Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2019-жылдын 17-сентябры № 482
Кыргыз Республикасынын аймагында мунайды жана мунай заттарды эсепке алуу жана контролдоо жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 17-декабрындагы № 691, 2020-жылдын 30-мартындагы № 191 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Кыргыз Республикасынын аймагына мунай заттарды ташып киргизүүгө, сактоого, өндүрүүгө жана сатууга контролду күчөтүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
- Кыргыз Республикасынын аймагында мунайды жана мунай заттарды эсепке алуунун жана контролдоонун тартиби жөнүндө жобо, 1-тиркемеге ылайык;
- Мунайды жана мунай заттарды эсепке алуунун жана контролдоонун электрондук системасына коюлуучу техникалык талаптар, 2-тиркемеге ылайык;
- электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаздын формасы (FORM STI-162), 3-тиркемеге ылайык.
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 30-мартындагы № 191 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Мунай заттарды ташып киргизүү, сактоо, өндүрүү жана сатуу менен алектенген ишкер субъекттер төмөнкүлөрдү колдоноору белгиленсин:
- 2020-жылдын 1-июлунан тартып - электрондук товардык-транспорттук коштомо кагазды;
- 2020-жылдын 1-июлунан тартып - автомай куюучу станцияны башкаруунун автоматташтырылган системасын жана сатылуучу отун майы тууралуу маалыматты (аталышы, ЕАЭБ ТЭИ ТН коду, саны, 1 литр үчүн баасы, жалпы баасы) контролдук-кассалык чекке басып чыгаруу жана ыйгарым укуктуу салык органына маалыматтарды реалдуу убакыт режиминде өткөрүп берүү функциясы бар контролдук-кассалык машиналарды.

3. (КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 17-декабрындагы № 691 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1996-жылдын 1-ноябрындагы № 513 "Чарбакер субъекттердин ишине мамлекеттик салык контролун күчөтүү боюнча кээ бир чаралар жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- 1-пунктундагы "мунай заттарына коштоочу кагаздын бланкын" деген сөздөр алып салынсын.
5. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 27-июнундагы № 461 "Мунайзат продуктуларын эсепке алуу жана Кыргыз Республикасынын аймагында контролдук пломбаларды колдонуу жөнүндө" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 27-августундагы № 377 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жана күчүн жоготту деп табуу жөнүндө" токтомунун 73-пункту;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 30-декабрындагы № 735 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 98, 242, 255, 257, 258, 280, 281, 287 жана 295-беренелеринин жана "Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесинин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө" токтомунун 5 жана 6-пункттары;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 23-апрелиндеги № 252 "Мунай заттарды эсепке алуу жана Кыргыз Республикасынын аймагында контролдук пломбаларды колдонуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 27-июнундагы № 461 токтомуна толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 24-февралындагы № 69 "Мунай заттарга коштоочу накладнойдун формасын бекитүү жөнүндө" токтому.
6. Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы менен бирдикте эки айлык мөөнөттө мунай заттарды берүүнүн автоматташтырылган электрондук системасын сатып алуу жана орнотуу менен байланышкан, чыгымдар сарпталган жылдын ичинде чыгымдарды эсептен чыгарууга багытталган өзгөртүүлөрдү Кыргыз Республикасынын Салык кодексине киргизүүнү караштырган Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун иштеп чыксын жана белгиленген тартипте киргизсин.
7. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредит саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн.
8. Ушул токтом 2020-жылдын 1-июлунан тартып күчүнө кирүүчү 1, 4 жана 5-пункттарынан тышкары, расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

"Эркин Тоо" газетасынын 2019-жылдын 20-сентябрындагы № 79 жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
| М. Абылгазиев |
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-апрелиндеги № 220 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2019-жылдын 17-сентябры № 482
Кыргыз Республикасынын аймагында мунайды жана мунай заттарды эсепке алуу жана контролдоо жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 17-декабрындагы № 691 2020-жылдын 30-мартындагы № 191 токтомдорунун редакцияларына ылайык)