Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2019-жылдын 1-июлу № 335
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы тарабынан мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүн башкаруу функцияларынын сапаттуу аткарылышын камсыз кылуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 22-августундагы № 473 "Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, администрациялык ведомстволорунун жана башка мамлекеттик органдарынын штаттык санынын чеги жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) жогоруда аталган токтомдун 1-тиркемесинде:
- 20-пунктундагы "2229", "199" жана "2030" цифралары тийиштүүлүгүнө жараша "2519", "218" жана "2301" цифралары менен алмаштырылсын;
2) жогоруда аталган токтомдун 4-тиркемесинин эскертүүсүндөгү 5-пунктунда:
- биринчи абзац "комитеттеринде," деген сөздөн кийин "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматында," деген сөздөр менен толукталсын;
- экинчи абзац "мамлекеттик кызматтарда" деген сөздөрдөн кийин "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматын кошпогондо," деген сөздөр менен толукталсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 25-июлундагы № 414 "Мамлекеттик органдардын штаттык санын көбөйтүүгө мораторий киргизүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- 2-1-пункту "мелиорация министрлигине" деген сөздөрдөн кийин ", мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүн башкаруу, жеке жактарды жеке ишкер катары каттоо, мамлекеттик жана муниципалдык кызматкердин декларацияларын чогултуу, иштеп чыгуу жана талдоо, Кыргыз Республикасына ташып кирүүдө (импорттоодо) Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттер менен соодалашуунун алкагында кыйыр салыктарды башкаруу боюнча функциялар салык кызматынын органдарына өткөрүлүп берилгендигине байланыштуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматына" деген сөздөр менен толукталсын.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 31-декабрындагы № 648 "Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүн башкаруу функцияларын өткөрүп берүү чаралары жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- 4-пунктунун экинчи абзацындагы "июнуна" деген сөз "сентябрына" деген сөз менен алмаштырылсын.
4. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги белгиленген тартипте төмөнкүлөр үчүн зарыл болгон кошумча каражаттарды издеп тапсын:
1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын материалдык-техникалык базасын бекемдөөгө;
2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын 2019-жылдын 1-июлунан тартып кошумча штаттык санын күтүүгө.
5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы ушул токтомдон келип чыгуучу чараларды көрсүн.
6. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредит саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн.
7. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
| М. Абылгазиев |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2019-жылдын 1-июлу № 335
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 264 токтомунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы тарабынан мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүн башкаруу функцияларынын сапаттуу аткарылышын камсыз кылуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 264 токтомуна ылайык күчүн жоготту).
2. КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 264 токтомуна ылайык күчүн жоготту).