Редакцияот 26.09.2019
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2019-жылдын 26-сентябры № 499

2017-жылдын 26-майында Казань шаарында кол коюлган Атомдук энергияны тынчтык максатында пайдалануу жаатындагы ченемдик-укуктук жана ченемдик-техникалык жөнгө салуу, шайкештикти баалоо, стандартташтыруу, аккредитациялоо жана метрологиялык камсыздоо боюнча ыкмаларды жакындатуу жөнүндө макулдашууну бекитүү тууралуу

Мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында, "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 18-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. 2017-жылдын 26-майында Казань шаарында кол коюлган Атомдук энергияны тынчтык максатында пайдалануу жаатындагы ченемдик-укуктук жана ченемдик-техникалык жөнгө салуу, шайкештикти баалоо, стандартташтыруу, аккредитациялоо жана метрологиялык камсыздоо боюнча ыкмаларды жакындатуу жөнүндө расмий тилде тиркелген макулдашуу бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги, Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитети жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги жогоруда аталган Макулдашууну ишке ашырууга компетенттүү жооптуу органдар катары аныкталсын.

3. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Аткаруу комитетине аталган Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылгандыгы жөнүндө кабарласын.

4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри

 

М. Абылгазиев