
- экономикалык иш субъекттери жана товарлар жөнүндө маалыматтарды түзүү үчүн зарыл болгон маалымат алмашуу бөлүгүндө башка мамлекеттик органдардын жана башка уюмдардын маалыматтык системалары менен.
8. Реалдуу убакыт режиминде маалыматтык кызмат көрсөтүүлөрдү алуу үчүн колдонуучулар Интернет түйүнү аркылуу Товарларды маркалоонун мамлекеттик автоматташтырылган маалыматтык системасына туташат.
9. Товарларды маркалоонун мамлекеттик автоматташтырылган маалыматтык системасынын алкагында катышуучулардын маалыматтык өз ара аракеттенүүсүндөгү укуктары менен милдеттери төмөнкүлөр менен жөнгө салынат:
- Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдары менен;
- ушул Жобо менен;
- идентификациялоо каражаттары менен маркалоого тийиш болгон товарлардын тизмеси жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилүүчү Кыргыз Республикасындагы товарлардын айрым түрлөрүн санариптик идентификациялоо каражаттары менен маркалоо тартиби менен.
2-глава. Кыргыз Республикасында товарларды маркалоо
10. Идентификациялоо каражаттары менен милдеттүү маркалоого Кыргыз Республикасынын аймагында өндүрүлгөн жана/же Кыргыз Республикасынын аймагына импорттолуп/ташып киргизилген, ошондой ЕАЭБдин мүчө мамлекеттерине экспорттолуучу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү маркалоо жөнүндө чечим кабыл алган товарлар кирет.
11. Маркалоого тийиштүү болгон товарлардын тизмегине киргизүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү чечим кабыл алган ар бир товардык категориянын товарларынын калдыгын маркалоонун зарылдыгы жана тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.
12. Маркалануучу товарларда идентификациялоо каражаттарынын болушу төмөнкү учурларда милдеттүү:
- керектөөчүлөргө сатуу;
- ЕАЭБдин бажы аймагынан тышкары Кыргыз Республикасынын аймагынан ташып чыгаруу үчүн сактоо же технологиялык процесстерге ылайык товарларды маркалоого чейин өндүрүүчү тарабынан сактоодон тышкары сактоо.
13. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан маркалоо жөнүндө чечим кабыл алынган Кыргыз Республикасынын аймагында сатылган, өндүрүлгөн же Кыргыз Республикасынын аймагына импорттолгон/ташып киргизилген товарлар милдеттүү түрдө идентификациялоо каражаттары менен маркаланууга тийиш.
14. Маркалануучу товарларды ЕАЭБдин бажы аймагына ташып киргизүү менен алектенген экономикалык иш субъекттери ички керектөөгө киргизүү үчүн бажы жол-жобосуна жайгаштыруу үчүн, анын ичинде бажы транзити боюнча бажы жол-жобосуна ылайык ЕАЭБдин мүчө мамлекеттеринин аймагы аркылуу жайгаштырыла турган товарларды маркалоо Кыргыз Республикасынын аймагына ташып киргизүүгө чейин жүргүзүлөт же ошол субъекттин кампа жайларында же бажы иштери чөйрөсүндө ыйгарым укуктуу орган тарабынан бекитилүүчү реестрге киргизилген убактылуу сактоо кампасында ички керектөөгө чыгаруу үчүн бажы жол-жобосуна коюуда маркалоону камсыз кылат.
15. Эгерде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган тартипте башка каралбаса, маркалануучу товарларды ЕАЭБдин мүчө мамлекеттеринин импорттоочу экономикалык иш субъекттери мындай товарларды Кыргыз Республикасына импорттогонго чейин ЕАЭБдин мүчө мамлекеттеринин аймагында маркалоону камсыз кылат.
16. Эгерде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган тартипте жана/же ЕАЭБдин укуктарында башка каралбаса, ЕАЭБдин мүчө мамлекеттерине экспорттоо үчүн экономикалык иш субъекти өндүргөн маркалануучу товар идентификациялоо каражаттары менен маркаланууга тийиш.
17. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аны маркалоо жөнүндө чечим кабыл алынган товарларды маркалоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталуучу тартипке ылайык белгилүү бир товардык категорияга таандыктыгына жараша ишке ашырылат.
18. Ушул Жободо белгиленген талаптар төмөнкүлөргө карата колдонулбайт:
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында башка каралбаса, ЕАЭБдин бажы аймагынан сыртка ташып чыгаруу максатында бажы жол-жоболоруна жайгаштырылган товарлар;
- ташуудагы бажы контролунда турган товарлар;
- сактоо жана ташуу учурунда ЕАЭБдин актыларынын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын стандартташтыруу жаатындагы техникалык ченемдик актылардын талаптарына шайкештигин баалоо максатында сыноо жүргүзүү үчүн дайындалган үлгүлөр жана товарлардын үлгүлөрү;
- эл аралык көргөзмөлөр менен жарманкелердин уюштуруучуларынын жана катышуучуларынын сатууга арналбаган үлгүлөрү менен экспонаттары катары Кыргыз Республикасына аймагына ташып киргизилген товарлар;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте катталган чет элдик (кайтарымсыз) гуманитардык жана эл аралык техникалык жардам болуп саналган товарлар;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте ишке ашырылуучу сактоо жана ташуу учурунда товарларды кайтарып берүүнү ырастаган документтер болгон шартта сатып алуучуларга сатуучулар кайтарып берген чекене сооданын алкагында сатып алынган товарлар;
- алымсыз соода дүкөндөрүндөгү сатуудагы товарлар;
- убактылуу сактоо жана бажы кампаларында бажы контролунун зонасында бажы контролунда сакталуучу товарлар;
- ушул товарды өндүрүүчүлөрдүн сактоосундагы жана пайдалануусундагы товарлар;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жеке жактар менен түзүлгөн келишимдин негизинде жеке ишкер болуп эсептелбеген жеке жактардан алынган товарларды комиссиялык соода жүргүзүү менен алектенген жеке ишкерлер жана юридикалык жактардын мындай товарларды сатууга сунуш кылганга чейин анын ичинде сатыла турган жерине коюлганга чейин, үлгүлөрүн көрсөтүү же аларды сатуу жайлары жөнүндө маалыматтарды берүү үчүн юридикалык жана жеке ишкерлердин сактоосунда турган товарлар;
- алып коюлган, кармалган, конфискацияланган же башка жол менен мамлекеттин пайдасына киргизилген, сатып алууда, сактоодо, ташууда, сатууда жана пайдаланууда Кыргыз Республикасынын бажы жана салык мыйзамдарында каралган милдеттенмелерди аткарбагандыктан тартылып алынган, ошондой эле сактоо жана ташуу учурунда жок кылынууга тийиш болгон товарлар;
- сактоодо, ташууда, пайдаланууда жеке жактардын чекене соодасынын алкагында жеке колдонуу үчүн ташып киргизилген товарлар;
- сактоо, ташуу жана пайдалануу учурунда дипломатиялык өкүлчүлүктөр, консулдук мекемелер, эл аралык, мамлекет аралык жана өкмөттөр аралык уюмдардын, алардын өкүлчүлүктөрүнүн, ошондой эле алардын алдындагы мамлекеттик өкүлчүлүктөрдүн расмий пайдалануусу үчүн арналган товарлар;
- товарларды сатуу менен байланышпаган башка кызматтарды көрсөтүү жана жооптуу сактоо учурунда жеке пайдалануу үчүн сатып алынган жеке ишкер болуп саналбаган жеке жактарга таандык болгон товарлар;
- Кыргыз Республикасына ташып киргизилген камдыктар.
19. Маркалануучу товарларды жүгүртүүчү экономикалык иш менен алектенген субъекттер маркалоонун белгиленген тартибин бузуу үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартышат.