Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2019-жылдын 18-сентябры № 490
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн илим чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын ишин өркүндөтүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 17-октябрындагы № 672 "Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын уставын бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын уставында:
- 11-пункту "Э.Гареев атындагы Ботаникалык багы" деген сөздөрдөн кийин "Саясат таануу изилдөөлөрү жана экспертизалары борбору," деген сөздөр менен толукталсын;
- 39-пунктунун сегизинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
- "Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык УИАнын карамагындагы илимий-изилдөө жана илимий-көмөкчү мекемелерин түзүү, кайра уюштуруу жана жоюу жөнүндө чечимдерди карайт жана кабыл алат;";
- 48-пунктунда:
биринчи абзацы төмөнкүдөй мазмундагы экинчи сүйлөм менен толукталсын:
"Бөлүмдүн төрагасы ошол бөлүмдө эмгектенген 70 жаш курактан ашпаган УИАнын анык мүчөлөрүнүн (академиктеринин) жана мүчө-корреспонденттеринин арасынан бөлүмдүн жалпы жыйынында жашыруун добуш берүү менен 5 жылдык мөөнөткө шайланат.";
он экинчи абзацындагы "имарат-жайлардын, жылытуу, канализация, суу түтүктөрдүн жана электр системаларынын" деген сөздөр "коммуналдык инфраструктура системаларынын" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 50-пунктунун биринчи абзацы "мекемелеринин жетекчилеринен" деген сөздөрдөн кийин ", ошондой эле ушул бөлүмдө эмгектенген УИАнын жетектөөчү окумуштууларынан" деген сөздөр менен толукталсын;
- 52-пунктунда:
үчүнчү абзацындагы "бөлүмдөгү анык мүчөлөр (академиктер) менен корреспондент-мүчөлөрүнүн арасынан жашыруун добуш берүү менен 5" деген сөздөр "ушул бөлүмдө эмгектенген анык мүчөлөрдүн (академиктерден), УИАнын корреспондент-мүчөлөрүнүн жана жетектөөчү окумуштууларынын арасынан жашыруун добуш берүү менен беш" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
төртүнчү абзацындагы "илимдин докторлорунун же кандидаттарынын ичинен шайланып, бекитилет жана бөлүм бюросунун мүчөсү укугуна ээ болот" деген сөздөр "жетектөөчү окумуштуулардын арасынан бекитилет" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 53-пунктунун биринчи абзацындагы ", юридикалык жак статусуна ээ болбогон" деген сөздөр алып салынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 24-апрелиндеги № 247 "Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясына караштуу Академиялык жана жогорку окуу жайлар илимин өнүктүрүүнүн мамлекеттик фондун түзүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясына караштуу Академиялык жана жогорку окуу жайлар илимин өнүктүрүүнүн мамлекеттик фонду жөнүндө жободо:
- 8-пунктунун экинчи абзацындагы ", ошондой эле Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын мүчөлөрүнө" деген сөздөр алып салынсын;
- 11-пунктунун экинчи жана үчүнчү абзацтары күчүн жоготту деп таанылсын.
3. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 19-февралындагы № 80 "Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Уставына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 12-ноябрындагы № 714 "Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Уставын бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1997-жылдын 9-декабрындагы № 719 токтомуна өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралуу" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 15-мартындагы № 153 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1997-жылдын 9-декабрындагы № 719 "Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Уставын бекитүү жөнүндө" токтомуна толуктоо киргизүү тууралуу" токтому.
4. Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы:
- өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин;
- ушул токтомдон келип чыгуучу тиешелүү чараларды көрсүн.
5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жүктөлсүн.
6. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
| М. Абылгазиев |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2019-жылдын 18-сентябры № 490
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн илим чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 30-январындагы № 47 токтомунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын ишин өркүндөтүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. (КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 30-январындагы № 47 токтомуна ылайык күчүн жоготту)